Балдар Филармониясы

Лекция менен коштолгон классикалык музыканын жана бийдин концерттеринин сериясын камтыган үй-бүлөлүк маданий-билим берүүчү эс алуунун бишкектиктерге жагып калган форматы. 2016-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук филармония менен бирдикте «Балдар филармониясы» долбоорун ишке киргизди. Балдар филармониясы балдардын эс алуу булактарынын бири болуп калды жана музыка өнөрүнө балдарды аралаштырып гана тим болбостон, ошондой эле лекция, презентация, мастер-класс, оркестрлердин репетицияларына катышуу жана Кыргызстандын белгилүү музыканттары менен баарлашуу түрүндө концерттерди өткөрүүнүн жаңы формалары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Жолугушуулардын программалары мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен жана балдардын жа на өспүрүмдөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыкты жана дайыма өтүп турат. Улуттук филармониянын базасында ай сайын борбордун 6000ден ашык баласын камтуу менен 26 концерт өткөрүлдү. Өнөктөр: Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония, А.Малдыбаев атындагы Улуттук Консерватория, Нур Өмүрбаевдин башкаруусу астындагы Улуттук камералык филармониялык оркестр, М.Абдраев атындагы Музыкалык мектеп-интернаттын Жаштар оркестри, Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык оркестри ж.б.

Долбоордун максаттары:

Балдарда, өспүрүмдөрдө жана жаштарда музыкалык билимдерди жана компетенцияларды калыптандыруу, алардын инсандык өсүшүнө жана музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө көмөктөшүүчү эстетикалык табитти өнүктүрүү.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто