Роза Отунбаева: «Сабырдуу, рационалдуу жашашыбыз керек»
April 8, 2015, 06:00Кыргызстандын мурдакы президенти Роза Отунбаева апрель революциясы аталган окуялардын беш жылдыгынын алдында Би-Би-Сиге маек куруп, кыргыз коомун өткөн окуяларды дүйнө менен салыштырып карап, цивилизацияга жарашкан эл катары рационалдуу болууга чакырды.
Би-Би-Си: Кыргыз эли акыйкат коомду курууну макcат кылып, эки революцияны баштан өткөрүп жиберди. Бүгүнкү коомдук-саясий абалды карап туруп, революция көздөгөн максаттар ушундай эле деп айта аласызбы?
Р. Отунбаева: Өткөн өттү, кеткен кетти. Аны кандай десеңер, ошондой деп сындай бергиле. Бирок карап көргүлө, салыштыргыла. Туниспи, Ливиябы, Сириябы, ал жактагы окуялардын аягы эмне болгонун көрүп атабыз. Украинаны алгыла, беш минден ашык адам өлдү, жүз миңден ашык адам мобилизация болуп, армияга чакырылды. Ошон үчүн сабырдуулук кылып, цивилизацияга жарашкан эл катары рационалдуу болуп жашашыбыз керек.
Революция сөзсүз болду. Адамдардын ички ою, мүдөөсү ошондой болду. Бирок ички объективдүү дагы шарттар болушу керек экен да. Бир заматта эле баарын өзгөртө албайбыз да. Бирок мен бир кылым иштеш керек деп аткан жокмун.
Бүгүн парламенттик башкаруу эмнени берип жатат бизге? Парламент - бул чек коюу, баланс. Парламент аткаруу бийлигин текшерип көзөмөлдөп жатат. Аткаруу бийлиги колунан келген ишти аткарып атат. Анын колунан келбеген ишти президент өзү жасашка аргасыз болууда.
Мына бүгүн айтып атышат, баягы эле президенттик башкарууга кайра өтүп кетип атабыз деп. Президент, эмне карап отуруш керекпи экономика такыр жок болуп кеткичекти? Бийликтин үч бутагынын ортосундагы чекти, балансты катуу кармаш керек экен. Эч кандай жылчык калбашы керек экен. Бирок бийлик биринен-бирине тартылып турат экен да. Парламент жасабаган ишти аткаруу бийлиги жасайт экен. Аткаруу бийлиги жасабаса, элдин кызыкчылыгы үчүн үчүнчү бийлик бутагы жасайт экен. Биз азыр мунун баарын үйрөнүп жатабыз. Тарыхта беш жыл деген мөөнөт эмне? Абдан аз убакыт. Бакиевдер эмне кылышты беш жыл ичинде, чөнтөктөрүнө гана салып, алкымына гана тыгып жатышты.
Би-Би-Си: Кыргызстан азыр жакшы үмүт менен Бажы биримдигине, Евразия экономикалык биримдигине кирип жатат. Ошол эле учурда бул интеграциялык процесс эгемендиктен баш тартуу дегендикке жатат деп элдин бир бөлүгү каршы чыгууда. Ушул каршылык күчөп кетпесин үчүн бийлик кандай чара көрүш керек?
Р. Отунбаева: Мына мен жаңы эле Европалык Союздун өкүлдөрү менен жолугушууларга барып келатам. Абдан чоң деңгээлдеги адамдар менен да жолуктум. Европадагы өлкөлөр биримдикке кирип жатканда өздөрүнүн суверенитетин берип эле коюшпадыбы. Көп маселелерди өздөрү чече албайт. Эч ким нааразы болбой эле баары Европалык Союздун алкагында иштеп жатышат.
Кеп өзүбүздүн элибиздин экономикалык турмуш деңгээлин көтөрүштө болуп жатпайбы. Бая күнү бир ишкер айтып калды, ушул кийизден тапичке тиккенден башка Кыргызстан дагы эмне чыгара алат деп. Биз ушул жөнүндө ойлонушубуз керек. Биз кийиз менен шырдактарды эле жасай турган өлкө болуп кала беребизби. Биз өндүрүшкө өтүшүбүз керек.
Мына биз элди демократияга көндүргөн менен бир да кенди иштете албай отурабыз. Таласта Жерүй кенин тийбегиле деп жатышат. Ушинтип эле мал багып жан сактап жүрө беребиз деп. Андай болсо Кыргызстанда эч качан өндүрүш өнүкпөйт.
Казакстанда экологиялык маселе жокпу? Бар, толуп жатат. Бирок алардын эли мамлекет өндүрүш менен өнүгө аларын түшүнүп жатат. Айтор, Евразия экономикалык союзуна кошулганды мен туура деп табам. Ага оппозиция болуп каршы чыгып жаткандар бар. Алар өздөрүнүн коркунучун айтып жатышат, балким анын да жүйөөсү бар.
Би-Би-Си: 2010-жылдакы революциядан көп өтпөй өлкөнүн түштүгүндө улут аралык кандуу тополоң чыгып кетпедиби. Эл аралык жана жергиликтүү эксперттер алдын ала эскертүүлөр болгонуна карабастан өз учурунда чара көрүлбөй калды деп айтып келатышат. Азыркы күндүн дурбүсүнөн караганда ошол учурда тополоң окуялардын алдын алууга чара көрүүгө мүмкүн беле?
Р. Отунбаева: Бул оңой суроо эмес. Ар кандай ойлор, пикирлер айтылып жатат. Төрт тарабызда тең болуп жатты ошондо ар кандай жүрүштөр, окуялар. Мына жаныбызда Түлеевдин кишилери Ак үйдүн алдын келип демонстрация жасап атышты. Таласта өзүнчө, Нарында өзүнчө окуялар болду. Ошто генерал Исаковдун колунда мандаты толук бар болчу. Кандай чара көрсө, ошол кишинин колунда болчу баары. Апрель, май - эки ай да болгон жок революциядан кийин, жанагындай тополоң чыгып кетти.
Балким, кандайдыр бир алдын алуу чараларын ошол жерде кабыл алса болот эле. Бирок эки элдин ортосундагы карама-каршылык да өтө күчтүү болуп турган кез экен. Муну тынчытып басканга күч да жок болчу. Кагышылууларды басып, касташкан элди эки жакка ажыратканга резина таяктар, көз бууган газ каражаттары да, эчтекебиз жок болчу. Чынында мындай иштерде биздин тажрыйбабыз да жок экен, көрсө. Бул капыстан болчу табигый кырсыкка барабар болду да. Анын баарына биздин күчүбүз жеткен жок.