Ата-энелерге кеӊеш

Мектепке даярдык

Серия: Ата-энелерге кеӊеш
Автор: Догдургүл Кендирбаева
Сүрөтчү: Бек Жайчыбеков
Тили: кыргызча
Жаңы окуу жылына карата «Роза Отунбаевнын демилгеси» эл аралык коомдук Фонду тарабынан даярдалган «Биз мектепке барабыз» аттуу түрмөгүнүн алкагындагы окуучулар жана ата-энелерге биринчи китеп. Бул китеп мектепке бара турган балдарды психологиялык жактан даярдоого багытталган. Анда ата-энесинин айланасында гана жүргөн балдардын өз алдынча мектепке баруу кадамы, өзүнүн кыймыл-аракети үчүн жоопкерчиликти жана коомдо өзүн алып жүрүүнүн алгачкы эрежелерди калыптандыруу жөнүндө жөнөкөй тил менен жеткиликтүү маалыматтар берилет.

“Үч жаштан кийин кеч”

Серия: Ата-энелерге кеӊеш
Автор: Масару Ибука
Котормо: Орус тилинен которгон: Асылбек Жоодонбеков
Тили: кыргызча
Китептин автору Масару Ибука бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө алаарын турмуштук мисалдын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат. Китеп кыргыз тилинде.

Башталгыч мектепке саякат

Серия: Ата-энелерге кеӊеш
Автор: Догдургүл Кендирбаева
Сүрөтчү: Бек Жайчыбеков
Тили: кыргызча
Бул китеп мектепке жаңы барып жаткан окуучуларга мектептеги эрежелер, шарттар тууралуу маалымат берүүгө жана алардын коомчулукта өзүн-өзү алып жүрүү боюнча алгачкы көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Китеп жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен жазылды. Андагы маалыматтар өнүктүрүүчүлүк мүнөздө болуп, ата-энелер жана мугалимдер кошумча кырдаалдарды ойлоп таап, өз алдынча иштеп чыгууга да мүмкүнчүлүк берет. Биз балдарыбыздын түрдүү кырдаалдардан чыгуу жана шартка ылайыкташа билүү компетенттүүлүгүн канчалык эрте калыптандырсак, ошончолук турмушта өз алдынчалыкка жана жоопкерчиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Китептин башкы максаты окуучунун жеке жоопкерчилигин эртелеп калыптандыруу. Китеп кыргыз тилинде.

Ынтымак сыры

Серия: Ата-энелерге кеӊеш
Автор: Догдургүл Кендирбаева
Сүрөтчү: Бек Жайчыбеков
Тили: кыргызча
Китепте өлкөбүздө жашаган көп улуттуу элдердин жаш-муундардын ортосундагы достук мамиленин маанилүүлүгү чагылдырылган. Балдар бири-бирине, жаратылышка аяр жана камкор мамиле кылганда гана жакшы маанай өкүм сүрүп, жашоо көңүлдүү, кызыктуу улана тургандыгын баяндайт. Аталган китеп ынтымак болбосо ырыс жок экендигин баса көрсөтүп, балдарды ынтымакка, бири-бирин сыйлоого, урматтоого чакырат.