Петр Топычканов: Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинде Россия алда канча тыгыз кызматташууга тийиш болгон эки өлкө – Кыргызстан менен Тажикстан бар

March 26, 2014, 06:00

«Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинде Россия алда канча тыгыз кызматташууга тийиш болгон эки өлкө бар. Алар – Кыргызстан менен Тажикстан», - деп билдирди бүгүн россиялык эксперттердин жана политологдордун «Афганистан эл аралык коалициянын аскерлери чыгарылгандан кийин: Россия Федерациясы үчүн коркунучтар, тобокелдиктер жана көйгөйлөр» темасындагы ачык лекцияда Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Петр Топычканов.

 

«Эл аралык коалициянын аскерлери Афганистандан кетиши жана «Манас» аэропортунда АКШнын транзиттик борбору ишин токтотушу менен тажик-афган чек арасын кайтарууга Россиянын түздөн-түз катышуусуна жана Кыргызстандын түштүгүндө россиялык аскер базасын түзүүгө Кыргызстанда зарылчылык өсөт. Россиялык аскер кызматчыларынын кыргыз жана тажик союздаштар менен биргелешкен туруктуу машыгуулары зарыл. Өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргызстандын жана Тажикстандын аскерлерин кайра куралдандыруу жана алардын аскер кызматчыларын, эң оболу, офицердик курамын кайра окутуу талап кылынат», - деп айтылат анын докладында.

 

Эксперт Өзбекстан Республикасы менен тыгыз кызматташтык каралбаганын белгиледи. «Өзбекстан согушчан адамдарды Афганистанга жана Пакистанга жөнөтүүчүлөрдүн бири болуп саналат жана таптакыр түшүнүксүз саясий фазага кирди. Бул өлкөдө бийлик кимге өтөөрү жана кырдаал канчалык стабилдүү болоору белгисиз. Кыргызстандан айырмаланып, Өзбекстан менен Россия стабилдүүлүк жоктугунан улам жумушчу байланыштарды сактоого тийиш», - деп кошумчалады Петр Топычканов.

 

Ал Россия «эгерде АКШ менен НАТО ООНдун мандатынын алкагында аракеттенүүгө даяр болсо, алар менен кызматташууга даяр» деп баса белгиледи. «Андай болбосо кызматташтык жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Соңку окуялардын өңүтүндө Афганистан жагынан кызматташууда Россия менен АКШга эч нерсе тоскоолдук кылууга тийиш эмес. Соңку санкциялардын өңүтүндө да кызматташтык боюнча коридорду сактоо зарыл», деп айтты Петр Топычканов.

 

 

«24.kg»маалымат агенттиги, Махинур НИЯЗОВА