Санарип 50+

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана KICB банкынын биргелешкен долбоору. Долбоордун мөөнөттөрү: 2019-жылдын сентябры –2020-жылдын майы «Санарип 50+» долбоорунун максаттары жана милдеттери «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациянын беш жылдык стратегиясынын максатына дал келет. Долбоордун милдеттери: 1. Бишкек шаарынын жана жаңы конуштарынын улуу муундагы адамдарына билим берүүчү, консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү; 2. ЖМК, интернет-сайттар (социалдык тармактар) аркылуу калкты маалымат менен камсыз кылуу; 3. Улуу муундагы адамдардын арасында маалыматтык технологияларды жана мобилдик тиркемелерди даңазалоо; 4. Смартфондорду пайдаланууга үйрөтүү жана мобилдик интернеттин артыкчылыктарын көрсөтүү; 5. Социалдык тармактарга катталууну жана күндөлүк турмушта пайдаланууга үйрөтүү; 6. Финансылык сабаттуулуктун негиздерине жана коммуналдык жана башка электрондук кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдө «Элсом» электрондук капчыгын пайдаланууга үйрөтүү. Бенефициарлар: Бишкек шаарынын төмөнкүдөй жаңы конуштарынын тургундары: Калыс-Ордо, Ак-Өргөө, Ак-Босого, Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ала-Тоо, Учкун, Орок, Дордой, Бакай-Ата жана Фучик аймагы. Долбоорду аткаруучулар: окуу борборлорунун 5 машыктыруучусу жана Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы мектептердин 17 машыктыруучусу.

Долбоордун максаттары:

Улуу муундун адамдарын смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүнө ээ болууга, финансылык сабаттуулуктун негиздерине, ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн «Элсом» электрондук капчыгын пайдаланууга үйрөтүү.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто