Резюмени тандоого катышууга чакыруу

September 17, 2020, 23:05

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) – бул коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюм, ал өлкөнүн социалдык, саясий, экономикалык өнүгүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга салым кошууга кудуреттүү болгон программаларды жана долбоорлорду демилгелөө жана жүргүзүү максатында 2012-жылдын январында түзүлгөн.

Фонд ошондой эле басылма ишин жигердүү жүргүзөт, ал балдар жана жаштар арасында дүйнөлүк жана улуттук адабиятты даңазалагандыгы үчүн таанылды.


Фонд жөнүндө алда канча кең-кесири маалыматты www.roza.kg сайтынан алууга болот.


Фонд китептерди чыгаруу боюнча программаларды ишке ашыруунун алкагында Фонддун базасына киргизүү үчүн жогорку квалификациялуу котормочулардын резюмесин берүүнү өтүнөт. Алдын ала тандоодон (минималдуу квалификациялык талаптар) өткөн талапкерлер котормо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн базага киргизилет.


Төмөнкүдөй тематикалар боюнча көркөм адабиятты басып чыгаруу үчүн котормочулардын базасы түзүлүп жатат:

·        Балдар үчүн адабият (балдар китептери, жомоктор, аңгемелер ж.б.)

·        Өмүрү өрнөк адамдар (дүйнөлүк мамлекеттик ишмерлер жөнүндө китептер)


Тилдин төмөнкүдөй багыттары боюнча котормочулардын базасы түзүлүп жатат:

1.     Англис – Кыргыз

2.     Орус – Кыргыз

3.     Француз – Кыргыз

4.     Япон – Кыргыз

5.     Кытай – Кыргыз

6.     Немец – Кыргыз

7.     Англис – Орус


Минималдуу квалификациялык талаптар

1.     Көркөм адабиятты тилден жазуу жүзүндө которуунун кеминде 5 жылдык стажы

2.     Бир же бир нече чет тилди мыкты билүү

3.     Кыргыз тилин мыкты билүү

4.     Түп нусканын тилиндеги, ошондой эле которулуп жаткан тилдеги атайын терминологияны жакшы билүү

5.     Адабиятты терең билүү жана адабиятты редакциялоо жөндөмүнүн болушу

6.     Мамлекеттик башкаруу жагынан терең билимдер

7.     Тилдик топтордун өзгөчөлүктөрүн жакшы билүү

8.     Талдоо ой жүгүртүүсүнүн жогорку деңгээли

9.     Зор көлөмдөгү маалыматты сактоо жөндөмү

10. Которулган китептердин жана макалалардын болушу


Документтерди берүү тартиби

Талапкерлерге «Фонддун котормочуларынын маалымат базасы» белгиси менен жана каттын текстинде тандалган тематиканы жана тилдин багытын сөзсүз көрсөтүү менен office@roza.kg э-дареги боюнча арыз берүү сунуш кылынат.


Арыздар 2020-жылдын 25-сентябрына саат 14.00гө чейин жөнөтүлүүгө тийиш.


Кызыкдар адамдар өзүнүн квалификациясын айгинелөө үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш:

·        Жеке резюмени, анын ичинде ушундай долбоорлордогу мурдагы тажрыйбаны

·        Мурда которулган материалдарды электрондук түрдө (көркөм китептер, макалалар ж.б.)


Макулдашуу

Ийгиликтүү талапкерлер Фонддун котормочуларынын базасына киргизилет. База жылына бир жолу жаңыланып турат.


Ишке тартуунун кийинки жол-жобосу кызмат көрсөтүүлөргө зарылчылык келип чыгышына жараша:

·        кеминде беш квалификациялуу котормочуну тандоо үчүн база боюнча айрым тематикадагы жана тилдин багытындагы котормочуларды издөө;

·        3-5 жумушчу күндүн ичинде текшерүү тапшырмасын аткаруу (китептин фрагментин которуу) үчүн ТЗ менен таанышууга жана финансылык сунушту көрсөтүүгө тандалган котормочуларга суроо-талап;

·        сунуштарды редакциялык комиссиянын карап чыгышы;

·        котормочуну мыкты сапаттагы котормонун негизинде тандоо;

·        жеке контрактты тариздөө.

 

Базага киргизүү Фонд менен контрактты кепилдик кылбай тургандыгына сиздин көңүлүңүздү бурабыз.