Баракчага өтүү

Коомдук байкоочу кеңештер

Мамлекеттик органдардын Коомдук кеңештеринин миссиясы – өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик башкарууга жарандардын катышуусу. Кыргызстанда мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин өнүгүү этаптарын шарттуу түрдө төмөнкүдөй эки толкунга бөлүүгө болот: биринчи толкун 2010-жылы башталган. Ал учурда Президент Роза Отунбаеванын демилгеси боюнча 10 пилоттук мамлекеттик органда Коомдук байкоочу кеңешти (КБК) түзүү жөнүндө Жарлык чыгарылган. КБКнын курамдарына жарандык сектордун (бизнес, НПО, эксперттик жана академиялык коомдоштук) жигердүү өкүлдөрү кирген. Президенттин Аппаратынын жетекчилиги астындагы КБКлар мамлекеттик органдар чечимдерди кабыл алышынын процесстерине жигердүү тартыла баштады жана бийликтин жарандык коом менен кызматташтыгынын ийгиликтүү таржымалдарын көрсөттү. Долбоордун алкагында төмөнкүлөр даярдалды жана өткөрүлдү: 2012-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын алдындагы Коомдук байкоочу кеңештердин «Өткөн мезгилдин ичиндеги КБКнын ишинин жыйынтыктары» конференциясы, анын учурунда Отунбаева Роза Исаковна КБКнын Координациялык кеңешинин ардактуу Төрагасы болуп шайланды. Бирок бул механизмди институтташтыруу үчүн ченемдик укуктук базаны андан ары иштеп чыгуу жана КБКнын ишин жөнгө салуу талап кылынды. КБКнын өнүгүшүнүн экинчи толкуну 2014-жылдын 24-майында башталды, бул учурда КБКнын жигердүү мүчөлөрүнүн демилгелүү тобу иштеп чыккан «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзам кабыл алынды. КБК Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши (МОКК) деп өзгөртүп аталды жана МОККнын миссиясына, максаттарына, функцияларына, укуктарына жана милдеттерине тактоолор киргизилди. Ошол эле жылдын августунда «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтому жарыкка чыкты, анда токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнө жүктөлдү. 2016-жылы МОКК 35 мамлекеттик органда түзүлдү. Мурдараак коомдук кеңештердин иши, жаңылыктар, талкууланып жаткан маселелер, аткарылган иш жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө отчеттор тууралуу өлкөбүздүн калкына маалымдоо үчүн коомдук байкоочулардын сайты (www.ons.kg) «Кризис менеджерлердин бирлиги» коомдук уюму тарабынан акысыз негизде иштелип чыккан болчу. 2016-жылдын октябрында Ачык коом Фонду жана ЕС менен БУУнун «Социалдык адилеттүүлүккө жетишүү үчүн ак ниеттүү башкарууну алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоору тарабынан тең финансыланган ПРООНдун «Потенциалды арттыруу боюнча механизмдер» долбоорунун кызматташтыгынын алкагында саят жаңыланган жана www.osgo.kg деп өзгөртүп аталган.

Долбоордун максаттары:

Мамлекеттик органдардын Коомдук кеңештеринин миссиясы – өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик башкарууга жарандардын катышуусу.

Баракчага өтүү

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто