Балдардын өнүгүү стандарттары жана өнүгүү күндөлүгү

Балдарды эрте өнүктүрүү жана тынчтыкты жаратуу маселелери боюнча МБУнун 80 жаңы педагогун бекемдөө аркылуу «Туулгандан тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык Стандартын жана туулгандан тартып 7 жашка чейинки баланы өнүктүрүүнүн Күндөлүгүн» алга илгерилетүүнүн жана киргизүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө ЮНИСЕФ менен бирдикте КРнын педагогикалык ЖОЖдорунун жана саламаттык сактоонун жана билим берүүнүн областтык кызматтарынын жетекчилеринин маалымдар болушу арттырылды. Балдарда жана ата-энелерде тең укукту оң өз ара аракеттенүү жөндөмдөрүн калыптандыруу максатында 13 пилоттук балдар бакчасында (Жалал-Абаддагы 4 балдар бакчасы жана Оштогу 9 балдар бакчасы) ментордук колдоо жана тарбиялык-билим берүү процессине тынчтыкты жаратуу принциптерин интеграциялоо мониторинги көрсөтүлдү. Балдарды эрте өнүктүрүү жана тынчтыкты жаратуу маселелери боюнча пилоттук райондордо мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 80 жаңы педагогунун потенциалы чыңдалды. 2018-жылдын июнунда 400 адамдын – Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй областтарынын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Германиядан, Түркиядан, Улуу Британиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, АКШдан, Швейцариядан, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Өнүктүрүү тармагынан эл аралык эксперттердин катышуусу менен «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипке ээ болуунун келечектери» деген 1-Улуттук форум өткөрүлдү. Биринчи Улуттук форумдун натыйжалары. 1. «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипке ээ болуунун келечектери» деген I Улуттук форумдун Резолюциясынын долбоору иштелип чыкты. 2. «Эрте өнүктүрүүнүн, балдарды эрте өнүктүрүү боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуунун жана эрте өнүктүрүү боюнча адистердин кесибине ээ болуунун маанилүүлүгүн алга илгерилетүүнүн Стратегиясы жана Артыкчылыктары». 3. Эрте өнүктүрүүнүн жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн алга илгерилетүү үчүн Сектор аралык кызматташтык тармагынын Стратегиялык планы кабыл алынды. Өнөктөр: 1. ЮНИСЕФ 2. КР РДЧБ – Кыргыз Республикасынын Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору www.ds.kg 3. КР ССМ – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги www.med.kg 4. КР БжИМ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги www.edu.gov.kg 5. «Манас» КТУ – Кыргыз-Түрк «Манас» университети www.manas.edu.kg 6. Өкмөттүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү. 7. Райондук мамлекеттик администрациялар 8. И.Арабаев атындагы КМУ – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 9. Х.Карасаев атындагы БГУ – Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети 10. Ж.Баласагын атындагы КУУ – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 11. ОшМУ – Ош мамлекеттик университети 12. ЖАМУ - Жалал-Абад мамлекеттик университети 13. БатМУ – Баткен мамлекеттик университети 14. ТалМУ – Талас мамлекеттик университети 15. НМУ – Нарын мамлекеттик университети 16. К.Тыныстанов атындагы ЫМУ - Ысык-Көл мамлекеттик университети 17. Б.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжи, Ысык-Көл областы 18. Save the children – Балдарды сактагыла www.savethechildren.org 19. АКДН - Ага Хан өнүктүрүү боюнча уюму

Долбоордун максаттары:

Туулгандан тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык Стандартын жана туулгандан тартып 7 жашка чейинки баланы өнүктүрүүнүн Күндөлүгүн алга илгерилетүү аркылуу кенже курактагы балдарды өнүктүрүүнүн сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто