Бешик ырлары

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы жана «Кыргыз Радиосу» радиосу мыкты бешик ырына «Бешик ыры» жалпы республикалык конкурсту өткөрдү. Конкурс 2017-жылдын 7-июнунан тартып 1-ноябрына чейин өткөрүлдү. Конкурстун талаптары төмөнкүдөй компоненттер болду: Ырдын мазмуну жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылуучу баланы жакшы көрүүнү билдирүү жөнүндө болууга жана наристени сооротууга жана уйкуга даярдоого багытталууга тийиш. Мында аткаруучунун жагымдуу жана мукам тембри өтө маанилүү критерий болуп саналат. Ырдын көлөмү 3 куплеттен ашык эмес болууга жана аспаптар менен коштолбоого тийиш. Конкурска салттуу (элдик), ошондой эле азыркы учурдагы бешик ырларын аткаруучу чыгармачыл инсандар жана энелер, чоң энелер катыша алды, башкача айтканда, конкурска салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары кабыл алынды. Жыйынтыгында конкурска 43 конкурсант катышты. Калыстар тобу 15 мыкты ишти аныктады. Мыкты чыгармаларды Фонд конкурсанттардын жана кесипкөй аткаруучулардын өздөрүнүн аткаруусунда компакт-дискаларга жазып алды.

Долбоордун максаттары:

Конкурстун максаты салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү болду.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто