Баракчага өтүү

STEM4ALL x Mentoring Her

ПРООН Кыргызстандын демилгеси боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Япониянын өкмөтү финансылап жаткан Digital x долбоорунун алкагында STEM4ALL x Mentoring Her долбоорун ишке ашырууга киришти. Кыргызстандагы STEM4ALL x Mentoring Her демилгеси STEM (Илим, Технология, Инженерия жана Математика) жагынан кыз-келиндердин алдында турган көйгөйлөрдөн арылууга багытталган. STEM4ALL платформасы STEM’деги билим берүүнү жана ийгиликти колдоп, коомдоштуктарды жана тармактарды түзүү үчүн санариптик инновацияларды бириктирет. Бул демилге STEM’дин келечектеги кесипкөйлөрүнүн soft skills/жеңил жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган, менти кыздарга STEM коомдоштуктун бир бөлүгү болуп калууга, кесипкөй менторлордун менторлук сабактарын алууга жардам берет. Лекциялардын жана тренингдердин сериясы шакирт кыздарга soft skills’ти өздөштүрүүгө жана тереңдетүүгө мүмкүндүк берет, алар ийгиликтүү келечекти, кесипкөй мансапты курууга, жумуш менен жеке турмуштун ортосундагы балансты табууга жардам берет. Дүйнөлүк экономикалык форумга ылайык, келечектеги жумуш орундарынын 90%дан ашыгы санариптик жөндөмдөрдү талап кылат. Кыргызстанда гендердик стереотиптер жана ресурстарга чектелүү жеткиликтүүлүк кыз-келиндер STEM жагындагы бүтүрүүчүлөрдүн болгону 31,1%ын түзүшүнө алып келүүдө. Биз бул статусту өзгөртүүгө умтулуп, STEM’деги ийгиликтүү мансап үчүн кыз-келиндерге зарыл инструменттерди жана колдоону беребиз.

Долбоордун максаттары:

300 менти-шакиртке жана 100 ментор-насаатчыга арналган программаны иштеп чыгуу жана киргизүү, ошонун өзү менен STEM жагынан айымдардын лидерлигин алга илгерилетүүгө көмөктөшүү.

Баракчага өтүү

Долбоордун өнөктөштөрү

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто