Зайончковская: Россия мигрантсыз алыска кете албайт
March 3, 2014, 06:00Миграция боюнча, отурукташтыруу жана эмгек рыногунун көйгөйлөрү боюнча адис Жанна Зайончковская кыргызстандыктардын россиялык коомго интеграциясынын процесстери жөнүндө.
«Азаттык»: Азыркы учурда Россияда Кыргызстандан келген өтө көп мигранттар бар. Миграциянын биринчи толкуну 90-жылдарга туура келген, ал мигранттар айрым куракка жетти, айрымдары кайрадан мекенине кайтып жатат. Ал эми жаш адамдар негизинен ал жакта калып калууда, алардын көпчүлүгү россиялык жарандыкты алды. Сиздин пикириңиз боюнча, азыркы кыргыз жаштары россиялык коомго кантип интеграцияланат?
Зайончковская: Эгерде адамдардын адистиги бар болсо жана иштеп жатса, алар ойдогудай интеграцияланат деп ойлойм. Силердин мигранттар орус тилин жакшы билгендиги, акценти жок сүйлөгөндүгү менен айырмаланат, ошондуктан алар үчүн иш боюнча ири чектөөлөр жок. Силер билесиңер: эгерде адам тилди билсе, ал бардык жерде иштей алат. Ал эми силердин мигранттар иштей алат, анткени тилди билет. Анын үстүнө, алар алар РФнын жараны болуп саналса иштей алат. Алар адамдар менен баарлашуу боло турган бардык жерлерде иштей алат. Мисалы, азыр келип жаткан мигранттар да орустар менен катар супермаркеттерде кассир, кафеде официант болуп иштеп жатат, анткени орус тилинде эркин сүйлөйт.
Бирок мигранттардын биринчи толкунунда, мен биринчи толкунунан эмес деп айтар элем, орто толкунунда (Акаевдин отставкасынан кийинки ушундай кыйла чоң толкуну болгон) Кыргызстандан Россияга көчүп келген адамдардын саны 100 миңден ашыкка чейин жеткен. Ошол жылдары алардын көпчүлүгү жарандыкты да алган. Бирок, силердин Россиядагы Элчилигиңерден айтып жаткандай, алардын айрымдарынын көйгөйлөрү бар. Ушул кезге чейин өзүнүн турак-жайы жок жүргөн, ушуга чейин аны жалдап келаткан адамдар бар, ал эми турак-жайды жалдоо өтө кымбат турат. Ал эми айрымдары кала берсе кайра кайтып баргысы келет, бирок алардын жарандыгы жок. Алар бул маселени жөнгө салышы кыйын. Жалпысынан алганда, Орто Азиядагы башка башка мигранттардын арасында кыргыз мигранттары орус тилин билгендигинен улам алда канча жагымдуу абалда деп ойлойм. Мындан тышкары, кыргызстандык аялдар – эркин, анткени Кыргызстандан кыйла көп кыздар барып жатат.
«Азаттык»: Бишкекте биз жаңылыктардын чыгарылыштарынан россиялыктардын мигранттарга олуттуу каршы маанайларды жөнүндө көп билип жатабыз. Бул Москвада жана Петербургда алда канча курч байкалууда, өзгөчө Матвеев базарындагы жана Бирюлёводого москвалык жашылча базарындагы окуялардан кийин өзгөчө байкалууда. Москвалык адам жана миграция маселелери боюнча эксперт катары түпкү калктын мигранттарга карата мамилесине баа берип кетсеңиз.
Зайончковская: Миграциянын негизиндеги чыр-чатактар, чектен чыгуулар чындыгында эле бар. Алар үчүн күнөөнү мигранттарга жаап койгон учурлар бар. Мындай талаш-тартыштарга негизинен айылдык тургундар дуушарланат. Эгерде булар силердин мигранттар болсо, анда алар, көбүнесе, Фергана өрөөнүнөн келгендер, алар квалификациясыз иштерди аткарат жана орус тилинде түшүндүрө албайт. Албетте, алар сыртынан караганда айырмаланып турат. Мындай мигранттар, эреже катары, тажиктерге, өзбектерге түспөлдөшүп кетет – мына ушундай мигранттык жамаат. Бул чыр-чатактар үчүн ким күнөөлүү? Албетте, көбүнесе россиялык коомчулук күнөөлүү деп ойлойм, анткени, биринчиден, миграцияны уюштуруучулар күнөөлүү. Мисалы, Москвада, кечинде адамдар жумуштан кайтып келаткан учурда, метродо адамдардын агымы келаткан болот, айрым станцияларда, өзгөчө Кольцевая станциясында эки тарабында тең бири-бирине ыктап, чочоюп олтурган мигранттарды көрүүгө болот. Албетте, адамдар кылчайып карашат: анткени көптөгөн жаш эркектер топтолуп алган. Бул болсо, аларды жалдоочулар транспортту ушундай уюштургандыгында – алар бул адамдарды алып, метронун станциясынан түнөккө алып кетет. Мигранттар ал жерге өзүнүн эрки боюнча жана ал жерде кандайдыр-бир чаң чыгаруу үчүн топтолуп жаткан жок. Алар жөн гана транспортту күтүп жатат.
Бардык жерлерде муниципалитеттер бар, алардын жетекчилери бар, алар мигранттарды Москванын чегинен тышкары жакка, алар жашаган жерге алып кетет. Бирок муну адамдардын зор агымы ишке бараткан, иштен келаткан, эл көп топтолгон учурда метронун станциясынан башка жерде жасоого болот. Мындай тартипсиздиктер Бирюлёво жашылча базарында да болгон. Алар россиялык басма сөздө кеңири талкууланды, телекөрсөтүүдөгү дискуссиялардын жүрүшүндө териштирилди. Кыскасы, бул окуяны мигранттардын мойнуна илип салышты, бирок чынын айтканда бул жерде мигранттардын тиешеси жок болучу. Ал жерде ошол базадагы ишти уюштуруучулар күнөөлүү, полиция күнөөлүү, ага жергиликтүү тургундар алардын короолорунда кечкисин көптөгөн адамдар топтолуп жүрөт деп бир нече жолу даттанган. Аялдар өтө кеч калганда өздөрүнүн үйүнө жакын келгенден коркобуз, анткени ал жерде көп эркектер жөн эле басып жүрүшөт деп даттанган.
Полициядан жооп болгон эмес, эч ким кулак каккан эмес. Алиги азербайжан гана жетиштүү болгон, балким, ал бир нерсе чегип алган жана ал Москвада канча жашаганы да белгисиз... Ал жердеги базарда, дал базанын өзүндө тажиктер иштеп жаткан, аларды эч ким көргөн эмес, алар иш менен алек болгон. Бирок базага жашылчаларды ташып келген жана аларды соода жайларына тараткан чубалжыган машиналардын айдоочулары аларды баарынан көп кыжырданткан. Ушул чубалжыган машиналардын айдоочулары кечкисин каңгып басып жүргөн, бул да адамдардын кыжырына тийген. Билесиңерби, кала берсе ФМСтин директору Ромадановский өз сөздөрүндө базада иштеген тажиктер эч кандай тартипсиздик кылган жок деп бир нече жолу айтты.
«Азаттык»: Башкача айтканда, Сиз негизги күнөө эмгекти уюштуруучуларда деп эсептейсизби?
Зайончковская: Албетте, күнөө түздөн-түз иш берүүчүлөрдө жана полицияда. Бирок, полицейлерге келсек, алар жергиликтүү тургундардын кайрылууларына көңүл бурбайт, алар парага гана көңүл бурат, ошондуктан бул башка нерсе. Ошондуктан муниципалдык органдар, мениме, бул маселеге көңүл бурууга тийиш.
«Азаттык»: Бирюлёводогу жана Матвеев базарындагы тартипсиздиктерден кийин россиялык жана жергиликтүү басма сөздөрдө алар үчүн мигранттар, иш берүүчүлөр жана улутчул маанайдагы жаштар гана эмес, ошондой эле ошол эле мигранттар тарабынан жасалган укук бузууларга айрым акы үчүн бармак басты, көз кысты кылган укук коргоо органдары да күнөөлүү деген пикирлер айтылды. Буга кандай дейсиз?
Зайончковская: Албетте, полиция мигранттар жайгашкан бардык жерлерди билет. Ага мигранттардын ичинен кызматкерлерди расмий түрдө жалдоону каалабаган иш берүүчүлөр мыйзамга жат иштеп жатканы да белгилүү. Албетте, эгерде полиция менен байланышка барбаса, бул мүмкүн эмес, анткени полиция андан ушул мыйзамсыз кызматкерлерди дароо таап алат. Мисалы, мигранттар кичинекей вагондордо жашаган курулушту алалы. Эмне, ал кичинекей вагондор көрүнбөйбү? Алар көрүнүп турат, бирок силер бул курулуштардын аймагына кире албайсыңар, ал жерде дарбазалар жабык, кароолчу турат, ал шимшилеген адамдарды ал жакка киргизбейт. Албетте, полиция мунун баарын билет жана анын иш берүүчүлөр же ушул участокко контролдук кылган ошол эле Миграциялык кызматтын кызматкерлери менен байланыштары бар.
Булар, албетте, миграциянын көйгөйү. Бул коррупциялык тармактар, аларды россиялык деп айтууга болбойт, алар өнөк өлкөлөрдүн ортосундагы тармактар. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген, азгырылып келген, ташылып келген мигранттарды «ыплас» жалдоочулар бар. Азыр 90-жылдардагыдай бандиттик жок. Булардын баарынан арылганбыз, ал учурда поезддерде өз туугандарынын ичинен адамдарды азгырып, тоодой байлыктарды убада кылып, бирок жолдо келаткан учурда паспортторун алып койчу. Андан соң Россияга алып келип, кандайдыр-бир жеке ортомчуга тапшырчу, ал болсо кийин адамдарды иш берүүчүлөргө сатып жиберчү. Анан бул адамдар өз паспортторун дагы көпкө чейин ала албай, эч жакка чыга алган эмес. Бул кадимкидей эле кулчулук болгон. Бирок бул тээ артта калды, азыр паспортту алып коюу чанда кездешет.
«Азаттык»: Ооба, мындай массалык учурлар артта калды, ошого карабастан кулчулук дале өкүм сүрүп жатат. Дагестанда кулчулукта жүргөн адам жакында Кыргызстанга кайтып келди. Буга чейин да ушундай бир окуя болгон. Орто Азиядан келген канча мигрант Түндүк Кавказда кулчулукта жүргөнү жагынан Сизде маалыматтар барбы?
Зайончковская: Бизде кала берсе кулчулукта жүргөн россиялыктар жагынан да маалыматтар жок. Бул адамдарды тапкан учурда, алар: мигранттар да, россиялыктар да бирге олтурушкан. Орто Азиядан келген мигранттар гана эмес, ошол эле украиндер кыйла көп учурда аларга кулчулукка түшкөн. Ушундай учурлар болгон. Аларды тапкан учурда алар белгилүү болуп калат, бул жөнүндө басма сөзгө жазып чыгышат. Бул массалык мүнөздө эмес, бирок мындайлар болуп жатат.
«Азаттык»: Сиз жумушка уруксат берүү жөнүндө айттыңыз. Россиянын аймагында көпчүлүк мигранттар жасалма документтер боюнча иштеп жатканы жашыруун эмес. Жакында биздин кесиптештерибиз Москвага барып жана ишке уруксатты эксперимент иретинде 500 рублге сатып алышты. Россияда мындай көрүнүштөрдөн арылуу үчүн кандайдыр-бир чараларды көрүп жаткан компетенттүү органдар барбы?
Зайончковская: Алар буга каршы жан үрөп күрөшүп жатканы көрүнбөйт, анткени азыр Москвада кала берсе асфальтта да ар кандай жарыяларды жазуу мода болуп калды. Алар кандайдыр-бир документтерди басып чыгарышат, беришет: каттоо, ишке уруксат, күбөлүктөр, диплом – ал жерде эмне гана жок. Автобустарда, адамдар кандайдыр топтоло калган бардык жерлерде чаптап коюшат. Мындай жарыялар бир нече ай илинип тура бериши мүмкүн, аларды эч ким жууп салбайт, сыйрып койбойт. Анан алар жок болуп кетет, андан соң кайрадан пайда болот. Азыр алар азайып калды, балким, алда канча жашыруун иштеп жатышат. Анткени адам жарыяны асфальтка жазган учурда, байланышуу телефонун берет, демек, полиция аны кармай алат. Албетте, негизинен буга айылдан келген, сабаты төмөн мигранттар чалынат. Бирок соода-сатыкка түшкөн квоталар бар. Квоталарды ким сата алат? Албетте, чиновниктер гана. Ал эми квотаны ал кайдан алат? Квоталар ведомстволор боюнча бөлүштүрүлөт, аны иш берүүчү алууга тийиш. Ал эми эгерде бул анын үстүнө ири иш берүүчү болсо, ал бардык ушул уруксаттарды, бөгөттөрдү аттап өтүшүнө туура келет.
«Азаттык»: Мигранттарга каршы маанайдын өңүтүндө чет өлкөлүктөргө карата мыйзамдар катаалдана баштады. Ушунун айынан Кыргызстанга өтө көп мигранттар кайтып келүүдө. Айрымдарын депортациялап жатышат, көпчүлүгү өз эрки боюнча кайтып келүүдө, кимдир бирөөлөрдү кара тизме дегенге киргизип жатышат. Ушуга таянып, Россиянын экономикасына мигранттардын салымына сиз кандай баа бересиз? Эгерде мигранттардын көпчүлүгү кандайдыр-бир укук бузуулар үчүн чыгарып салынса, бул анын кандайдыр-бир чөйрөлөрүнө же тармактарына, көп учурда майда тармактарына таасир этеби?
Зайончковская: Бул Россия каттоо-маалыматтык системаны киргизгендигинин натыйжасы. Бул автоматташтырылган система, ал үчүнчү жыл иштеп жатат. Ал, албетте, азырынча 100 пайзга жолго коюлган эмес. Ал эми Россиянын бийликтери ушул жол менен кетти, анткени анын алдында мыйзамсыз миграцияны кыскартуу милдети турган. Мында алар, албетте, өтө эле аша чаап кетти деп ойлойм, себеби азыр 600 миңге жакын адам Россияга кире албай калды. Сөзсүз түрдө оңдоолор киргизилет деп ишенем, мисалы, кандайдыр-бир жеңил-желпи укук бузуу үчүн адамдарды сыртка чыгарып салууга болбойт. Анткени, эгерде бардыгы ушул темп менен жүрүп олтурса, анда Россияда иштей турган адам калбай калат. Ал эми мигранттар Россияда эмгек рыногунун 7-9 пайызын ээлейт. Бул өтө жогорку пайыз, аны Германия менен салыштырууга болот, ал жерде да мигранттар көп. Ошондуктан Россия мигрантсыз алыска кете албайт. Андыктан азыр Орто Азия – Россиянын башкы миграциялык донору экени түшүнүктүү.
«Азаттык»: Кыргызстанда Россиядагы кыргызстандык мигранттардын саны жөнүндө ар кандай цифралар айтылып жатат. Кимдир-бирөөлөр ал жакта – жарым миллион, кимдир-бирөөлөр 700 миң деп айтып жатат, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, азыр ал жакта алар жарым миллионго жакын. Сизде так маалыматтар барбы?
Зайончковская: Так маалыматтар эч кимде жок, себеби бардыгы эле каттала бербейт. Эгерде силер 5,5 миллион калк жөнүндө билдирип жатсаңар, бир миллион мигрант кайдан келип чыгат? Силер 5 миллиондон жарымын кары-картаңдар менен балдарга чыгарып салууга тийишсиңер. Демек, силерде болжол менен 2 миллиондон ашык адам калат. Анан эмне, ушул 2 миллион адамдын ичинен жарымы Россияга кетип калдыбы? Ал жакта миллион адам жок – бул барып турган апыртма. Ал эми Россияда туруктуу жашоого уруксатты жылына Кыргызстандан келген болжол менен 25-30 миң мигрант алат. Бул өтө аз цифра. Эсепке алуу системасы Кыргызстандан Россияга келген 450-500 миң мигрантты каттайт.
«Азаттык»: Башкача айтканда, бул алда канча реалдуу цифра экен да?
Зайончковская: Ооба. Бул реалдуулукка алда канча жакындатылган цифра. Система Россияда жүргөн мигранттарды убакыттын ар бир учурунда каттап турат. Азыркы учурда 11-12 миллион чамалуу адам Россия Федерациясында иштеп жатат. Бул сандын ичинен Орто Азиядан келген мигранттарга болжол менен 55%ы туура келет. Бул сандын ичинен жарымы – булар, иш жүзүндө, Россиянын меймандары: бирөөлөр туугандарына келген, бирөөлөр дарыланууга, окууга, дагы кандайдыр-бир максаттар менен келген. Булар – салыштырмалуу кыска мөөнөткө келген адамдар, буларга окуп жаткандар кирбейт – аларга жүрүү мезгили беш жыл бою жыл сайын узартылып турат. Башкача айтканда, келип жаткандардын жарымынын миграцияга тиешеси жок, калган бөлүгү – кантсе да мигранттар. Мен түшүнүп турам: мейманга барган кыргыздар, тажиктер жана өзбектер жарымы эмес, андан аз, туурабы? Анткени негизинен эмгекке жарамдуу контингент барат.
Бул цифра система берип жаткан алда канча адекваттуу цифра. Себеби азыр силер миграциялык карта болмоюнча чек арадан өтө албайсыңар. Албетте, кимдир-бирөөнү сатып алууга болот, бирок азыр мунун ыктымалдуулугу аз.
Болот Колбаев