Алексей Малашенко: Бажы союзу – болгону экономикалык союз деп айткан учурда, амалданышат

March 25, 2014, 06:00

«Бажы союзу – болгону экономикалык союз деп айткан учурда, амалданышат», - деп билдирди бүгүн россиялык эксперттердин жана политологдордун «Афганистан эл аралык коалициянын аскерлери чыгарылгандан кийин: Россия Федерациясы үчүн коркунучтар, тобокелдиктер жана көйгөйлөр» темасындагы ачык лекциясында Москвадагы Карнеги борборунун өкүлү Алексей Малашенко.

 

Анын айтымы боюнча, «саясий себептери бар деп айтуу туура» болмок. «Россиялык саясатчылардын кимдир-бири Кыргызстан Бажы союзуна кирген учурда эгемендүүлүгүнөн ажырап калышына туура келет деп айтты. Бул интеграция. Ар бир мамлекет эмне маанилүү экенин чечүүгө тийиш. Ушундан баштоо керек», - деп айтты Алексей Малашенко.


Ал «Украинадагы жана анын айланасындагы окуялар интеграция процессине эбегейсиз зор зыян келтирди» деп белгиледи.

 

Башка эксперт – Петр Топычканов – адегенде БС «экономикалык союз катары пайда болду» деп кошумчалады. «Бирок Украинадагы окуялардан кийин ал саясий түскө боелду. Айрым лидерлер БСны саясий өбөлгө катары пайдаланып, буга саясий контекстти кошуп жатат», - деп белгиледи ал.

 

 

«24.kg» маалымат агенттиги, Махинур НИЯЗОВА