Петр Топычканов: «Бажы Союзу жана Афганистандын көйгөйлөрү бири-бирине таасир этпестен өкүм сүрө бериши мүмкүн

March 26, 2014, 06:00

Бажы Союзу жана Афганистандын көйгөйлөрү бири-бирине таасир этпестен өкүм сүрө бериши мүмкүн. Бүгүн бул жөнүндө Бишкекте «Афганистан эл аралык коалициянын аскерлери чыгарылгандан кийин: Россия үчүн коркунучтар, тобокелдиктер жана көйгөйлөр» темасындагы ачык лекцияда Москвадагы Карнеги борборунун «Таркатпоо көйгөйлөрү» программасынын координатору Петр Топычканов билдирди.

 

Анын айтымына караганда, Россия үчүн айрым көйгөйлөр таасир этпестен өкүм сүрө берет. «Россиянын бийликтери Бажы Союзун өзүнчө долбоор катары кабылдайт, анткени БС саясий долбоор катары кабылданууда. Саясий себеп бар, бирок ал башынан эле экономикалык долбоор катары ойлонулган болучу. Украинадагы окуядан кийин Бажы Союзу дал саясий долбоор катары кабылданып калды. Бажы Союзу экономикалык кызматташтык жана интеграция боюнча долбоор болуп саналат, бирок Россия өкмөтүнүн айланасындагы айрымдар БСнын саясий долбоор катар көрсөтө баштады», деп айтты П.Топычканов.

 

Москвадагы Карнеги борборунун «Дин, коом жана коопсуздук» программасынын улук илимий кызматкери жана тең төрагасы Алексей Малашенконун сөздөрү боюнча Кыргызстан БСга кошулган учурда улуттук таламдарын уттуруп коет деген пикир чындыкка дал келбейт. «Бажы Союзу – бул, биринчи кезекте, экономикалык кызматташтык жана интеграция. Интеграция учурунда улуттук таламдарга терс таасирди эске албастан кызматташуу керек. Украинадагы окуялардан кийин интеграцияга зор сокку урулду», деп белгиледи ал.

 

 

Салтанат Абдраева - Кабар