Кыргызстан Айымдарынын Улуттук Форуму

Бишкекте 2015-жылдын 2 – 3-мартында Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму өттү. Форумдун ишине өлкөнүн бардык областтарынан жана Бишкек шаарынан 1200дөн ашык адам, анын ичинде активист айымдар, аялдар кыймылынын ардагерлери, айылдык кеңештерден тартып КР Жогорку Кеңешине чейинки деңгээлдеги депутат аялдар, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынан тартып министрлерге чейин, өлкөнүн жарандык секторун түзгөн бардык аялдар тармактарынын өкүлдөрү, КРнын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, ЖМКлардын жетекчилери, эксперттер катышты. Белгилеп кетүү керек, өлкөнүн көзкарандысыздыгынын бүткүл мезгилинин ичинде бул ушундай масштабдагы биринчи Улуттук аялдар форуму болду. Беш конференциянын темалары төмөнкүлөр болуп калды: саясий процесстерде аялдардын ролу жана аларга катышуу, жаңы көйгөйлөр жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк: коргоонун натыйжалуу каражаттарына укук жана бейтарап сот, аялдардын жана кыздардын ден соолугу, өнүгүү үчүн жоопкерчилик катары билим берүү. Диалогду түзүү жана улуттук аялдар кыймылынын кызматташтыгы үчүн мейкиндикти түзүү, аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында аялдар менен эркектерди бириктирүү.

Долбоордун максаттары:

Диалогду түзүү жана улуттук аялдар кыймылынын кызматташтыгы үчүн мейкиндикти түзүү, аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында аялдар менен эркектерди бириктирүү.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто