Ынтымактуу конуштар
2018-жылдын майынан тартып 2019-жылдын августуна чейин Фонд Бишкек шаарынын 10 турак-жай конушунда тынчтыкты чыңдоо жана социалдык оорчулукту төмөндөтүү боюнча долбоорду ишке ашырды. Фонддун долбоорунун алкагында турак-жай конуштарындагы балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык органдардын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт. Долбоор ошондой эле турак-жай конуштарын ар тараптан өнүктүрүүгө түрткү берүүчү чечимдерди кабыл алуу процесстерине натыйжалуу катышуу үчүн аялдардын жана кыздардын потенциалын жогорулатууга жана лидерлигин күчөтүүгө көмөктөшөт. Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын жана БУУнун үч агенттигинин – ЮНФПАнын (БУУнун Калк боюнча фонду), ЮНИСЕФтин (БУУнун Балдар Фонду) жана БУУ БКБнын (БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы) кызматташтыгы менен БУУнун биргелешкен долбоорунун алкагында аткарылат. Долбоор БУУнун Тынчтыкты жаратуу фонду тарабынан финансыланат. Долбоор боюнча иш-чаралар Бишкек шаарынын 10 пилоттук турак-жай конушунда жүргүзүлдү. Максаттуу топтор: • Жаштар лидерлери (ЖЛ). Тандоо критерийлери: курагы (18-30 жаш); турак-жай конушунун турмушундагы жигердүүлүк; тургундардын арасындагы кадыр-барк; долбоорго катышуу ниети • ЖӨБО – МТУ, кварталдык комитеттер. РМА, БГК менен кызматташтык, • Коомдук ден соолук комитеттери (КДК) • Үй-бүлөлүк врачтар тобу (ҮВТ). Ушул долбоордун алкагында Фонддун иши төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылды: 1. Жаштар лидерлигин алга илгерилетүү Бул багыттын максаты коомдоштукта бейпилдиктин жана ынтымактын дөөлөттөрүн алга илгерилетүү жана 10 пилоттук турак-жай конушунда социалдык оорчулукту төмөндөтүү үчүн жаштар топторунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Алгачкы этапта 10 турак-жай конушунун ар биринде лидерлик жана ыктыярдуу демилгелер боюнча окутуудан өткөн жигердүү улан-кыздардын топтору мобилизацияланган болчу. Окутуудан өткөн, лидер кыздар башчылык кылган жаштар топтору өз коомдоштуктарында тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо үчүн маанилүү шарттар катарында теңдештик жана социалдык адилеттүүлүк идеяларын алга илгерилетүү үчүн өздөрүнүн турак-жай конуштарында ыктыярдуулук иштерди аткаруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Тынчтык идеялары спорттук демилгелерди ишке ашыруу аркылуу алга илгерилетилет. Лидерлердин алдында турган маанилүү милдеттердин бири болуп коомдоштуктун эң аялуу үй-бүлөлөрүндөгү жаштарды тартуу саналат. Буга чейин коомдоштуктун коомдук турмушуна эч качан катышпаган улан-кыздар кандай көйгөйлөр алда канча артыкчылыктуу болуп санала тургандыгы жана аларды кантип чечүүгө боло тургандыгы жагынан өз пикирин айтуу мүмкүнчүлүгүн алды. Талкуулоо аркылуу жаштар топтору бир нече артыкчылыктуу милдеттерди аныктады, Жаштар программасын иштеп чыкты жана долбоордун алкагында уюштурулган гранттар конкурсуна катышуу үчүн долбоордук табыштамаларды даярдады. Натыйжада пилоттук турак-жай конуштарында жалпы суммасы 4 млн. 834 миң 801 сом болгон 10 жаштар демилгелери финансыланды. Мисалы төмөнкүлөр: балдар спорттук аянтчалары, универсалдуу спорттук аянтчалар, аянтчанын воркауту, спорттук залды оңдоо, спорттук тренажерлорду сатып алуу, мобилдүү сахна, музыкалык жабдуу, компьютерлер, экран жана офистик жабдуу. «Ынтымактуу Конуштар» деген жалпы аталыштагы спартакиада пилоттук турак-жай конуштарынын 970 тургунунун катышуусу менен апрель-майда өткөрүлдү. 398 адамдан (133 кыз-келин, 265 жигит жана чоң киши) турган командалар волейбол, футбол, дене тарбия нормативдерин тапшыруу жана аркан тартыш боюнча тандоочу жана финалдык оюндардын сериясына катышты. Жаштар лидерлери Спартакиаданын оюндарына жана анын ачылыш жана жабылыш аземдерине жигердүү катышуу үчүн турак-жай конуштарынын тургундарын мобилизациялоо үчүн жооптуу болду. Ошондой эле мээге чабуул жасоо аркылуу, турак-жай конуштарынын бейпилдигине, ынтымагына жана биримдигине чакырган спорт аркылуу алар лозунгдарды жана «кричалкаларды» түздү. Бул лозунгдар оюндардын учурунда колдонулду. Бүтүндөй алганда, Спартакиаданын иш-чаралары турак-жай конуштарынын тургундарынын арасында баш кошкондукка жана биримдикке түрткү болду. Бул иш-чара ошондой эле турак-жай конуштарынын тургундарынын жаштар лидерлерин таануунун ырастоосу болуп калды, алар тургундарды колдоду жана спартакиадага жигердүү катышты. Теңдештик жана зомбулукту колдонбоо идеялары Спартакиаданын бардык иш-чараларында алга илгерилетилди жана биримдиктин жалпы рухунун таасири астында – тынчтык, ынтымак, теңдештик лозунгдары өзгөчө таасирге ээ болду – мисалы, оюндардын талаш учурларында катышуучулар өздөрү тынчтык жана ынтымак лозунгунун астында аракеттенип жатканын – ошондуктан Спартакиаданын максатын урматтап талаштарды тынчтык жол менен чечүү керектигин бири-биринин эсине салып турду. Спартакиада катышууга кыздарды шыктандыруу жана ролдук моделдер, мисалы, шахмат боюнча Азиянын жана Кыргызстандын үч жолку чемпиону Айжан Сьездбекова аркылуу мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдар болууну арттыруу үчүн мыкты өбөлгө болуп калды. «Ынтымактуу Конуштар» Спартакиадасы – Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери белгилегендей, ушундай түрдөгү демилге биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана анын инновациялуулугу спорттук мелдештерге турак-жай конуштарынын тургундарынын өздөрү катышкандыгында турат. Спартакиадаларды өткөрүүнүн демейки практикасы мектеп окуучуларын жана студенттерди тартууну камтыйт, алар окуу жайлары аркылуу уюштурулушу мүмкүн. Спорттук иш-чаралар үчүн турак-жай конуштарынын тургундарын мобилизациялоо биринчи жолу өткөрүлдү. Башкармалык ушундай спартакиаданы өткөрүүнү «Ынтымактуу Конуштар» Лигасы деген аталыш менен ар жылдагы иш-чара катары жасоону пландаштырып жатат. Донордук уюмдар менен жолугушуу 2019-жылдын 6-августунда 85 адамдын, анын ичинде донордук жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен өткөрүлдү. Жолугушууга ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты. Бул жолугушуу долбоордун туруктуулугуна жетишүү үчүн кийинки өнөктөштүк үчүн турак-жай конуштарынын жаштарынын демилгелүү топтордун, КДКнын жана эл аралык донор уюмдардын ортосундагы коммуникациялык аянтчасы болуп кызмат кылды. Өз алдынча даярдалган долбоорлор жана финансылоонун ар түрдүү булактарын издей билүү пилоттук коомдоштуктарга өздөрүнүн өнөктөштүк маселелерин чечүү үчүн финансылоо булактарын диверсифицикациялоого жардам берет деп күтүлгөн. Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар лидерлеринде өздөрүнүн долбоордук идеяларын презентациялоо мүмкүнчүлүгү болду. Жаштар лидерлери сүйлөгөндөн кийин донорлор менен эл аралык уюмдар презентацияга кайчы байланышты берди, 10 турак-жай конушунун долбоордук идеяларына сунуштамаларды жана сунуштарды айтты. Жолугушуунун учурунда бенефициарлардын өздөрү жана эл аралык агенттиктерден катышуучулар кызматташтыкка кызыкдарлыгын көрсөттү жана жаштар лидерлеринин сунуштарын кароо мүмкүнчүлүгүн белгиледи. 10 турак-жай конушунун долбоордук идеяларынын презентациялары андан аркы кызматташтыктын предмети болуп калды. Донорлор буларды белгиледи: мыкты жасалган презентациялар Бишкек шаарынын турак-жай конуштарындагы кырдаалды жакшы түшүнүүгө жана демилгечи топтор, жаштар лидерлери жана КДК менен жакындан таанышууга жана алардын потенциалы жөнүндө билүүгө жардам берди. Өз кезегинде турак-жай конуштарынын өкүлдөрү донордук уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн, алардын ишинин форматын, жардам көрсөтүүнүн, өнөктөштүктүн принциптерин, долбоордук сунуштарга коюлуучу критерийлерди көрдү. Эркин баарлашуунун жүрүшүндө айрым турак-жай конуштары өздөрүнүн өнөк донорлорун тапты жана эки тараптуу өнөктөштүктү макулдашты. Мисалы, Рухий Мурас турак-жай конушунун өкүлдөрү донорлор менен эки тараптуу жолугушуулардын алгачкы оң натыйжалары жөнүндө белгиледи. Алар идеяларды ийне-жибине чейин сүрөттөө менен долбоорлорду даярдай тургандыгын белгиледи. Эл аралык агенттиктердин жана донор уюмдардын даярдалган картасы фандрайзинг боюнча андан аркы демилгелер үчүн маалымдама болуп кызмат кыла алат. Долбоорлордун кыскача презентацияларын даярдоо боюнча жолугушуулардын коучинги катышуучуларга эл аралык уюмдардын миссиясына жана мандаттарына ылайык долбоорлордун келечектерин аңдап-түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Долбоордо ыкма каралган, ал боюнча жаштар лидерлерине долбоорлоо боюнча өз билимдерин жана потенциалдуу донорлор менен андан аркы диалогду күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Бул ыкма жаштар лидерлеринин учурдагы долбоорго көзкаранды болуу тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет жана алардын демилгелеринин чечилишин жана аларды финансылоо булактарын өздөрү табышына мүмкүндүк берет. Жаштар лидерлери, алар өз ишинде өжөр жана жолун жолдогон учурда гана, алардын демилгелери натыйжа алып келе тургандыгынын практикалык ырастоосун алды. Социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөн тышкары, долбоор тарабынан демилгелерди колдоо ошондой эле жаштар лидерлеринин активдүүлүгү жана демилгечилдиги пайда болушунун маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн зарыл болгон. Комиссиянын алдында (2018-жылдын сентябры), ошондой эле донордук коомдоштуктун алдында (2019-жылдын августу) өздөрүнүн долбоорлорун коргоо зарылчылыгы жаштар лидерлери үчүн маанилүү окутуучу мааниге ээ болду, алар өз талаптарын презентациялоо жана далилдөө жөндөмдөрүн практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн алды. Жаштар лидерлери биргелешкен талкууну жүргүзүү жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жөндөмдөрүн алды, багыттар алардын артыкчылыктары, максаттары, күтүлгөн натыйжалар жана кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге аракеттер баяндалган документ катары Жаштар программасына таризделди. Жаштар лидерлери адвокация үчүн артыкчылыкты аныктоо үчүн жана донорлордун алдында презентациялоо үчүн долбоорду иштеп чыгуу үчүн Программаны пайдаланды. Ошонун өзү менен алар Жаштар Программасынын болушунун зарылчылыгын жана чогулуштарды өткөрүү жана артыкчылыктарды аныктоо боюнча алардын күч-аракеттери пайдалуу болгонун документте «Жаштар программасында» чагылдырылганын көрдү. Бул окутуучу зор мааниге ээ болду, ал жаштар лидерлерине стратегиялык пландаштыруу процессинде ар бир этап мааниге ээ экендигин жана көйгөйлөрдү алда канча системалы жана натыйжалуу чечүүгө таасир этээрин көрүүгө мүмкүндүк берди. Жаштар лидерлеринин жана ЖӨБОнун ортосунда жолугушууларды уюштуруу документке таризделген стратегиялык өңүт болгон учурда жаштар лидерлери ушундай түрдөгү диалогду демилгелеп, аны сапаттуу өткөрө ала тургандыгын көрсөтүү үчүн маанилүү болду. Жаштар топторунун курамын 106 мүчө (46 кыз жана 60 улан) түзөт. Турак-жай конуштарынын тургундарынын арасында, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жаштар лидерлерин таануу: (МТУ кызматкерлери) турак-жай конуштарын өнүктүрүү үчүн калктын активдүү позициясынын пайдалуулугун аңдап-түшүнүү, демилгелерге колдоо көрсөтүү; • 3 лидер Бишкек шаарынын мэриясынын Консультациялык кеңешине катышат: 1 лидер – Жаштар комитетинин төрагасы, бир лидер – кеңештин катчысы жана 1 лидер – кеңештин мүчөсү; • 3 лидер МТУнун жаштар комитеттеринин төрагалары тарабынан шайланган; • 5 лидер райондук администрациялардын кызматкерлери менен байланышты түзгөн жана ар түрдүү маселелер боюнча алар менен өз алдынча баарлашат; • 2 лидер Жогорку Кеңештин жаштар канатынын жыйналышына катышты жана алар менен кызматташат. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштөө Фонд ЖӨБО – Бишкек шаарынын 4 райондук администрациянын өкүлдөрү жана 6 муниципалдык-аймактык башкармалык (МАБ) менен тыгыз өз ара аракеттенет, алардын карамагында 10 пилоттук турак-жай конушу бар. Иштин фокусу теңчиликти жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу менен байланышкан артыкчылыктуу маселелерди эске алуу менен турак-жай конуштарынын тургундарына кызмат көрсөтүү үчүн, коомдоштуктарда социалдык оорчулукту төмөндөтүү жана жаңжалдарды четтетүү үчүн ЖӨБО кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга багытталган. ЖӨБО менен иштөө коомдоштуктун демилгелерин ишке ашыруу, анын ичинде маалыматтарды чогултуу процесстерине көмөк көрсөтүү, турак-жай конуштарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, жаштардын демилгелүү топторунун жана лидер айымдардын долбоордук табыштамаларын даярдоо үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу боюнча ЖӨБОнун кызматкерлеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө түрткү болду. ЖӨБО ошондой эле коомдоштуктар аныктаган артыкчылыктуу маселелерди өнүктүрүү пландарына киргизүү үчүн коомдоштуктардын лидерлеринин жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ортосундагы диалогдор үчүн аянтчаны камсыз кылат. МАБга жана кварталдык комитеттерге карата турак-жай конуштарынын тургундары тарабынан ишеничти жогорулатуу калктын жана ЖӨБОнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты чыңдоого жана улантууга түрткү берди. Долбоордун алкагында курулган бардык спорттук жана балдар аянтчалары МАБдын балансына өткөрүп берилди, бул объекттерди ыкчам башкаруу ушул долбоорлордун демилгечилери болгон жаштар лидерлери менен тыгыз кызматташтыкта МАБ тарабынан жүргүзүлөт дегенди билдирет. Бул компоненттин ишинин натыйжасында: • ЖӨБОнун кеминде 40 кызматкери гендердик жана жаңжалдык жактан сезимтал пландаштыруу боюнча билимдерди жана жөндөмдөрдү жакшыртты жана өнүктүрүү пландарын даярдоого катышты; • ЖӨБО коомдоштуктун демилгелерин аткарууга жигердүү көмөктөшүүдө (спорттук демилгелер, ҮМТ үчүн жабдуу, коомдоштуктардын демилгелери); • Коомдоштуктар менен өз ара аракеттенүү механизмдери түзүлдү жана натыйжалуу иштеп жатат (ЖӨБОнун жыйналыштарына жаштар жана аялдар лидерлерин чакыруу практикасы). 3. Сергек жашоо ыңгайын алга илгерилетүү жана саламаттык сактоо системасын жакшыртуу боюнча иш Коомдук ден соолук комитеттери (КДК) – ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо маселелери боюнча калктын, ЖӨБОнун жана саламаттык сактоо мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн 2013-жылы түзүлгөн механизм. Фонд ушул механизмди өркүндөтүүгө, атап айтканда, КДКга ыктыярдуу мүчөлүк жана өз коомдоштуктарында ден соолук идеяларын алга илгерилетүү үчүн пилоттук турак-жай конуштарынын тургундарынын активдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт. Тургундардын ушундай активдүү позициясы жана КДКнын ишине тартылышы КДКнын натыйжалуулугунун жана туруктуулугунун башкы шарты болуп саналат. Фонд ошондой эле КДК механизмин институтташтыруу жана КДКнын иштеши боюнча Жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгуу процесстеринде Республикалык ден соолукту чыңдоо борборуна (РДЧБ) көмөк көрсөттү. Саламаттык сактоо мекемелери менен иштөө сергек жашоо ыңгайын алга илгерилетүү боюнча башка маанилүү багыт болуп саналат. 10 пилоттук турак-жай конушунун тургундары саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүн аймактык жактан ушул турак-жай конуштарына бекитилген 6 ЦСМден жана 9 КДКдан алат. Фонд КДКлар берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, анын ичинде ачыктык, жеткиликтүүлүк жана турак-жай конуштарынын тургундарына карата медициналык кызматкерлердин сый мамилесинин маселелери боюнча көмөк көрсөттү. Долбоордун алкагында Фонд ЦСМ/КДК, Саламаттык сактоо министрлиги жана райондук администрациялардын саламаттык сактоо бөлүмдөрү менен бирдикте аныкталган артыкчылыктуу муктаждыктардын тизмесине ылайык КДКлар үчүн жалпы суммасы 2 млн. 401 миң 350 сомго жабдууларды сатып алды. Бул компоненттин ишинин натыйжасында: • КДКнын кеминде 60 мүчөсү потенциалды жогорулатты жана сергек жашоо ыңгайынын маселелери боюнча маалымат таратууга жигердүү катышып жатат; • КДКнын ишинин механизми КДКнын иштеши боюнча документтердин пакетин, анын ичинде жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү аркылуу өркүндөтүлдү; • Кеминде 40 медициналык кызматкер турак-жай конуштарынын тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү жөндөмдөрүн жакшыртты; Артыкчылыктуу жабдууларды сатып алуу аркылуу ҮМТнын кызмат көрсөтүүлөрү жакшыртылды.
Долбоордун максаттары:
Бишкек шаарынын 10 пилоттук турак-жай конуштарында бейпилдикти жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү