«Татыктуу жашоо»

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) өнөктөш "International Alert" уюму менен бирдикте Чүй областынын Ысык-ата районунун Ивановка айыл округунда “Татыктуу жашоо” долбоорун ишке ашырып жатат, аны Улуу Британиянын Өкмөтү финансылайт. Долбоор гендердик стереотиптерден жана кысымга алуудан арылууга, жүрүм-турумду өзгөртүүнүн эсебинен үй-бүлөнүн деңгээлиндеги гендердик зомбулукту азайтууга жана үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Бул долбоордун алкагында алдыга коюлган максатка жетишүү үчүн комплекстүү чаралар көрүлөт. Иш үй-бүлөлөрдө шайкеш мамилелерди калыптандырууга көмөктөшүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү үчүн улуу муундагы үй-бүлө мүчөлөрү (кайын ата, кайын эне) кенже муундагы үй-бүлө мүчөлөрү (келин уул) менен да жүргүзүлөт. Ошондой эле бизнес идеяларды түзүү боюнча окутуучу тренингдер өткөрүлөт жана аларды ишке ашыруу үчүн гранттар берилет. Тренингдердин программасы эки бөлүктөн турат: 1) Биринчи бөлүк гендердик теңчиликти, үй-бүлөлөрдө шайкеш мамилелерди алга илгерилетүүгө жана үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталат. 2) 2-бөлүк киреше алып келүүчү иш аркылуу үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө арналган.

Долбоордун максаттары:

Долбоордун негизги максаты гендердик стереотиптерден жана кысымга алуудан арылууга, жүрүм-турумду өзгөртүүнүн эсебинен үй-бүлөнүн деңгээлиндеги гендердик зомбулукту азайтууга жана үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүүдө турат.

Долбоордун өнөктөштөрү

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто