«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2013-жылдын 2-8-декабрында «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрүшү жөнүндө жобо

November 21, 2013, 06:00



Жалпы жоболор


Мектепте жана үй-бүлөдө китеп окуу өнүктүрүү жана тарбиялоо процесстеринин ажыралгыс бөлүгү болуп саналат. Эреже катары, эгерде адам бала кезинде окурман болбосо, кийин ал эч качан окурман боло албайт. Китепте болуп жаткан окуяларга аралашып толкундоонун, окуяларды бирге башынан өткөрүүнүн мыкты жагдайы зор роль ойнойт. Азыркы жалпыга маалымдоо каражаттарына – видеого, телекөрсөтүүгө жана компьютерге карабастан, мындай жагдайды азыр да түзүүгө болот.


Эгерде биз балдарыбыз китеп окусун десек, алардын жанында китеп окуган чоң киши болушу зарыл. Эгерде биз, чоң кишилер, өзүбүз канааттануу менен китеп окусак, цитаталарды келтирсек, күлсөк, жаттасак же качандыр бир кезде жаттап алган үзүндүлөрдү эстесек, окугандарыбыз боюнча ой бөлүшсөк, ал эми балдар буларды көрүп турса, алар да көркөмдөп, эмоция менен, кошо кейип-кепчип, жан-дили менен окууну каалап калат. Биз бала кезде Чуковскийдин, Маршактын, Диккенстин китептерин, даанышман кыргыз жомокторун, дүйнө элдеринин жомокторун жана, албетте, Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуу менен, алардан пайдалуу көп нерселерди алдык. Андыктан, эгерде биздин балдарыбыз жайнаган китептерди карабай, аларга көңүлкош болсо, бул биз үчүн кечиримсиз. Алардын балалыгы – биздин күнөөбүздөн улам анчалык кооз жана эмоциялуу болбойт, алардын ички дүйнөсү алда канча тар болот, алардын тили, сабаттуулугу начар өнүгөт. Улуу педагог В. А. Сухомлинский чыгармачыл иштен келип чыккан шыктануу болгондо гана китеп окууга кызыгуу пайда болот деп өтө так белгилеген.


Дал ушул себептен улам «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Балдарга китеп окуп берген жылдыздар» долбоорунун жүзөгө ашырып жатат. Биздин жылдыздарыбыз – булар билимдүү, таанымал, кадыр-барктуу адамдар. «Жылдыздар» долбоорунун алкагында биз үстүбүздөгү жылдын 2–8-декабрында улуу классиктин мааракесинин алдында «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрөбүз.


Бул акциянын максаттары, милдеттери – кенже класстардын балдарында, өспүрүмдөрдө, жаштарда Ч.Айтматовдун чыгармаларын окууга кызыгууну ойготуу, китеп окуу маданиятын, китеп окууга көнүмүш адатты калыптандыруу. Жылдыздар, балдардын өздөрү Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуусу аркылуу аларга текстке чыгармачыл, кунт коюп мамиле кылууну каныктыруу, балдар талдоо жүргүзүшүнө, туура ой жүгүртүшүнө, талашып-тартышуусуна, окуяларды бирге башынан өткөрүшүнө, анын чыгармачылыгындагы жаңы өңүттөрдү ачышына көмөктөшүү. «Айтматовду окуйбуз» жумалыгы – улуу жазуучубуздун мааракесинин алдында анын элесине дагы бир жолу таазим этүү.


Өткөрүү убактысы жана орду: «Айтматовду окуйбуз» жумалыгы үстүбүздөгү жылдын 2–8-декабрында Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча ар кандай балдар аянтчаларында – мектептерде, китепканаларда, музейлерде, ооруканаларда, айылдык клубдарда жана башка жерлерде өтөт.


Уюштуруучулар жана өнөктөр: «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, МФГС, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Орус тили мугалимдеринин ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан калкынын Ассоциациясы, китепканалар, музейлер, КТРК, «Достук», «Мир» радиосу, Роскызматташтык, КР Жазуучулар союзу жана өлкөнүн башка чыгармачыл бирикмелери.


 

Акцияны уюштуруу жана өткөрүү шарттары


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Айтматовду окуйбуз» акциясына кошулгандардын бардыгына – мугалимдерге, класстан тышкаркы ишти уюштуруучуларга, педагогдорго, китепканачыларга жана башка таламдаш адамдарга аны өткөрүүдө консультациялык, усулдук жардам көрсөтөт.


Китеп окуу менен катар, анын чыгармаларынан театралдаштырылган инсценировкалар, «Айтматовду окуйбуз» иш-чараларынын ар кандай маалымат булактарындагы жазуулары, аны өткөрүү жөнүндө кыскача чыгармачыл отчет жана бул материалдарды байланыштын электрондук каналдары аркылуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун www.roza.kg сайтына же office@roza.kg; adaisken@yahoo.com электрондук почтасы боюнча жөнөтүү кубатталат.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондуна төмөнкүдөй телефондор аркылуу кайрылууга болот: + 996 312 66-03-82, 66-03-84