Кош келиңиздер, кымбаттуу достор!
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду мен 2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын өзүмдөн алып салгандан кийин түзүлгөн жана катталган.
Биз командабыз менен Фонддун ишинин стратегиясын, күн тартибин жана багыттарын түзөбүз. Өнүгүүнүн негизги темптери процессте келип чыгат, ошондуктан мен аны демилге деп атадым. Фонд мен алып жүргөн идеяларды; мен эркин аракеттенген адам катары жүзөгө ашырууга эчактан ниеттенип жүргөн идеяларды ишке ашырат.
Фонддун демилгелери билим берүүнү, маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө, кыз-келиндер менен жаштарды колдоого, ошондой эле өнүгүүнүн мультимаданий платформаларын түзүүгө багытталган. Бул демилгелердин ар биринин өз миссиясы бар, бирок Фонддун негизги өңүтүн чагылдырат – Кыргызстан калкын өнүктүрүүгө багытталган түзүүчүлүк.
Кыргыз Республикасынын Экс-президенти
Отунбаева Роза Исаковна