Мигранттын эл аралык күнү: Чоң коомдук кеңештин жана телекөпүрөнүн жыйналышы, ага Кыргызстан, Россия жана Казакстан катышты

December 23, 2015, 06:00



2015-жылдын 18-декабрында АУЦАнын жаңы кампусунда МИГРАНТТЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ туш келтирген иш-чара болуп өттү: Чоң коомдук кеңештин жыйналышы жана телекөпүрө, ага Кыргызстан, Россия жана Казакстан катышты




Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана «Борбордук Азия аракетте» Өнөктөштүк жарандык платформанын өнөктөрү катышты.


Иш-чаранын максаты тышкы жана ички миграция процесстерин талкуулоодо, ошондой эле чет өлкөдөгү мекендештерибиз менен актуалдуу маалыматты алмашууда болду.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев саламдашуу менен сөз сүйлөп, биздин мигранттарыбыздын укуктарын коргоо Кыргызстан ЕврАзЭСке киргенине карабастан, актуалдуулугунун жоготпогондугун белгиледи. Биз бирдиктүү эмгек рыногун алдык, бул өз кезегинде Россияда жана Казакстанда эмгек миграциясында жүргөн жарандарыбызга преференцияларды жана жеңилдиктерди берет. Азыр КР миграциялык кодекси жагынан иш жүрүп жатат, анда биз өз мигранттарыбызды коргоонун бардык механизмдерин чагылдыргыбыз келет.


«Жыл сайын 80 миңге жакын улан-кыздар Кыргызстандын эмгек рыногунан тышкары чыгат жана 30-50 миңге жакыны ишке орношот. 30 миңге жакыны мекенде иш жоктугунан улам сыртта калат жана эмгек миграциясына кетүүгө аргасыз», - деп айтты ал.


«Эмгек – бул товар, бирок спецификалык товар жана эмгекти уюштуруу мыйзамдуу болушу зарыл. Бул үчүн ишке орноштуруу боюнча жеке агенттикти түзүү жана ишке киргизүү зарыл. Биз болсо Кыргызстандан келген жумушчу күчтүн мыйзамдуу токтомуна уруксат берүүгө лицензияны берүүгө 6-7 россиялык уюмга пландаштырып жатабыз», - деп маалымдады ал.


«Биз соңку жылдардагы миграциялык саясат, атап айтканда, тышкы, эмгек миграциясында жүргөн жарандарыбыздын укугун коргоого багытталганын түшүнүүгө тийишпиз. Бирок бизде ички миграциянын да чоң агымы бар. Бирок биз азыр көрүп жаткандай, миграциянын таасиринин натыйжасында – үй-бүлөлөр бузулуп жатат, социалдык жетимдик өсүүдө жана кала берсе айылдардагы малды бага турган дагы киши жок. Биз жер-жерлерде эмгекке шарттарды, шаарларда өсүш таянычтарын (спутник шаарларды), жарандарыбыз башка жактан акча издегенге караганда, мекенинде жашап жана эмгектенүүнү каалагыдай, өзүнүн үй-бүлөсү менен бир болуп жана балдарын өстүргүдөй шарттарды түзүүгө тийишпиз», - деп айтты Алмазбек Асанбаев.


Миграция чөйрөсүндөгү эксперт Гүлнара Ибраеванын айтымына караганда, эммиграция, иммиграция, ички миграция аспекттеринин бүтүндөй эң маанилүү маселелери боюнча так статистикалык маалыматтардын жоктугу миграцияны башкаруунун натыйжалуулугун жөн гана төмөндөтпөстөн, ошондой эле саясий жана башка манипуляцияларды ыктымалдуу кылат.


Ал Росстаттын маалыматтарына ылайык иммигранттардын курактык жыныстык курамында жаштардын категориясы кала берсе РФдагы миграциянын басымдуулук кылган эмгекке жарамдуу жарандарынын эмгекке жарамдуу курактагы жарандарынан эркектер көбүнчө басымдуулук кылбаганын белгилеп кетүү керек экендигин айтты. Эмгек мигранттарынын демографиялык мүнөздөмөлөрү мигранттарга жеткиликтүү болгон эмгек рыногунун коньюктурасына байланыштуу болот.


«Кызматкерлерди жергиликтүү эмгек рыногуна миңдеген бош орундарды жергиликтүү рынокто таба албаган бурмаланган жумушсуздуктун болушу эммиграциялык жүрүш-туруштун альтернативдүүлүгү жок экендигине шектенүүгө мүмкүндүк берет. Эмгек акынын фактору жөнүндө рационалдуу тыянактар миграциялык жүрүш-турушту түшүндүрө албайт. Бул болсо өлкөдө 65 миңге жакын легалдуу иштеген иммигранттардын болушу менен ырасталат, бул жергиликтүү рыноктун анык эмес мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып турат», - деп белгиледи ал.


ДБнын изилдөөсүнө ылайык, мигранттар ай сайын орточо каражат которуп турушунун статистикасы 50 АКШ долларынан 500-700 АКШ долларына чейинкини түзөт. Буларды пайыздык катыш менен алганда эмгек мигранттарынын көпчүлүк бөлүгүнүн (30%га жакыны) туугандарына ай сайын 50-100 АКШ долларын жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. 13%га жакыны 50 АКШ долларына жакынды жөнөтүп турат жана 14%га жакыны 500 АКШ долларынан ашыкты жөнөтүп турат. Ушуга таянып, эмгек мигранттарынын Кыргызстандын экономикасына инвестиция катарындагы салымы маселеси жагынан маселе жок, анткени бул күн көрүү маселеси.


АУЦАнын Нарын областында жана Лейлек районунда жүргүзгөн изилдөөлөрү акча которуу тургундардын 20%ы үчүн уюшулган күн көрүүнүн башкы булагы болуп санала тургандыгын көрсөтүп турат.


Гүлнара Ибраева мындай деп белгиледи: салыштырмалуу статистиканын деңгээлинде миграциялык көрсөткүчтөрдүн, демографиялык жана экономикалык статистиканын катышында акыйкат ырасталбайт. Тиешелүү түрдө, талдоонун башка түрлөрүн жүргүзүү зарыл. «Эгерде 20 жылдан ашык убакыттын ичинде ушунчалык көптөгөн мифтерди жигердүү изилдөө процесстерди изилдөө жүргөн болсо – анда жашыруундук жана эсепке албагандык көрүнүштөр жагынан латенттик барбы?», - деп өзүнүн сөзүн суроо менен жыйынтыктады.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаеванын сөзү боюнча: «Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандыктар өлкөгө жардам бере турган абалга келди «Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандык диаспоралардын потенциалын картирлөө китебинде (аны бүгүн биз презентациялап жатабыз) мекендештерди социалдык, гуманитардык, эксперттик колдоонун мисалдары келтирилген. Мамлекет чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандыктар менен кызматташууга даярбы, алардын муктаждыктарына жардам берүүгө даярбы? 2015-жылы Фонддун жана «Замандаш» ассоциациясынын көмөгү аркасында КР Өкмөтүнө караштуу Мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш иш баштады, бул иш жаңыдан гана башталды жана КР Мекендештер менен байланыш боюнча жаңыдан түзүлгөн кеңеш чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандык диаспоралык бирикмелер менен байланышты чыңдоого багытталган ишти мындан ары жүзөгө ашырат деп үмүттөнөбүз».


Тюмень шаарынан (РФ) региондук коомдук уюмдун өкүлү Сманова Канзада жер-жерлерде телекөпүрөнүн жана маалымат алмашуунун алкагында бүгүнкү күндө биздин жарандардын маалымдар эместиги негизги көйгөй бойдон калып жаткандыгын айтты. ЕврАзЭСтин алкагында киргизилген жеңилдиктерге карабастан биздин жарандар РФнын аймагында мыйзамсыз жүрүүнү жана эмгек ишин ишке ашырууну улантып жатат. Келечекте бул аларга кыйынчылык туудурушу мүмкүн – алар “кара тизмеге” түшөт же аларды өлкөдөн чыгарып салышат. Көпчүлүгү кийин мекенинде паспортун, аты-жөнүн өзгөртүп жана кайрадан Россияга барууга аракет кылышат, бирок алар РФнын тиешелүү органдарында алардын колдорунун изи бар экенин же алардын бул жердеги эски маалыматтарын аныктоонун көптөгөн башка ыкмалары бар экенин билбейт. Ушунун баары, жүрүп отуруп, биздин жарандар РФнын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айрым мөөнөткө ар кандай мекемелерге бекитип салышы менен аяктоодо.


Ал мамлекеттик түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө калкты маалымдоого зор көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылган. «Келечекте биздин мекендештерибиздин мыйзамдуу түрдө барышын жана мыйзамдуу ишке орношуусун алардын Россияда жүргөн абалы жеңилдетет жана оорчулуктардан арылууга жардам берет», - деп аяктады өзүнүн сөзүн Канзада.


«Форум – театр» иш чарасынын аягында «Миграция» спектакли көрүүчүлөрдүн сынына коюлду: алыскы жерден келген мугалимдин тагдырын Асель көрсөттү, ал кредитти тындыруу үчүн ойдогудай акча табуу үчүн карыган энесин жана 2 жаштагы баласын калтырып, эмгек миграциясына кетет жана алдамчыларга жем болот.