Балдар адабияты

«Манас»: кыргыздардын баатырдык эпосу (сүрөттө)

Серия: Балдар адабияты
Автор: Бексултан Жакиев, кыргыз эл жазуучусу
Сүрөтчү: Замир Илипов
Тили: кыргызча, орусча
«Манас» эпосу – кыргыз элинин уникалдуу рухий байлыгы болуп саналат. Анткени эпосто элдин тарыхый эс тутуму гана эмес, анын келечеги үчүн рухий дарамет болгон биримдиктин күчү чагылдырылган. Эпостун миллиондогон саптарын кыскартып тааныштыруу аркылуу Манастын тарыхын окурмандарга жеткирүү үчүн, китепти жаратуучулар, жапондордун манга жанрын колдонушкан. Тактап айтканда китептин мазмуну иллюстрациялар менен кыска, бирок нуска тексттерден турат. Балдар бул китепти окугандан кийин «Манастын» толук текстин ишенимдүү түрдө окууга кирише алышат. Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү орус тилдүү китеп окурмандарынын кеӊири чөйрөсүн, ошондой эле кыргыз тилин жетишээрлик билбеген балдарды кыргыз элинин уникалдуу адабий-поэтикалык мурасы менен тааныштыруу максатында бул китеп орус тилинде чыкты. Аталган китепти окуу менен биз улуу манасчылар Саякбай Каралаевдин, Сагымбай Орозбаковдун, Жусуп Мамайдын жана башка белгилүү манасчылардын айтуусундагы Манастын түп нуска тексттери менен тааныша алабыз. Бул китепти жаратуу идеясы КР экс-президенти «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Исаковна Отунбаевага таандык.

Балерина

Серия: Балдар адабияты
Автор: Нурия Шагапова
Сүрөтчү: Жылдыз Бекова
Котормо: К.Н.Абыканова
Тили: кыргызча, орусча
«Балерина» – бийди сүйгөн, балет жана сахна жөнүндө эңсеген балдар менен кыздарга арналат. Ошондой эле өз мекени, анын мыкты жана таланттуу адамдары, эмгек жана өжөрлүк, даңктын туу чокусуна карай жол канчалык татаал, бирок кызыктуу экени жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалаган баардык балдар үчүн китепте. Китепте секелек кыз Бүбүсаранын өмүрү жөнүндө улуу балерина өз мекенин – Кыргызстандын атагын чыгаргандыгы жөнүндө сөз болот! Көптөгөн сүрөттөр жана балет терминдеринин түшүндүрмөлөрү балдарды балеттин сыйкырдуу дүйнөсү менен тааныштырат! Бүбүсара Бейшеналиеванын 90-жылдыгына атайын арналып кыргыз жана орус тилдеринде басылган «Балерина» китеби, Москва шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин XIV Эл аралык конкурсунун атайын диплому менен сыйланган.

Кыргызстаныбызды кыдырабыз

Серия: Балдар адабияты
Автор: Алтын Капалова. Идеясы жана демилгеси: Исак кызы Клара
Сүрөтчү: Кина Юсупова, Сергей Марченко
Тили: кыргызча, орусча
Бул жөн гана таанып-билүү китеби эмес, чыныгы энци клопедия. Ал балдар үчүн кызыктуу жана жеткиликтүү болгон саякат-аңгеме түрүндө жазылган. Кең-кесири карталар, ачык жана кооз сүрөттөр, ар бир областтын ажайып жерлерине милдеттүү түрдө басым жасоо, балдар үчүн тапшырмалар жана ата-энелер менен педагогдор үчүн сунуштамалар – ушулардын бардыгы басылманы кайталангыс кылат. Китеп – Кыргызстан жана анын региондору, жаратылышы, ажайып жерлери, бул жерде жашаган адамдардын кеңпейилдиги жана меймандостугу жөнүндө. Ал жаш окурманды биздин өлкөбүз жөнүндө жана анын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, экологиясын, тарыхый эстеликтерин жана материалдык эмес руханий мурасын сактоо үчүн ар бирибиз эмне жасай ала тургандыгыбыз жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырат. Эмгекте Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүнүнө, сонун дүйнөсүнө сиздин балаңыз үчүн алгачкы жол көрсөткүч болуп калсын.

Айман. Биринчи скрипка

Серия: Балдар адабияты
Автор: Раиса Мусахаджаева, Динора Азимова
Сүрөтчү: Елена Чайковская
Тили: кыргызча, орусча
Бул китеп – Айман аттуу кичинекей кыздын таланты, эмгекчилдиги жана өжөрдүгү менен өз өлкөсүнүн эң мыкты скрипачы болууга жетишкендиги жөнүндө. Анын сыйкырдуу манжалары скрипканы бирде ыйлатып, бирде шаңдуу үн салат! Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, атактуу театрлардын эң сонун концерт залдарында, казакстандык бул чебер музыканттын өнөрүнө кол чабылып келет. Кичинекей окурман, балким, бул китепти окуп чыкканда, сен да скрипка же башка музыкалык аспапты үйрөнгүң келер – Музыка сенин жашоодогу максатын болуп калар?!

Балдарга базарлык

Серия: Балдар адабияты
Автор: Аалы Токтомушев
Сүрөтчү: Бек Жайчыбеков
Тили: кыргызча
Бул эмгек жаш жеткинчектерге арналат. Китепте Адамзаттын тарыхындагы эң табышмактуу окуялар, даңктуу инсандар, байыркы мамлекеттер, фараондор, эзелки китепканалар жөнүндөгү маалыматтар камтылган. Байыркы элдердин тагдыры, ошондой эле башка көптөгөн кызыктуу окуялар чагылдырылган. Китеп балдарга байыркы мурастардын сырларын ачууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле китеп чоң кишилер үчүн да абдан кызыктуу. Башталганда эле «Манас» эпосун, кыргыз дүйнө таанымын чагылдырууну максат кылып койгону өтө манилүү.

Досторум конокко чакырат

Серия: Балдар адабияты
Автор: Алтын Аман
Сүрөтчү: Джум Гунн
Тили: кыргызча, орусча
Бул таанып-билүү китебинин, башкы каарманы – Бекжан деген бала. Ал окурмандарды өзүнүн досторуна мейманга чакырат. Китептин бөлүмдөрү Кыргызстанда жашаган этностордун тарыхында болгон кызыктуу фактылар, маданий мурасынын эстеликтери, улуттук кийимдери, музыкасы, оюндары жөнүндө айтып берет. Балдар ар бир тилде бир нече сөздү жаттап, ошондой эле кызыктуу тапшырмаларды аткара алат.

Исмаилдин керемет үнү

Серия: Балдар адабияты
Автор: Динора Азимова
Сүрөтчү: Бекзод Абдуллаев
Тили: кыргызча, орусча
Бул китептин каарманы Исмаил Жалилов, бала чагында жана ушул кездеги дүйнөнүн эң атактуу театрларынын биринде – Москвадагы Чоң театрдын сахнасында ажайып үнү жаңырат деп дегеле ойлобогон экен. Турмуш жолунда кезиккен көп кыйынчылыктарды Исмаил таланты жана өжөрлүгү менен жеңип чыккан. Китепти окуп чыккан опера деген эмне экендигин, ырчылык үндөрдүн кандай түрлөрү болорун билип аласыӊар.

Көргөзмө «Энесин көрүп кыз өсөт»

Серия: Балдар адабияты
Автор: Жамбы Жусубалиева
Тили: орусча
Китепте көркөм өнөрлөрдүн түрлөрүнүн, элдик чыгармачылыктын башатынын үй–бүлөөлүк династиялар тарабынан сакталышы жөнүндө сөз болот. Анда чагылдырылган чыгармачылыктын усулдары ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилген. Эмгекте – живопись, графика, колдонмо көркөм өнөрдүн түрлөрү элдик чыгармачылык менен айкалышта чагылдырылган. Бул кыргыз аялдарынын кийинки муунга жөнөткөн саламы.

Кытай бүгүнкү күндө.

Серия: Балдар адабияты
Автор: Алтынай Жунусова, Жаныбек Капаров
Сүрөтчү: Айзат Жунусова
Тили: кыргызча, орусча
Жол көрсөтүүчү басылма, анын жардамы менен силер табышмактуу өлкө боюнча кызыктуу сапарга аттанасыңар жана императордук сарайлардын алтын чатырларынын сырларын, эмне үчүн Кытайда накталай акчаны колдонбостугун, «жалгыз мүйүздүүлөр» деген кытай компаниялары эмне менен даңктана тургандыгын, «Асмандын көзү» Кытайдын кайсы жеринде, эң татаал иероглифтин мааниси кандай, эмне үчүн азыркы кытай көркөм өнөрү дүйнөдөгү эң атактуулардын бири экенин, ошондой эле Кытайдын бүгүнкү күндө биз колдонуп жаткан улуу ойлоп табуулары жөнүндө жана көптөгөн башка нерселер жөнүндө биле аласыңар. Кооз сүрөттөр жана баш катырмалар, ошондой эле QR коддору бар, алардын жардамы менен видеону табууга жана көрүүгө, айрымдарын англис тилинде көрүүгө болот. Китеп дүйнө өлкөлөрүнүн жана элдеринин тарыхына кызыккандарга жана азыркы Кытай жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалагандардын бардыгына арналган. Китепти түзүү идеясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу, КР экс-Президенти Роза Отунбаевага таандык.

Кыз китеп

Серия: Балдар адабияты
Автор: Б.Чыныбаева
Тили: кыргызча
Китепте кыздардын гигиенасы, спорт менен машыгуусу, жүрүм-туруму боюнча суроолорго жооптор камтылды.

Менин компьютерим

Серия: Балдар адабияты
Автор: Б.Чыныбаева
Тили: кыргызча
Аталган китеп балдарга гана эмес улуу мундагы окурмандарга да кызыктуу болот. Китепте компьютердин жаралуу тарыхы, аткарган милдеттери, анын түзүлүшү жана түрлөрүн билип таануу,иштөөгө үйрөнүүнүн жолдору жөнүндө айтып берет.Бул китеп замандын талаптарына жооп берген ыкмалар аркылуу дүйнөнү билип,таанууга, билим деңгээлин жогорулатууга, өз алдынча окуп үйрөнүүгө,алган билимин пайдаланууга, өзүнүн көп кырдуу мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жана көркөм өнөр аркылуу өзүн-өзү көрсөтүүгө, дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бул китепти жазуу,чыгаруу идеясы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаевага таандык.

Муратбек, жана анын музыкага чапкан жолу

Серия: Балдар адабияты
Автор: Алтынай Абетекова
Сүрөтчү: Нурлан Дуйшобеков
Тили: кыргызча, орусча
Муратбек аттуу баланын кичинекей кезинен эле музыканы жакшы көрүп, ага бүт өмүрүн арнагандыгы жөнүндө китеп. Музыканы жакшы көргөндүгү аны композитор деген кызыкттуу, ажайып кесипке жетеледи. Жаш окурман, бул китепти окуп чыксаң ушул кесип тууралуу көптү билип аласың.

Пеледен Мурзаевге чейин

Серия: Балдар адабияты
Автор: Иван Марченко
Тили: кыргызча, орусча
Азыр биздин өлкөдө футболду балдар да, чоңдор да ойнойт. Футбол жүз миңдеген адамдардын ден соолугун чыңдайт, мүнөзүн калыптандырат, жаңы ийгиликтерге шыткандырат, спортчулардын мээнеткечтигин жана бийик максатка талыкпай умтулуусун даңазалайт,элдин биримдигин,ынтымагын бекемдейт. Бул китепти чыгаруу идеясы “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөүсү, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага таандык. Китепти басып чыгарууга Аскар Салымбековдун фонду жана Кыргыз футбол союзу көмөк көрсөттү.

10 кытай жомогунан балдар китептеринин сериясы

Серия: Балдар адабияты
Тили: кыргызча, орусча
Биз эң жаш окурмандарыбыз үчүн балдар китептеринин сериясын даярдадык – булар он кытай жомогу. Койчунун жана токуучунун сүйүүсү жөнүндө жомок, Нэчжа деңиз ажыдаарын жеңет, Асмандагы сарайдагы дүрбөлөң, Он эки түстүү элик, Абышка Юй Гун тоолорду томкорот, Мэнцзы эне үч жолу жер кезди, Сыма Гуан менен казан, Хуа Мулан, Үч кечил, Он эки зодиак жаныбарлары жөнүндө жомок. Эл жараткан, муундан муунга өтүп келген жомоктор элдин даанышмандыгын, анын мүнөзүн, тилектерин жана үмүттөрүн эң сонун көрсөтүп турат.

Тоо жаӊырткан чагылган

Серия: Балдар адабияты
Автор: Сооронбай Жусуев
Сүрөтчү: Бек Жайчыбеков
Тили: кыргызча
Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына татыган, С. Жусуевдин «Тоо жаңырткан чагылган» аттуу эмгеги мектеп жашындагы кенже балдарга арналган. Китепке кыргыз жеринин керемет кооздугу, балдардын кызыктуу турмушу тууралуу жазылган ырлар жана «Турмуш мектеби», «Жайлоодо», «Чоң атамдын айтканы», «Алтын аймак», «Топулуу торгой» сыяктуу жомоктору кирген. Китеп өсүп келе жаткан жаш муундарды ата-бабаларыбыздын руханий мурасын сактоого, өз элин, жерин сүйүүгө, агааяр мамиле жасоого жана чынчыл, ак ниет болууга тарбиялайт. Китеп кыргыз тилинде.

Юристанбек неге юрист болбой калды эле…

Серия: Балдар адабияты
Автор: Элеонора Прояева
Сүрөтчү: Рахат Итикеев
Тили: кыргызча, орусча
Байыркы петроглифтерди (ташка чегилген сүрөттөрдү) анын ичинде Саймалуу-Ташты эстейличи. Адамзаттын байыртадан эле сүрөт эӊсеп жана аны түрдүү жолдор менен ишке ашырганын байкайбыз. Шырдактын оюларында эмне камтылган? Алар эмнени түшүндүрөт? Эмнени бизге баяндайт? Колуӊуздагы китепти окусаӊар мына ушул сырлар ачылат. Колуӊар өзүнөн өзү калемге, боёкко сунулат, колуӊуздардагы ак барак түрдүү түздүү боёктор менен кооздолот.