Айымдар техникада жана илимде

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорун ишке ашырып жатат, ал кыздарды илим жана жаңы технологиялар менен алектенүүгө шыктандырууга, аларды инженердик жана техникалык адистиктерге тартууга багытталган. Долбоор жаш адистердин, техникалык ЖОЖдордун студент кыздарынын жана жогорку класстарда окуган кыздардын потенциалын күчөтүү жана инновациялык технологияларды алга илгерилетүүгө жигердүү катышуу, алардын билимдерин жана таланттарын толук ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында демилгелердин комплексин карайт. Кыргызстандын 5 областында табигый-техникалык сабактар боюнча кышкы мектептер өткөрүлдү, аларда жогорку класстагы 194 окуучу кыз жана 110 мугалим аял окутулду. Долбоордун максаты жаш адистердин, техникалык ЖОЖдордун студент кыздарынын жана жогорку класстарда окуган кыздардын потенциалын күчөтүү жана инновациялык технологияларды алга илгерилетүүгө жигердүү катышуу, алардын билимдерин жана таланттарын толук ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле кыздарды илим жана жаңы технологиялар менен алектенүүгө шыктандыруу, аларды инженердик жана техникалык адистиктерге тартуу болуп саналат. Долбоор төмөнкүдөй үч компоненттен турат: • Маалыматтык технологиялар, өнөр жай, биотехнология, айыл чарбасы, пайдалуу кендерди казып алуу жана геологиялык чалгындоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экинчи жолку чийки затты кайра иштетүү, климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптациялоо жана башка чөйрөлөрүндө инновациялык долбоорлорду көрсөтүү, ошондой эле киргизүү аркылуу кыз-келиндердин илимий-техникалык, инженердик потенциалын колдоо жана стимулдаштыруу. • Лидерлик, коммуникативдик жөндөмдөр, техникалык англис тили, МКТ жана «СТЕМдеги айымдар» кесиптик тармагын түзүү боюнча тренингдердин сериясы аркылуу мансап жагынан өсүүгө көмөктөшүү. Окутуу жана тармакка катышуу достук мамилелерди түзүүгө, тажрыйба жана билим алмашууга, техникалык адистиктер жана МКТ чөйрөсүндө кесиптик өсүш үчүн шыктанууну арттырууга жардам берет. • Долбоордун катышуучулары иштеп чыккан жана аткарган инновациялык демилгелер, техникалык чөйрөдө жана МКТ жагында чет өлкөлөрдө жүргөн мекендеш айымдардын жетишкен ийгиликтери жөнүндө кеңири маалыматтык кампания аркылуу SТЕМ коомчулугунун маалымдар болушун арттыруу. Бул кампания техникалык чөйрөдөгү жана МКТдагы айымдардын ролу жана орду жөнүндө коомдук пикирди өзгөртүүгө багытталат.

Долбоордун максаттары:

STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто