Пакистандык журналист Ахмед Рашид: Жаңы Чоң оюн алда канча татаал болуп калууда (интервью)

April 2, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун чакыруусу боюнча белгилүү пакистандык журналист, Борбордук Азия жөнүндө китептин автору Ахмед Рашид Кыргызстанда болду. 30-мартта ал АКИpress агенттигине интервью берди.

 

- Талибан бийликти басып ала алабы?

 

- Жок, мен Талибан бийликти басып алат деп ойлобойм. Саясий трансформация, тагыраак айтканда президенттик шайлоо, Карзайдын отставкасы, жаңы президентти шайлоо – ушунун бардыгы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн маанилүү. Саясий трансформация маселеси – Афганистан бийликтин алмашуусунан тынчтык жол менен, толкундоолорсуз өтө алабы. Тилекке каршы, шайлоо бурмаланат деген кооптонуу бар. Эгерде ошондой болсо, анда ар кандай саясий топтордун ортосунда оорчулук өсөт. Албетте, Талибан ушундан пайдаланат. Бирок мен Талибандын ичинде тынчтыкты жана бийликти бөлүштүрүү жөнүндө кандайдыр-бир макулдашууну каалаган тынчтык канаты бар деп ишенем. Анткени алар да чарчап бүттү, алар мына дээрлик 30 жылдан бери салгылашып келатат. Алар чарчады, алар мындан ары качкын болгусу келбейт, алар үйлөрүнө кайтып баргысы келет. Ошол эле учурда агрессивдүү маанайдагы жоокерлердин жана командирлердин алда канча жаш мууну бар жана алар бийликке жеткиси келет.

 

Ошентип, кыска мөөнөттүү планда Талибан бийликти басып ала албайт. 300 миң жоокерден турган афган аскери бар. Анын кармашууга жетиштүү кудурети бар. Эгерде узак мөөнөттүү планда болбосо да, азыр ал Талибанды кантсе да ооздуктай алат. Мен шайлоодон кийин кандайдыр-бир диалог башталат деп үмүттөнөм.

 

- Борбордук Азияда (БА) айрымдары 2014-жылы америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин кырдаал начарлайт жана бул региондо да стабилсиздик орун алат деп көрөгөчтүк кылып жатат. Бул үчүн негиздер барбы?

 

- Борбордук Азияда аракетте болгон Өзбекстан ислам кыймылы (ИДУ) сыяктуу экстремисттик топтор 11-сентябрдан кийин күчтүүрөөк болуп калды. Аларда Пакистандагы жана Афганистандагы Талибандын колдоосу бар. Азыр алар өзбектердин же тажиктердин ичинен гана эмес, ошондой эле бүткүл Борбордук Азиядан жоокерлерди топтоп жатат. Казактар, кыргыздар, Кавказдын өкүлдөрү, Кытайдан уйгурлар бар. Алар пан-туркестандык топ болуп калды. Алар Талибан менен бирге америкалыктарга каршы салгылашып жатат. Азыр аларга Аль-Каида жана Пакистандагы башка топтор жардам берип жатат. Бул жагынан алганда алар күчтүү болуп калды.

 

Бирок мен дале алар Борбордук Азияга өтүп кетиши кыйын болот деп ойлойм. Бул өлкөлөрдүн Афганистан менен чек арасы алда канча мыкты кайтарыла баштады.

 

Бирок Борбордук Азияга реалдуу коркунуч ушул экстремисттик топтордон келип чыгып жаткан жок. Реалдуу коркунуч бул өлкөлөрдүн өздөрүнүн ичинде. Өзбекстандын жана Тажикстандын өкмөттөрү мамлекет менен калктын ортосунда мыкты мамилелерди камсыз кыла алабы? Эгерде алар муну жасай албаса, анда бул топтор күчтүү болуп калат, анткени демократиялык альтернатива жок. Ошондуктан бардыгы режимдерге, алар башкарууну жакшыртууга, коррупцияны азайтууга, көбүрөөк экономикалык бакубаттуулукту камсыз кылууга кудуреттүү экендигине же жоктугуна байланыштуу. Ошондуктан эгерде бул өлкөлөрдө ички саясий стабилсиздик, ички экономикалык кыйроо, ички репрессиялар болсо, анда бул топтор ушундан пайдаланат.

 

- Афганистанга америкалык кол салуудан кийин бул өлкө героинди өндүрүү боюнча рекорддорду кое башташынын, ал эми Россия менен Кытай героинди ири керектөөчүлөр болуп калганынын фактысын кандай түшүндүрөсүз?

 

- Биринчи кезекте америкалыктар, алар миллиарддаган долларларды айыл чарбасына жумшаган жок. Афганистан – агрардык өлкө жана анын бүткүл экономикасы – бул айыл чарбасы. Дыйкандарда апийимди өстүрүүдөн башка арга калган жок, аны өстүрүү алда канча пайдалуу. Кайрадан баш көтөргөн Талибан бул фермерлерди коргой баштады, алар дыйкандар арасында өтө кадыр-барктуу болуп калды.

 

Андан соң алар ИДУ менен өзүнүн байланыштары аркылуу Борбордук Азияда героиндин экспортун кубаттай баштады, анан ал жактан Москвага, Чыгыш Европага, Батыш Европага карай акты. Героиндин көпчүлүк бөлүгү Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу кетип жаткандыгынын фактысы Талибандын жана Аль-Каиданын ИДУ менен мыкты байланыштары жөнүндө айтып турат.

 

- Борбордук Азиядагы Жаңы Чоң оюн, трубопроводдордун геосаясаты алиге чейин актуалдуубу?

 

- Ооба, өзгөчө Түркмөнстандан Афганистанга, Пакистанга жана Индияга (ТАПИ) кеткен трубопровод. Бирок көйгөй трубопроводду америкалыктар курууну каалаган 90-жылдардагыдай эле, - бул үчүн Афганистанда тынчтык болууга тийиш. Эгерде стабилсиздик болот жана Талибан каалаган учурда түтүктү жардырып жибериши мүмкүн деген ыктымалдуулук бар болсо, эч ким миллиарддарды инвестициялабайт. Афганистанда тынчтыкка муктаждык зор.

 

Экинчи жагынан алганда, Пакистанда жарандык согуш башталды: Талибан менен согуш жүрүп жатат, Белуджистанда жарандык согуш жүрүп жатат, ал бөлүнүп чыккысы келет, Карачиде көтөрүлүшчүлөр согушуп жатат... бирок Афганистан менен Пакистанга энергия – электр, газ, нефть керек. Электрди Борбордук Азиядан Афганистан менен Пакистанга экспорттоо боюнча өтө кызыктуу долбоор бар. Бирок стабилсиздиктен улам муну жасоо кыйын болот.

 

- Ири державалар Борбордук Азия үчүн атаандашып жатат. АКШ Жаңы Жибек жолун алга илгерилетүүдө. Өткөн жылы Кытай Жибек жолунун зонасын сунуш кылды. Россиянын аскердик катышуусу бар. Бирок сөз негизинен энергетикалык ресурстар жөнүндө жүрүп жатат. Сиздин пикириңиз боюнча, Борбордук Азиядагы кырдаал Батыш менен Россиянын ортосундагы мамилелер курчугандан кийин кансыз согушка өтөбү, мындайча айтканда, ресурстар гана эмес, ошондой эле идеология пайда болобу?

 

- Батыш менен Россиянын ортосундагы мамилелер ойдогудай нукка түшөт деп үмүттөнөм. Жаңы Чоң оюнда Кытай маанилүү оюнчу болуп калат деп ойлойм. Бул өлкөнүн Борбордук Азиядагы таасири тынымсыз өсүп жатат. Азыр Россия Борбордук Азияда Кытай менен атаандаша албайт деп ойлойм. Россиянын андай кеңири экономикалык катышуусу жок. Бул өлкө Европага газдын жана нефтинин экспортуна байланыштуу. Кытай Борбордук Азияга бардыгын, эң ириде, кеңири керектелүүчү товарларды экспорттойт. Биз ошондой эле АКШнын чегинүүсүн көрүп турабыз. Мен АКШ Борбордук Азияда чоң оюнчу бойдон калат деген ойдон алысмын. Биз Кытайдын каптап келатканын көрүп турабыз. Эми Россия буга чейин ойноп келген ролду ойной албайт. Ал бир эле учурда батышта Европалык шериктештикти жана чыгышта Кытайды ооздуктай албайт. Ал компромисс табышына туура келет.

 

Чоң оюн улантылат. Биз жаңы оюнчуларды, мисалы, Индияны көрүп турабыз. Иран Борбордук Азияда жана Афганистанда чоң роль ойнойт. Чоң оюн алда канча татаал болуп калууда.

 

- Сиздин пикириңиз боюнча, Борбордук Азияда саясий ислам өсө береби?

 

- Демократиясы бар жана саясий партияларга уруксат берилбеген жана альтернативалар жок болгон өлкөлөрдө саясий оппозиция көмүскөгө кетет жана радикалдашат деген коркунуч дайыма өкүм сүрөт. Бул ислам кыймылы жагынан Тажикстанда жана Өзбекстанда болуп өткөн нерсе. Мен Борбордук Азиядагы өкмөттөр суфизмдин каада-салттарын, алда канча ойлонулган жана орточо исламды пайдалана алар эле деген ойдомун. Албетте, эгерде бул мамлекет тарабынан жана саясий топтор тарабынан көбүрөөк колдоого ээ болсо. Бул диний радикалдардан мыкты коргоо. Исламдын орточо агымын колдоо керек. Анын үстүнө суфизм Борбордук Азияда пайда болгон жана андан тарап баштаган.

 

Экинчи жагынан, саясий эркиндик керек, ансыз исламисттер радикалдашат жана куралдуу күрөштү баштайт. Бул жагынан Кыргызстан көп жакшы нерселерди жасады деп ойлойм, анткени силердин өлкөдө саясий, анын ичинде диний көз караштарды эркин билдирүүгө болот.

 

- Азыр Кыргызстанда дээрлик ар бир айылда мечит бар. Көпчүлүк мечиттер иш жүзүндө Жаамат Таблиги кыймылынын контролдугу астында турат, анын келип чыгышы Пакистандан башталат. Айрым коңшу өлкөлөр бул кыймылга тыюу салган. Сиздин пикириңиз боюнча, бул кыймылдын өсүшү өлкөнүн саясатына, келечекте анын коопсуздугуна таасир этпейби?

 

- Бул саясий эмес кыймыл. Бирок биз Пакистандан көпчүлүк куралдуу топтор Жаамат Таблигине, мисалы, Аль-Каидага тартылып жатканын көрүп турабыз. Алар үчүн өзүнүн таасирин жайылтуу өтө жеңил. Деген менен Таблиги өз алдынча тынч топ, саясий эмес, куралдуу эмес. Ал ошондой эле аларды башкалар пайдаланып жатканы үчүн күнөөлүү эмес. Таблиги өзүнчө турганда коркунуч келтирбейт деп ойлойм.

 

- Сиз Өкмөт бул кыймылга тыюу салууга тийиш деп эсептейсизби?

 

- Жок, мен бул кырдаалды алда канча жаман кылат деп ойлойм. Анткени алар дароо эле көмүскөгө кетет. Исламизмди репрессиялар менен жеңүүгө болбойт. Сен өзүңдү ага ылайыкташың керек. Исламдык топторду зомбулук жасатпоо үчүн мамлекет кыйла күчтүү болууга тийиш. Ошондуктан мамлекет чек арадан улам саясий топторду финансылоого уруксат берүүгө тийиш эмес. Пакистанда биз курал таратууну контролдой алган жокпуз, чет өлкөдөн финансылоону четтете алган жокпуз, ошондуктан биз көп сандаган диний топтордун, анын ичинде Талибандын, Аль-Каиданын, антишииттик, антихристиандык ж.б. топтордун дүркүрөп өсүшүнүн күбөсү болуп калдык.

 

Ошондуктан бул топторду жок кылууга аракеттенүүнүн кереги жок, аларды зомбулуктан калкалоо керек, башкача айтканда, курал берүүнү жана акча таратууну контролдоо зарыл. Бул маселеде мамлекет күчтүү болууга тийиш...

 

Маалымдама. Ахмед Рашид (http://www.ahmedrashid.com) – белгилүү пакистандык журналист, Афганистан, Пакистан жана Борбордук Азия жөнүндө көп сандаган китептердин автору. Билимди Англиянын университеттеринде алган. Анын эң белгилүү китеби «Талибан: Күжүрмөн Ислам, Нефть жана Борбордук Азиядагы фундаментализм».

 

akipress