Өмүрү өрнөк адамдар (кыргыз тилинде)

Жон Фицжералд Кеннеди: Каармандык өрнөктөрү

Серия: Өмүрү өрнөк адамдар (кыргыз тилинде)
Автор: Ж.Ф.Кеннеди
Котормо: Англис тилинен которгон: Тынчтыкбек Чоротегин
Тили: кыргызча
Бул китеп АКШны 1961–1963-жылдары башкарган өлкөнүн 35-президенти Жон Кеннеди (1917–1963) жазган «Каармандык өрнөктөрү» аттуу чыгарманын алгачкы кыргызча котормосу болуп эсептелет. 1956-жылы жарык көргөн бул чыгармада АКШнын чыгаан сегиз сенаторунун айрыкча коомдук саамалыктары эр жүрөктүүлүктүн мисалы катары чагылдырылган. Китеп 1957-жылы өмүр таржымакал жазуу жаатындагы Пулитцер сыйлыгына татыган. «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан кыргызча котормо иш-чараларынын алкагында биринчи жолу жарык көргөн бул китеп АКШнын коомдук-саясий тарыхын жана жалпы дүйнөдөгүсөз эркиндигинин тарыхый баскычтарын аздектеп үйрөнүүчүлөргө арналат.

Мекенге мээримин арнаган аялзаты

Серия: Өмүрү өрнөк адамдар (кыргыз тилинде)
Автор: Абдыжапар Нурдинов
Тили: кыргызча
Ар кандай тагдыр менен, ар кайсы убакта бөтөн жерге кетип, бейтааныш элдин арасында мигрант катары өмүр сүрүп, ак эмгеги менен ийгилик жаратып, коомубуздун өнүгүүсүнө өз салымын кошкон 21 айымдын өмүр таржымалы, ишмердиктери тууралуу кызыктуу очерк-баяндар камтылган. Миграциянын адамдын жүзүнөн сылабаган катаал мүнөзү аялзатына келгенде ого бетер оор болуп кетээрин китептеги ар бир баянды окуганда аргасыз ынанасың.

Ой учкундары

Серия: Өмүрү өрнөк адамдар (кыргыз тилинде)
Автор: Мохаммед ибн Рашид ал-Махтум
Котормо: Касым Машакбай уулу Рахманкулов, Т. Чоротегин
Тили: кыргызча
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) вице-Президенти жана өкмөт башчысы, шейх Мохаммед Ибн Рашид Ал-Махтумдун калемине таандык Бириккен Араб Эмирликтеринин азыркы жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу ойлорун жазган "Ой учкундары" китеби жарыкка чыкты.

Менин атам Дэн Сяопин «маданий ыңкылап» жылдарында

Серия: Өмүрү өрнөк адамдар (кыргыз тилинде)
Автор: Дэн Сяопиндин кызы Дэн Жун (Маомао)
Котормо: Орус тилинен которгондор: Абибилла Пазылов, Тынчтыкбек Чоротегин, Эсенбай Нурушев
Тили: кыргызча
Кытай өлкөсүнүн улуу реформатору Дэн Сяопин жөнүндө жарык көргөн бул китеп өзүнүн кызы Дэн Жун (адабий псевдоними Маомао) аркылуу жазылган. Китептин негизин архивдик кызыктуу материалдар жана жеке эскерүүлөр түзөт. Китепе 1966-жылы Мао Цзэдундун демилгеси астында башталган «маданий ыңкылаптын» жаралыш мезгилинен тартып, 70-жылдардын орто чениндеги ал демилгенин кыйрашына чейинки окуялар камтылган. Баян тарыхый инсан Дэн Сяопиндин тегерегинде жүрүп, анын ишмердигине эң мыкты баа берилет. Ал кездеги окуяларга өзү күбө болгон автор тарабынан ошол драмалуу күндөр чындык менен акыйкаттык таризде сүрөттөлгөн. Маомаонун эскерүүлөрү көптөгөн кызыктуу маалыматтар менен китептин маанилүүлүгүн, кызыктуулугун арттырып турат. Эмгек окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Уинстон Черчилль: Асти сынбагыла!

Серия: Өмүрү өрнөк адамдар (кыргыз тилинде)
Автор: Уинстон Черчилль
Котормо: Англис тилинен которгон: Бактыгүл Каламбекова
Тили: кыргызча
Уинстон Черчиллдин ысымы королева Викториядан тартып анын чебереси Экинчи Елизаветага чейинки алты монархтын тушунда бийлик жүргүзгөн эң көрүнүктүү саясатчы катары Улуу Британиянын жыйырманчы кылымындагы тарыхында жазылган. Анын алтымыш жылдык мамлекеттик жана саясий ишмердиги өзүнүн ири көлөмдөгү эпистолярдык мурасында чагылдырылган. Узун өмүрүнүн даанышмандыгы «Асти сынбагыла!» деген кыска ойго сыйдырган.

Аялдар Кыргызстандын киносунда. «Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы»

Серия: Өмүрү өрнөк адамдар (кыргыз тилинде)
Автор: Г.Толомушова
Сүрөтчү: Е.Елфимова
Тили: орусча
Китеп «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган. Анда, кыргыздын кино тармагындагы таланттуу кыз-келиндерди менен тааныштырып, кино тармагында эмгектенүүнү эңсеген жаштарга колдонмо боло алат. Аялдар жараткан образ дарсыз «кыргыз керемети» деп аталган кино өнөрүн элестетүү өтө кыйын, маңызсыз болору талашсыз.

Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жѳнүндѳ

Серия: Өмүрү өрнөк адамдар (кыргыз тилинде)
Автор: Си Цзиньпин
Котормо: Англис тилинен которгон: Бактыгүл Каламбекова
Тили: кыргызча
Кытайдын Төрагасынын биринчи китеби. Бул китепке КПК БКнын Башкы Катчысынын сүйлөгөн сөздөрү, маектешүүлөрү, баяндамалары кирди. Китеп дүйнөдө зор резонансты пайда кылды.Китеп Кытайга дүйнөлүк өнүгүүнүн лидерлигине чыгууга мүмкүндүк берген ушул өлкөдөгү мамлекеттик реформаларга арналган. Бүгүнкү күндө ал дүйнөнүн 25тен ашык: англис, орус, араб, испан, немец, япон, корей, казак жана башка тилдерине которулду. Си Цзиньпиндин китеби – Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн өзүнчө түрдөгү көпүрө. Ал ушул өлкөнүн лидери жана анын өнүгүү процесси менен таанышуу үчүн терезени ачат. Өзүнүн мааниси боюнча терең чыгармалар жана баяндамалар Си Цзиньпиндин башкаруу жөнүндө идеяларына жарык чачат, ошондой эле Кытайдын мамлекеттик башкаруусунун жана саясий стратегиясынын концепциясын терең түшүнүүгө, өлкөнүн тарыхый өнүгүшүнүн процесстерин объективдүү баалоого жардам берет. Китептин кыргыз тилине котормосун «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Кытайдын Чет тилдердеги адабият басмасы менен бирдикте даярдады. Котормону кыргыз дипломаты Бактыгүл Каламбекова жүзөгө ашырды.

Өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян

Серия: Өмүрү өрнөк адамдар (кыргыз тилинде)
Автор: Махатма Ганди
Котормо: Англис тилинен которгон: Тынчтыкбек Чоротегин
Тили: кыргызча
Индиялыктар туу туткан Махатма Ганди (Мохандас Карамчанд Ганди, 1869–1948) дүйнө жүзүндөгү эң даңазалуу ойчулдардын жана коомдук ишмерлердин бири. Анын жашоосунда ар кыл диний агымдардан, ар башка этностордон жана ар кыл катмарлардан куралган жалпы Индия коомуна данакер болгон инсандын өрнөктүү өмүрү жолу болуп саналат. Бул китепте Махатма Ганди өз өмүрүнүн 1920-жылдардын ортосуна чейинки орчундуу жагдайларын баяндайт. Анын бала чак жана жаштык кези жөнүндө баянында адамгерчиликтүү болуу, сөзгө туруу, ата-бабаны аздектеген эрежелерди сыйлоо, ошол эле учурда чындыкты кандай опурталдуу болгонуна карабастан тик багып кабыл алуу сыяктуу багытындагы ой-жүгүртүүлөрү камтылган.