Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу

Фонддун эң чоң долбоорлорунун бири – «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү». Бул долбоор «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» программасынын жалпы максаттарына жетишүү үчүн зарыл, ал «БУУ ВВПнын алкагында Кыргыз Республикасынын 261 пилоттук мектебинде башталгыч класстардын окуучуларынын тамак-ашын уюштурууну өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү» катары туюндурулат. Бул пилоттук долбоор мектеп окуучуларын толук баалуу тамак-аш менен камсыз кылды, анын наркы мектеп тамак-ашына мамлекет бөлгөн учурдагы бюджеттин чегинен чыкпайт. Фонд бенефициарлардын бардык деңгээлдеринде билим берүү жана социалдык коргоо секторун өнүктүрүүнүн бир бөлүгү катары мектеп тамак-ашынын пайдасы жөнүндө маалыматты адамдардын кеңири чөйрөсүнө берип, мектеп тамак-ашынын программасын улуттук саясаттын контекстине интеграциялоо боюнча ишти жүргүзүп жатат. Окуучулар мектепте жүргөн учурда сарамжалдуу жана таза тамак-ашты уюштуруу оорулардын алдын алуунун жана өлкөнүн өсүп келаткан муунунун ден соолугун сактоонун маанилүү факторлорунун бири болуп саналат. Мектеп тамак-ашы социалдык коргоо чарасы болуп саналат, ал мектеп окуучуларынын аялуу категорияларын коргоодо өзүнүн натыйжалуулугун айгинеледи. Ал мектеп окуучуларын толук баалуу тамак-аш, билим менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт жана социалдык-экономикалык чөйрөдө башка артыкчылыктарды берет. «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында 2014-жылдан тартып биздин Фонд тамак-ашты оптималдаштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу учурунда өнөк болуп калуу менен, түшүндүрүү иштерин жана калкты мобилизациялоону жүргүздү. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө донордук каражаттарга мектептеги балдардын санына жараша төмөнкүдөй ашкана жабдуулары сатып алынды: электр меши, газ плитасы, суу жылыткыч, жууй турган ванна, электр эт туурагыч, картошка тазалагыч, идишти жууй турган машина, турмуш-тиричилик муздаткычы, муздатуучу шкаф, камыр жууругуч, кууруп бышыруучу шкаф, электр сковородка, наабай шкафы, термопот, өндүрүштүк столдор, стеллаждар. Жергиликтүү бийлик мектептерге сууну жана канализацияны киргизүү боюнча көмөк көрсөттү, бул тамак-ашты жасоо үчүн гана мүмкүнчүлүк бербестен, ошондой эле балдардын гигиенасынын санитардык шарттарын камсыз кылды: тамак жээр алдында балдар сөзсүз түрдө колун самын менен жууйт. Республиканын пилоттук мектептеринде мектеп тамак-ашын уюштуруу үчүн менюнун варианттары, ошондой эле менюну түзүү жана улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ар түрдүү тамак-ашты жасоо үчүн карталар иштелип чыкты. Оптималдаштырылган меню биринчи тамактын 20дан ашык түрүнөн турат: жашылча суп, борщ, кесме суп, шорпо суп, рассольник, сүт суп, буурчак суп, төө буурчак суп, мастава ж.б.; экинчи тамактын 25тен ашык түрү: ар түрдүү крупадан жасалган каша, макарон, чүчвара, палоо, сырник, бууга бышырылган жашылча, алма кошулган омлет, быштак, картошка оладьи ж.б.; суусундуктар: сүт, компот, айран, шире, чай; жана нан азыктары. 2016-жылы «Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» мамлекеттик программасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн «Мөмө бактарды отургузуу» долбоордун компоненти болуп калды. Негизги максат отургузулуучу материалды жана зарыл шаймандарды берүү, агрономдордун консультациялары аркылуу башталгыч класстардын мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу жүрүп жаткан Чүй областынын 11 мектебинде мектеп тамак-ашын жакшыртуу үчүн мектептердин жанындагы участокторду мөмө өсүмдүктөрү менен өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана рационго мөмөнү киргизүү болуп саналат. Ошондой эле ЭКФнын «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен» экологиялык долбоору өзүнүн шефтигине алууну чечти жана бакчаны отургузду. Жыйынтыгында 2016-жылдын ичинде Чүй областынын 11 мектебинде мектеп бакчалары түзүлдү жана 2 миң мөмө бактары отургузулду • Республиканын бардык областтарында Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруунун маанилүүлүгү жөнүндө жергиликтүү калк жана чечим кабыл алуучу адамдар менен кеңири талкуулоо үчүн КР экс-президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен өлкөнүн региондорунда 20дан ашык жолугушуу уюштурулду. • Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүүнүн натыйжасында Ысык-Көл жана Чүй областтарында 5 жылга ысык тамакты киргизүүнүн стратегиялык пландары иштелип чыкты. • Бүткүл өлкө боюнча 33 мектепте изилдөө жүргүзүлдү. • 112 анкета толтурулду, 39 талаа интервьюсу алынды. • 2680 адамды камтуу менен 73 семинар-тренинг өткөрүлдү. • 25 мектепте көчөт отургузуу (22 мектеп ФАО, 3 КИКБ мектеби жана экодолбоор), Чүй, Ысык-Көл жана Талас областтарында 4500 мөмө бак отургузулду. • ЖМК тарабынан төмөнкүлөр кеңири чагылдырылды: телекөрсөтүүнүн 43 берүүсү, 24 радиоберүү, ЖМКдагы 34 макала, 3 социалдык ролик, 1 презентациялык фильм, тегерек столдор. Ошондой эле долбоордун жүрүшүндө КР БжИМ жана БУУ ВВП менен бирдикте Фонд бир катар инновациялык ыкмаларды алга илгерилетти, алар өлкөдө мектеп тамак-ашынын системасын, анын ичинде төмөнкүлөрдү оптималдаштырууга түрткү берди: • окуучулардын тамак-ашын финансылоо жана мектептер тамак-аш азыктарын сатып алууга конкурсту өз алдынча өткөрүшү үчүн сатып алууларды децентралдаштыруу үчүн каражаттарды топтоо механизмин иштеп чыгууну; • жалпы билим берүүчү уюмдардын бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин иштеп чыгууну; • мектептерде мөмөлөрдү менюга киргизүү үчүн мектептердин жанындагы участокторду өнүктүрүү жана мөмө бактарды отургузуу боюнча ыкманы киргизүүнү. Долбоордун өнөктөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Билим берүү жана илим министрлиги жана анын жергиликтүү администрациялык офистери, Саламаттык сактоо министрлиги анын жергиликтүү бөлүмдөрү, жергиликтүү администрациялар, билим берүүнүн райондук бөлүмдөрү, жергиликтүү мектептер, ГАМСУиМО, ЖӨБ, жергиликтүү кеңештер, жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде жергиликтүү аялдар комитеттери, ардагерлер жана жаштар кеңештери, ата-энелер жана педагогдор комитеттери, айылдык ден соолук комитеттери, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде радио жана теле көрсөтүү.

Долбоордун максаттары:

Бул долбоор «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» программасынын жалпы максаттарына жетишүү үчүн зарыл, ал «БУУ ВВПнын алкагында Кыргыз Республикасынын 261 пилоттук мектебинде башталгыч класстардын окуучуларынын тамак-ашын уюштурууну өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү» катары туюндурулат.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто