Эми Сиздер Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» китебин кыргыз тилинде окуй аласыздар

April 3, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду кенже курактагы балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү боюнча бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон «Үч жаштан кийин кеч» бестселлерин кыргыз тилине которууну жана чыгарууну уюштурду, анын автору болуп Масару Ибука – «Сони» корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири саналат.


КР экс-президенти Роза Отунбаеванын демилгеси боюнча китепти которууга Масару Ибуканын небересинен уруксат алынды, ал эми кыргыз тилине которууну Фонддун «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков ишке ашырды. 


Китепке кириш сөздү КР экс-президенти Р.И. Отунбаева жазды:


Урматтуу окурман, ата-эне, бүгүн биз сиздер менен дагы бир жакшы саамалалык аркылуу кездешип отурабыз. Дүйнөгө белгилүү Сони корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири гениалдуу инженер, жапон атуулу Масару Ибуканын ушул китебин кыргыз тилине которуп, сиздерге тартуулоо, мен үчүн бир чети сыймык болсо экинчиден кайрылуу, балдар темасына көңүлүңүздөрдү бурдуруу.


Мындай дүйнөлүк алкактагы ири менеджер, ири корпорациянын негиздөөчүсү эмне себептен кичинекей балдар үчүн китеп жазды? Инженер болуп туруп балдарга билим берүү жана тарбиялоо маселесине эмне себептен кызыкты? - деген суроолорду өзүбүзгө берсек. Бул таңгалычтуу деле эмес экен. Адам ресурсуна, алардын билимине, тарбиясына жана эмгекчилдигине таянуу менен гана ийгиликке жетсе боло тургандыгын ал жакшы түшүнгөн. Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере турган алдыңкы ишкананын кызматкери кандай сапаттарга ээ болуусу керек, балдарды тарбиялоо канча жаштан башталат деген суроолордун үстүндө ойлонгон. Жыйынтыгында акыркы эки кылымдан бери Жапония жаратылыш ресурстарынын чектелгендигине карабастан дүйнө жүзүндөгү эн алдыңкы экономиканы куруп, жашоо стандарттары боюнча өтө жогорку деңгээлге чыга алды. 1947 – жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан такыр талкаланган өлкөдө өнөктөштөрү менен биргеликте болгону 700 доллар менен гана Сони фирмасын негиздеген. Азыр модернизациялануу доорун басып өткөн, илимий-техникалык жактан дүркүрөп өскөн Жапония, күжүрмөн, талыкпаган иненерлердин, адистердин, жумушчулардын эмгегине таянат.

Жаш курактагы балдарды тараптуу өнүктүрүүнүн өтө зарыл экендигин алдыңкы өлкөлөр XX кылымдын 70 жылдарында түшүнө баштаган. Бул багытта бир топ изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын ичинде Нобель сыйлыгынын ээси экономист Джеймс Хекман: Адамдардын ортосундагы жөндөмдүүлүктөрү кенже куракта пайда боло тургандыгын, алар менен системалуу иштөөнү канчалык эрте баштасак ошончолук майнаптуу боло тургандыгын белгилеген. Ал тургай ал экономикалык эсептөөлөрдү жасап, мектеп жашына чейинки балдарга жумшалган 1 доллардын кайтарымы 7-8 доллардан кем болбой тургандыгын эсептеп чыккан. Башка сөз менен айтканда билим берүү системасынын каржылоо биздин өлкөдө пирамиданын учунда тургандыгын белгилеп, кенже курактагы балдарга каражатты максималдуу жумшоо зарыл экендигин экономикалык тил менен түшүндүрүп берген. Азыркы күндө өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү дал ушул нукта өнүгүүдө.


Совет системасы кыйрап, завод фабрикалар жабылуунун астында балдардын 30% ы бала бакчага барса, азыркы учурда анын жарымынан төмөн түшүп кеткенине күбө болуудабыз. Ар кыл формадагы бала бакчалардын жетиштей жаткандыгы – ачуу чындык. Мектепке барганда окуганды үйрөнүп, билим алат, ага чейин ойноп, телевизор көрүп алсын деген пикир коомдо кеңири жайылган. Андан тышкары жакшоонун кыйынчылыктарына шылтоолоп, балдардын тарбиясына жана өсүп өнүгүүсүнө анча маани бере беришпейт. Жыйынтыгында кенже курактагы балдардын мектепке даярдыгы начар болуп, сабакты өздөштүрүүдө кыйналышат. Ушул сыяктуу себептерден улам, балдар мектепти араң бүтүрүшөт. Жакынкы жана алыскы өлкөлөргө барып иштеген биздин балдарыбыздын дээрлик көпчүлүгү кара жумуштарда иштешип, ал өлкөлөрдөгү төмөнкү квалификациалуу адистерден болуп калууда. Ошондуктан Кыргызстандын билим берүү системасынын бир багытын өнүктүрүүнү максат кылдык. Кенже курактагы балдардын өнүгүүсү – өтө маанилүү багыттардын бири. Өлкөбүздүн келечеги азыркы кенже курактагы балдардын колунда. Балдардын өтө тез өсө тургандыгын Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган жылдарда төрөлгөн балдардын кантип өскөнүн байкабай калгандыгыбызды мисал катары келтирсек болот.


Масару Ибука мазмунду эмес, тарбия жолдорун өзгөртүүнү сунуштайт. Чоң кишилер кыйындык менен үйрөнгөн нерселерди балдар ойноп атып эле үйрөнүп ала тургандыгын ишенимдүү мисалдардын негизинде көрсөтүп жатат. Адам баласын нерв клеткалары үч жашка чейин эң активдүү өнүгүп, 70-80 % га дейре калыптанат. Бул курак, бала бардыгын билгиси келип, мээси гүлдөй болуп ачылып, ата-энесине миң түркүн суроолорду берген мезгил болуп саналат. АКШ нын окумуштуулары эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен бир-эки жашка чыккан балдардын дыкат изилдөөнүн негизинде, ошол куракта чет-тилдерин оңой эле үйрөнүп ала тургандыктарын далилдешти. Менин өз неберем 2 жашка чыккандан тартып, 40-50 мамлекеттердин желектерин жатка айтып, айырмалай алгандыгы Ибуканын тапкандарынын туура экендигин дагы бир жолу далилдеп турат.


Кенже балдарды окутуу дегендик – бул үч жашка чейинки балдарга окуганды, санаганды үйрөтүү эмес! Айлана-чөйрөдөгү негизги түшүнүктөрдү жалпы эле чөп, тал-терек, жемиш-мөмөлөр деп койбостон алардын аталыштарын так атап, кичинесинен үйрөнүп алса, өмүр бою керек болот. Музыка, бий, ритмикалык ыргактар, дене тарбиясы, талазалык, туура тамактануу сыяктуу көндүмдөрдү балдар кенже курактагы мезгилден баштап үйрөнүүлөрү абзел. Андан тышкары бөбөктөргө өмүр бою кызмат кыла турган зарыл, маанилүү сапаттар - башка балдар менен тил табыша алуу, баарлашуу, конфликтик жагдайларды жайгара билүү, өз кыймыл аракеттерин акырындап талдай алуу, оң жана терс көрүнүштөрдү ажырата билүүсү алардын инсандык калыптанышына түртү болуп, ийгиликтерге жетүүмүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. “Балапан уядан эмнени көрсө учканда ошону алат” – деп эл сөзүндө айтылгандай, кыргыз элинин миңдеген жылдардагы тажрыйбасы муну ачык айгинелейт.


Масару Ибуканын уулу Макото Ибука мырза бул китепти кыргыз тилдүү окурмандарга которуп сунуштообузга өз макулдугун Жапониядагы биздин элчибиз Молдагазиев Рысбек мырзага, Эл Аралык Пен клубунун катчысы Хори Такеяки мырзага бергендиги үчүн чоң ыраазычылык айтабыз. Бул көңүлдүү, мээримдүү, жеткиликтүү тилде жазылган китепти адис-педагог, фондубуздун кызматкери Жоодонбеков Асылбек которгондугун, белгилеп кетмекчимин.


Урматтуу ата-эне бул китепти окуп эле тим болбостон, анда айтылгандардын үстүндө ойлонуп, балдарды тарбиялоодо колдоносуз деген терең ишеничтемин. Жер-жерлерде бири-бириңиздер менен ой бөлүшүп, талкууга алсаңыздар китептин маанилүүлүгү, таасири жогорулайт. Кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө ар бирибиз өз салымыбызды кошуп, бул багытта жигердүү аракеттенишибиз өтө зарыл экендигин дагы бир жолу баса белгилейм.


Бул китеп, эмне себептен үч жаштан кийин кеч деп аталган? Жапонияда кенже курактагы балардын 15 пайызы коомдук же бюджеттик ал эми 80 пайызы жеке менчик бала бакчаларга барышат. Мектепке чейинки мекемелердин калыптануусу 150 жылдык тарыхты артка калтырган. Балдар бала бакчаларга үч жаштан баштап тартылат. Ал эми Улуу Британияда балдар 4 жаштан баштап мектепке бара башташат. Демек бул китептин мазмуну балдар бала бакчага барганга чейин ата-эне аларды жакындан таанып билип, жөндөмдүүлүктөрүн ачуусусуна, толук кандуу өнүктүрүүсүнө арналган. Үч жашка чейин бала үчүн зарыл сапаттарды үйрөтүүгө үлгүрүп калыңыз. Үч жаштан кийин кеч болуп калат.

Роза Отунбаева,

Кыргыз Республикасынын экс-президенти,

“Роза Отунбаеванын демилгеси”

эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү



Эми Сиздер Масару Ибуканын китебин кыргыз тилинде электрондук версияда окуй аласыздар.


Бул мыкты китепти жазып алыңыздар, окуңуздар жана колдонуңуздар.


ЖАЗЫП АЛУУ.