Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору
“Жайлоо бала бакчалары” аттуу уникалдуу долбоор алгачкылардан болуп АКДН тарабынан демилгеленип, калктын аярлуу категориясы-малчылардын балдарына мектепке чейинки билим алууга тең жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Педагогикалык жана агартуучулук иштер балдар жана ата-энелер менен биргеликте өткөрүлгөндүктөн, Жайлоо бала бакчалары учурда Жайлоо өнүгүү борборлоруна айланышты. 2014-жылдан тартып 7 облустун жайыттарында жайкы мезгилде ар жылы 100 дөн ашык жайлоо бала бакчасы- өнүгүү борборлору иштеди. Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун катышуучулардын саны 15000 ден ашуун бала, 6000 ата-эне, 1407 педагог ашты. Балдар менен иштөөгө жыл сайын 150 педагог-тарбиячы, ар кайсы уюмдардан 90 ыктыярчы, анын ичинде 38 чет өлкөлүк ыктыярчы, ошондой эле 550 жергиликтүү активисттер, ата-энелер, спорт чеберлери, китепканачылар, актерлор, кол өнөрчүлөр, айылдыкден соолук комитеттеринин мүчөлөрү жана лидерлери, ишкерлер тартылган.
Долбоордун максаттары:
Создание условий для развития детей животноводов и их родителей в отдаленных высокогорных регионах Кыргызской Республики.