Кыргызстанда жергиликтүү деңгээлде миграция жана өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга гендердик ыкманы киргизүү

2019-жылдын январынан тартып сентябрына чейин Миграция боюнча эл аралык уюмдун Эл аралык өнүктүрүү фондунун финансылык колдоосу менен КРда «Кыргызстанда жергиликтүү деңгээлде миграция жана өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга гендердик ыкманы киргизүү» долбоору ишке ашырылды. Долбоордун алкагында гендер, ЖӨБО менен иштөө боюнча окутуучу тренингдер, коучингдер, лагерь, консультациялар, КР Тышкы иштер министрлигинин, КР Финансы министрлигинин жана КР Экономика министрлигинин эксперттери менен практикалык иштер өткөрүлдү. Долбоордун негизги натыйжалары: 1) Барскоон жана Сузак айылдык аймактарынан долбоордун катышуучулары Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, анын ичинде миграция жана өнүктүрүү, гендердик ыкма компоненттерин иштеп чыгууда, 2018-2040-жылдарга КР Улуттук өнүктүрүү стратегиясына ылайык өз потенциалын, билимдерин жана жөндөмдөрүн жогорулатты. 2) Долбоордун катышуучулары жергиликтүү деңгээлде миграция жана өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга гендерди кошуу менен 2020-2022-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыкты. 3) Долбоордун катышуучулары адамдардын кеңири чөйрөсү үчүн Программаны коомдук угууну өткөрдү, ошондой эле жергиликтүү кеңештин сессиясында Программаны бекитти (токтомдордун көчүрмөлөрү тиркелет). Катышуучулардын айтымы боюнча, бул долбоор алар үчүн, ошондой эле алардын коомдоштуктары үчүн өтө пайдалуу жана зарыл болду, эми ал жерде өркүндөтүлгөн Программаларды колдонууга болот. Ошондой эле катышуучулар Программанын ролун жана багытын кайрадан ойлонуп чыкты. Эм алар үчүн Программа отчет жана текшерүү үчүн эмес, бул аткарылууга тийиш болгон жөн гана формалдуулук эмес, Программа алар үчүн иштеп жаткан айылдын тургундары, өзүнүн коомдоштугу үчүн иштелип чыгат. Катышуучулар Программаларда адамдарды, Адамды, аялдарды жана эркектерди көрүп жана чагылдыра алды. Ошондой эле долбоордун катышуучуларынын айтымы боюнча, Программа – бул ар түрдүү топтордун кызыкчылыктарын эске алган маанилүү документ, ошондой эле инвестицияларды, өнөктөрдү тартуу үчүн натыйжалуу өбөлгө, ал КР Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана этностор аралык мамилелердин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 16-майындагы №01-18/56 биргелешкен буйругу менен бекитилген Шаарлардын/айылдык аймактардын ПСЭРин иштеп чыгуу методикасына ылайык келет.

Долбоордун максаттары:

Гендерди жана миграцияны киргизүү менен Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жеткире иштеп чыгуу жана аны тиешелүү айылдык кеңештерге берүү максатында Барскоон жана Сузак айылдык аймактарынын башчыларынын жана кызматкерлеринин, активисттеринин жана лидерлеринин потенциалын күчөтүү.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто