Негиздөөчү

Отунбаева Роза Исаковна

Отунбаева Роза Исаковна – Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, БУУнун Башкы катчысынын алдындагы Медиация боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешчилер тобунун мүчөсү, Мадрид клубунун мүчөсү, БУУнун Афганистан боюнча Башкы катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү жана шыктандыруучусу.

Билими:

1967-1972 – Москва мамлекеттик университети, философиялык факультет

1972-1975 – Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасы (философиялык илимдердин кандидаты)

Иш тажрыйбасы:

2022-жылдын сентябрынан тартып азыркы учурга чейин – БУУнун Афганистан боюнча Башкы катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы.

2011-жылдын январынан тартып – азыркы учурга чейин - «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү

2010-жылдын июну – 2011-жылдын декабры - Кыргыз Республикасынын Президенти

2010-жылдын апрель - июну - Убактылуу өкмөттүн башчысы

2008 - 2010 - КСДПдан Парламенттин мүчөсү, Жогорку Кеңештеги оппозициянын Лидери

2005 - Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу

2004 - 2005 - Ата Журт оппозициялык кыймылынын тең төрагасы

2002 - 2004 - БУУнун Башкы катчысынын БУУнун Грузиядагы тынчтыкты жаратуучу миссиясындагы Атайын өкүлүнүн орун басары

1997 - 2002 - Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

1994 - 1997 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри

1992 - 1994 - Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

1992 - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри, Тышкы иштер министри

1989 - 1991 - СССРдин ЮНЕСКОнун иштери боюнча комиссиясынын Председатели

1986 - 1989 - Кыргыз ССР Министрлер Советинин председателинин орун басары, Тышкы иштер министри

1983 - 1986 - Партиянын шааркомунун экинчи секретары, Фрунзе шаары, (азыркы Бишкек шаары)

1981 - 1983 - Партиянын Ленин райкомунун секретары, Фрунзе шаары, (азыркы Бишкек шаары)

1975 - 1981 - Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу, кафедра башчысы, философиялык илимдердин кандидаты, доцент.

Билген тилдери:

Кыргыз, орус, англис, немец

Р.И. Отунбаева СССР Тышкы иштер министрлигине жооптуу секретарь катары чакырылганга чейин Советтик Кыргызстандын Өкмөт башчысынын орун басарынын жана Тышкы иштер министринин, ал эми андан соң СССРдин ЮНЕСКО боюнча Улуттук Комиссиясынын председателинин кызмат ордун ээлеген, СССР ТИМинин коллегия мүчөсү болуп саналган. Ал ошондой эле ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин вице-Президенти болуп саналган.

1991-жылдан кийин Роза Отунбаева көзкарандысыз жаш Кыргызстанга кайтып келген, Вице-премьер министрдин жана Тышкы иштер министринин кызмат орундарын ээлеген. Ал Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы биринчи элчиси, ал эми кийинчерээк Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы биринчи элчиси да болгон.

2002-2004-жылдардагы мезгилде Роза Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын Грузиядагы тынчтыкты жаратуучу миссиясындагы Атайын өкүлүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. 2009-жылдын июлунда ал Кыргызстанга кайтып келген жана өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдө лидерлик ролду ээлеген. 2008-жылы ал КСДПдан Кыргыз Республикасынын Парламентине шайланган жана 2010-жылдын апрелине чейин оппозициялык фракцияга башчылык кылган.

2002-2004-жылдардагы мезгилде Роза Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын Грузиядагы тынчтыкты жаратуучу миссиясындагы Атайын өкүлүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. 2009-жылдын июлунда ал Кыргызстанга кайтып келген жана өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдө лидерлик ролду ээлеген. 2008-жылы ал КСДПдан Кыргыз Республикасынын Парламентине шайланган жана 2010-жылдын апрелине чейин оппозициялык фракцияга башчылык кылган.