Музыка – элдин жан-дүйнөсү

2015-жылы ЮНЕСКО менен ПРООНдун «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» деген долбоору ишке ашырылды, ал Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө Кыргызстандын этносторунун музыкалык маданиятын сунуш кылды. Музыкалык аспаптар жана алардын үнүнүн чыгышы, бийлер жана салттуу кийим, ырлар жана алардын котормосу, ошондой эле уйгурлардын, азербайжандардын, түрктөрдүн, тажиктердин, татарлардын, орустардын музыкалык салттары. Бишкек шаарынын жаңы турак-жай конуштарындагы орто мектептердин окуучулары, шаардыктар, борбордун меймандары, эл аралык корпустун өкүлдөрү концерттердин көрүүчүлөрү болуп калды. Долбоор ЖМКда кеңири чагылдырылды. Улуттук консерваториянын базасында Кыргызстандын этносторунун музыкалык маданиятын билдирген 12 концерт өткөрүлдү. Музыкалык аспаптар жана алардын үнүнүн чыгышы, бийлер жана салттуу кийим, ырлар жана алардын котормосу, корейлердин, Түндүк Кавказ элдеринин, дунгандардын, казактардын, уйгурлардын, өзбектердин, азербайжандардын, түрктөрдүн, тажиктердин, татарлардын, орустардын, украиндердин музыкалык салттары. Бишкек шаарынын жаңы турак-жай конуштарындагы мектептердин окуучулары, шаардыктар, меймандар, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү көрүүчүлөр болуп калды. ЮНСЕКОнун жана ПРООНдун КРдагы долбоорунун алкагында концерт-презентациялардын жыйынтыктары боюнча «Менин досторума мейманга» китеби кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыкты. Китеп анын башкы каарманы Бекжан деген баланын жана анын досторунун мисалында Кыргызстандын этносторунун маданияты жана салттары жөнүндө айтып берет. Өнөктөр: ПРООН, ЮНЕСКОнун иштери боюнча КРнын Улуттук комиссиясы, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы, Кыргызстан калкынын Ассамблеясы.

Долбоордун максаттары:

КР этносторунун музыкалык салттары аркылуу маданий ар түрдүүлүктү жана маданияттар аралык диалогду алга илгерилетүү.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто