Роза Отунбаева: «Кумтөр жагындагы кырдаал парламенттин иштеп кетишин жана мамлекетибиздин келечегин аныктайт»

October 21, 2013, 06:00

Де-юре «өткөөл мезгилдин» Президенти Роза Отунбаева президенттик бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп бергенден бери ал саясий олимпте көрүнбөй калды. Кыязы, ошондуктан өлкөнүн «темирдей айымынын» инсанынын айланасында мурдагы пикирлештер, биригип алып Кыргызстанда экинчи революцияны жасаган Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамилелерде кандайдыр бир солгундоо пайда болгондугу жөнүндө ушак-айыңдар көбөйө баштады, ал тургай, Отунбаеваны түзүлүп жаткан оппозицияга жана иштеп жаткан бийликке каршы өткөрүлүп жаткан митингдерге кошуп салышты. Жалаң гана саясат жөнүндө өзүнүн биринчи интервьюсунда Роза Отунбаева өзүнүн саясий мансабындагы жигердүүлүктү атайылап тынчытып жана түзүүчүлүк үчүн жашоону жана иштөөнү чечкенин мойнуна алды. Бирок Караколдо болуп өткөн, митингдердин жана тартипсиздиктердин демилгечилеринин ичинде өзүнүн да фамилиясы айтылган соңку окуялар Роза Исаковнанын көмүскөдөн чыгышына түрткү болду.

 

- Сизди ар кандай амалдар менен кайрадан саясатка кайтарууга аракет кылып жатышат. Мисалга алсак, Ысык-Көлдөгү митингдерди уюштурууга сиздин катышыңыз бар имиштиги жөнүндө ЖМКдагы макала, мунун кимге кереги бар?

 

- Ушунун бардыгы бийлик үчүн күрөштүн уландысы. Бакиевчилердин жаны эч жай албай, качып кеткендердин жемин жегенди улантып, дале болсо кайра кайтып келүүгө үмүттөнүп жатышат. Минск реванш алуу үчүн качкан бийликтин штаб-квартирасы бойдон калууда. Бул маалымат өкмөттүн басма сөз борборунан чыкты. Өкмөттүн аппаратында мурдагы бийликтин кыйла көп адамдары, анын ичинде Бакиевдин өзүнө жакын бүтүндөй топ жашырынып жатат, алар мурда да, азыр да керектүү документтерди түзүп, кол койдуруп жана аларды чыгарып жүргөн. Өзүнүн басма сөз кызматынын ишенимдүүлүгү үчүн биринчи кезекте Өкмөт жооп берүүгө тийиш.

 

Мен бул ишти аягына чейин чыгаргым келет, өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысын сотко берем. Алар бул «өрдөктү» кайсы «кесипкөй күчтөр менен» ойлоп тапканын, анын автору ким экенин далилдеп беришсин. Сот акыйкаттыгын кимден башкага бурууга ниеттенгенин, зажигалка болгондо бардыгы кайгы менен аякташы мүмкүн болгон Караколдогу операцияны ким жаап-жашырып жатканын далилдеп беришсин.

 

Бул башаламандыкты уюштуруучулардын бири С.Жапаров менен өкмөттө олтургандардын ортосундагы байланыш тикелей жана түздөн-түз болуп чыгууда. Өкмөт башчысы өзүнө баш ийгендердин ишине баа берип алсын: укук коргоо органдары өз ишин аткарууга, окуялардын курчушунун алдын алууга тийиш. Акты каралоого жол бербөө жана маалымат майданына Өкмөт үйүнөн чыккан чагымчыл маалыматты алып чыгууну токтотуу керек.

 

Ал эми дегеле менин саясатка катышуума келсек... Мен өз фондумдун ишин жигердүү жүргүзүп жатам, коомдун зор кызыгуусун көрүп турам, ата-энелер жана билим берүү борборлору биздин долбоорлорубуз менен демилгелерибизге жандуу катышып жатат.

 

Менин фондумдун иши 20 жылдан кийин өлкөнү түзүүгө жана башкарууга келе турган кийинки муунга багытталат. Биз бүгүнкү күндөгү 3-4 жаштагылар менен иш алып барабыз. Биз ушул наристелер үчүн жооптуубуз, дүйнөнүн мегаполистеринин көчөлөрүн жыйырма жылдан кийин жапырт шыпыра тургандыгыбыз же жоктугу биздин көңүл буруубузга, инвестицияларыбызга байланыштуу. Же биз технологияларды мыкты өздөштүрүп, өзүбүздөгү же чет өлкөлөрдөгү технопарктарда иштеп, ар бир адам орто, бакубат жашай турган өлкөгө ээ болобуз. Фонддо биз маданият, билим берүү, тарбиялоо жагынан иш алып барабыз.

 

Бирок саясат, кала берсе сен ага аралашпасаң да, ал сага кийлигишет, бул жалпыга белгилүү акыйкат. Мен өлкө үчүн күйүп-бышкан ар кандай жаран сыяктуу эле Кыргызстандагы кырдаалга кунт коюп көз салып турат. Мен өзүмдү өз өлкөсүнө жүрөгүн, жан-дилин жана күчүн жумшагандардын катарына кошом. Андыктан көзүм тирүү турганда, башталган нерселерди цивилизациялуу нукка салуу үчүн болгон күчүмдү жумшайм.

 

- Караколдогу митингдин себеби жөнүндө кеп куралы. Кумтөр – саясатпы же экономикабы? Текеберчиликпи же юрисдикциябы? Кумтөрдөгү кырдаал боюнча сиздин пикириңиз

 

- Кумтөр жагындагы тема, тилекке каршы, толугу менен саясий өңүткө өттү. Кумтөр эмгектин жана биздин жерде кайталангыс жогорку технологиялуу өндүрүштү куруунун дээрлик 20 жылдык тарыхын күзгүдөй чагылдырып турат. Бул – орду толгус жоготуулардын, күрөштүн, пайданын үлүштөрүн эң башынан эле адилетсиз бөлүштүрүү, мурдагы президенттердин жекече тартипте келечек муундардын эсебинен бети жоктук менен, элге жат түрдө байышы жөнүндө кыргызстандыктардын айтып бүткүс кайгысынын тарыхы. Бул курчап турган чөйрөнү сактоо, жашоо-тиричиликти жакшыртуу үчүн күрөштө жергиликтүү тургундар тарткан азаптын учу-кыйыры жок тарыхы.

 

Кумтөрдүн көйгөйлөрүн балта менен чапкандай дароо чечүү мүмкүн эмес. Азыр бул теманы бийликтен жылмышкандардын жана таарынычы барлардын бардыгы, кандай жол менен болсо да бийликке кайтып келүүнү каалагандар жамынып алышты.

 

Саруу айылынын тургундары Ысык-Көл облусунда өлкө боюнча жападан жалгыз Өнүктүрүү фонду бар экенин билип, Бакиев учурунда суусу жок эле тынч жашап келген. Ал эми Кумтөр менен 2009-жылдагы келишимди Жогорку Кеңеште талкуулоо жана жактыруу учурунда Бакмачынын урматына чөнтөк партия тарабынан кандай гана мактоолор айтылбады.

 

Алигиче эсимде, 2003-жылдагы келишимди өзгөртүүнүн сценарийи Ак үйдө жазылган, ролдор боюнча жазылган бул партитураны «Акжол» парламентте катасы жок окуду. КСДП фракциясындагы биздин «каршы» деген 11 добушубуз алардын массалык түрдө «жактырабыз» дегенине тоскоол боло алган жок.

 

Бизге сабак алууга убакыт жетти. Күнөөлүү адамдар жоопкерчилик тартууга тийиш. 2003- жана 2009-жылдардагы келишимдерге тиешеси болгон бардык чиновниктердин, парламенттин депутаттарынын люстрациясын колдоор элем. Төртүнчү шайланган Жогорку Кеңешти эле алалы, анын чечимин Конституциялык сот бекемдеди. Бакиевдин уулунун кысымы астында акыркы келишимди даярдагандардын, аны бардык инстанцияларда бекемдеп, добуш бергендердин бардыгынын аты-жөнүн атагыла – бул документтер өрттөнүп кеткен жок, алар бар.

 

Башка аспект: бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундар кенди иштетүүдө инвесторлорго каршы түп көтөрүлүп чыгып жаткан башка облустардан жаңылыктар келип жатат. Мен бардык контракттарды ар кандай иштеп чыгуулар башталганга чейин сөзсүз жарыялоону сунуш кылар элем. Мыйзамды кабыл алуу: мамлекеттик контракт ал жарыяланганга чейин жараксыз. Бардык чечимдер: геологиялык чалгындоого лицензиядан тартып участкаларды бөлгөнгө чейин, жарыялангандан кийин гана анык. Маалыматты жашыргандыгы үчүн айыпты кароо керек. Мамлекет менен жана элдик акча менен иш жүргүзүп жатканда «коммерциялык сыр» болууга тийиш эмес деп ишенем.

 

- Сиздин оюңуз боюнча Кумтөр жагындагы кырдаал кандай өнүгөт?

 

- Бийлик колуна тийген жана иштеп чыгуулардын андан аркы тагдырын аныктоого тийиш болгон депутаттар азырынча жоопкерчиликти өзүнө албай, бөлүштүрүүнүн жакшы формасын өкмөттөн күтүп жатат. Мында көп нерселер саясий угутка ачытылганын биз көрүп турабыз. Өлкө жөнүндө ойлонбогон депутаттардын баштары көрүнүп турат, алар кийинки шайлануучу Жогорку Кеңештеги өз мандаттары жөнүндө кам уруп жатат.

 

Кандай болгон күндө да, Кумтөр көмүскө зонадан чыкты, биз, сыягы, кен казып алуу ишинин ачыктыгынын дүйнөдө сейрек кездешүүчү даражасына жетиштик. Бул мамлекеттик башкаруунун жаңы системасынын акыбети. Парламенттик система таза жана тоскоолдуксуз иштеп кетти.

 

Бул парламент чындап эле элдин келечеги жөнүндө, келечек муундар үчүн жердин байлыктары жөнүндө күйүп-бышып жатканы жагынан аны ырастабай коюуга болбойт. Өкмөттө майда жана орто бизнести өнүктүрүү жана арттыруу боюнча так багыт жок деп эсептегендер эң туура айтат; көңүл буруунун ушундай фокустарын, иштин багыттарын биз кабинет мүчөлөрүнөн көптөн бери уга элекпиз.

 

Өткөн жылдагы эл аралык аялдар конференциясында Түштүк Африканын, Малайзиянын, Черногориянын мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилеринин сүйлөгөн сөздөрү мени таң калтырды, алар көп жылдык программалардын негизинде аялдарды, жаштарды, пенсионерлерди, дене бой жагынан кемчиликтери бар адамдарды жана башкаларды бизнеске даярдоо, окутуу жагынан иш алып барат, старт-аптарды түзүүдө жардам көрсөтөт. Эмне алар бизде начар өнүккөнбү, майда жана орто ишкерлер менен алектенип жатабы?! Эмне үчүн биз башка мүмкүнчүлүктөрдү издебейбиз, башка тармактарды өнүктүрбөйбүз, бүткүл өлкө тоо-кен өнөр жайынын фронтундагы линияга топтолуп алган?

 

Өткөн айда Кытай Эл Республикасынын башчысы бизде бул жерде анын өлкөсү бизден азык-түлүк продукциясын сатып алууга даяр экенин кайрадан ырастады. Ошондо биздин реакциябыз кандай болду? Азыр Кытай кала берсе Германиядан сүт сатып алып жатат, бирок бизден алса жакын болмок! 2014-жылы Стамбулда экологиялык жактан таза продуктулардын бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү ачылат, убакыт бар, ал жакта зор суммаларга келишимдерди түзө алгыдай түрдө иштөө керек.

 

Денонсация – бул көңдөй кишилердин демагогиясы! Ал өлкөгө көтөрө алгыс чыгымдарды алып келет. Биз дароо инвесторлор үчүн тыюу салынган зона болуп калабыз. Ойлонуп көргүлө, денонсациянын артынан өндүрүш токтоп калат, бул айтылган алгачкы жети миллиард доллар бюджетке кем түшүшүнө алып келет; андан соң кемип калуулар, жоготуулар, карыздар заматта өсөт. Эл пенсия, эмгек акы, жөлөкпул албай калат. Чыгымдар бир статьядан башкасына которулат, нааразы адамдардын көтөрүлүштөрү башталат. Ошондо элдин атын жамынган депутаттарга эл: мындай парламентти желкесинен сүйрөп кууп чыгуу керек деп айтат.

 

«Демократия менен башаламандык жетишет», темирдей катуу тартип керек деп айта тургандар дароо табылат. Ал эми бул болсо азыркы Конституциянын негиздерин кайра карап чыгуу жөнүндө маселе. Биз кайрадан мурдагы кейпибизби кийип калышыбыз ыктымал. Конституциянын авторлору өнүгүүнүн ушундай вариантын көрбөй жатабы?!

 

- Өкмөт да Центеррада акциялардын бирдей үлүшү бар биргелешкен ишкананы түзүү боюнча шарттарга макул болуп, Кыргызстан үчүн пайдасыз вариантты сунуш кылды?

 

- Элдин таламында өкмөт сунуш кылган вариантты жакшыртууну өтө каалар элем. Өкмөт эсептегендей, убакыт да жетишпей калды. Бул бүтүндөй алганда, анын ичинде өкмөттө өзүнүн кесипкөй мыкты юристтеринин, эл аралык тажрыйбасы бар экономисттеринин да жоктугу. Бизде, казак же монгол өкмөтүнөн айырмаланып, болгону бир-эки адам гана англис тилинде сүйлөйт. Бул мамлекеттик менчиктин зор үлүшү бар болгон бардык ири акционердик ишканаларда жасалгандай, корпоративдик башкаруу жагынан биздин түшүнүгүбүздүн жана кандай болууга тийиш экендигинин ортосундагы айырма эбегейсиз зор экенин биз өз көзүбүз менен көрдүк. Депутаттар али биздин колубузда жок болгон 50%дан (али 4%ды кошумча алуу керек) 67%га чыгууну талап кылып жатат. Бирок жаман тынчтык чоң чатактан жакшы. Бүлүндүргөнгө караганда сүйлөшкөн дурус.

 

Ушундай татаал талаш-тартыштарды көптөгөн өлкөлөр башынан өткөргөн, бардык жерде саясат катышпай койгон эмес, бирок акыл-эс, даанышмандык артта калган эмес, жыйынтыгында жеңип чыккан. Украинанын ички саясатында татаал кесепеттерге алып келген Россия менен Украинанын ортосундагы газ боюнча кармаш эске түшөт. Биз да сабырдуулук кылып, акыл-эсти жоготууга тийиш эмеспиз. Депутаттар биздин үлүшүбүздү жогорулатуу үчүн добуш берүү менен дискуссияларды козутуп гана тим болбостон, өздөрүнүн экономикалык, финансылык, социалдык ой-пикирлерин, далилдерин берүүгө тийиш. Бүгүнкү күндө ар бир тарап «сенин көз айнегиң менин көздөрүмө ылайык келбейт» деген позицияда турат. Талкууларды жүргүзүп жаткандар бул талашта оройлук менен сөз тапкычтык жардам бербестигин билүүгө тийиш. Ал эми далилдер азырынча бекем болбой, тараптардын позициялары катаал бойдон калып жатат.

 

- Кумтөр боюнча ушул каршы туруулардын өңүтүндө сиз өлкөдөгү азыркы саясий кырдаалды кандай баалайсыз?

 

- Митингдер да ойдогудай иш, алар ар кандай учурлар жана себептер боюнча жүрүп жатат. Биз тынч митингдер жөнүндө айтып жатабыз. Ким өзүн оппозициямын деп атайт – биз көрүп турабыз, бул адамдардын баасын билебиз. Узак мезгилден бери бул адамдардын буйтап кетмейлерин билебиз. Атын атагым келген жок эле, бирок, мисалы Ө.Суваналиев эске түшүп жатат, ал 2010-жылдын июнь окуяларынын алдында жардам берейин деди, ал эми мезгил дал аскер адамдарына ылайыктуу кыйчалыш учур болчу. Анын милицияда иштеген көп жылдык тажрыйбасын эске алып, аны Ош шаарынын коменданты кылып дайындасак, биз ары бурула электе бул орундан качып кетти, кадимкидей эле качып кетти, анан алдыдагы референдумга катышкым келбейт деп актанды. Биз ошол кырдаалдан, кыйчалыш мезгилден чыктык, биз ансыз эле чыктык, өлкө ансыз эле өз жолуна чыкты жана чыга берет. Ал болсо тарыхтагы өз ордун издөөнү улантып жатат. Мейли, издей берсин, бирок муну өлкөгө пайда болгудай түрдө жасоо керек.

 

Кырдаалга келсек, адилеттүүлүктү издеп жатканда биз жашоо-тиричиликтин, ошондой эле өлкөнүн андан ары өнүгүү жолдорунун көз карашынан алганда эртеңки күн жөнүндө ойлонууга тийишпиз. Биз жакшыны жамандан ажыратып, башкысы, өтө иштиктүү болууга тийишпиз. Акыл-эсти жоготпоо, мыйзамдарды бузбоо керек. Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти өзүнө алууга тийиш, парламенттин тагдыры, анын андан ары иштеши, парламенттин өнүгүшүнүн траекториясы жана мамлекетибиздин келечеги чечилип жатат.

 

- Сиз интервьюларыңыздын биринде Президент мезгилиңизде өзүңүздү мамлекет башчысына караганда, көбүнесе кризис-менеджер катары сезгениңиз жөнүндө айткан элеңиз. Сиз ошол мезгилдеги ишиңизди азыр кандай баалайсыз?

 

- Жашоо-турмуштун элегинен жүз жолу өттү: мен бүгүнкү күндө журналисттер мен жөнүндө эмне айтат жана эмне жазат деп тынчсызданбайм, эртеңки күндө тарыхчылар эмне деп жаза тургандыгы жөнүндө ойлонуу керек. Бүгүнкү күндө айрымдары «президент деген неме» деп кыжырдануу менен жана атайылап жазышууда...

 

Мейли, жаза беришсин. Ал эми ошол кезде менин алдымда элди кыл көпүрө аркылуу бир кырдан экинчи кырга, бекем жерге алып чыгуу милдети турган.

 

Мен өлкөгө жетекчилик кылган 1,5 жылдык мезгил биздин тарыхыбызда өтө татаал мезгил болду жана аны тарыхчылар али көпкө чейин казат. Алар болсо фактыларга, биздин стратегиялык союздаштарыбыздын бири да – КМШ, ОДКБ болобу же ШОС болобу – 2010-жылдын 27-июнуна чейин бизди расмий тааныбаганына, өз саммиттеринин жыйналыштарына бизди киргизбегенине көз жумуп кое албайт. Референдумдан кийин, Конституциянын тексти менен катар Конституцияны колдонууга киргизүү боюнча, менин фамилиям да жазылган документ кабыл алынганда гана мен бул саммиттерде өлкөбүздүн атынан иш жүргүзүп, бардык өнөктөрүбүз үчүн легитимдүү субъект болуп калдым.

 

Мен бардык үч ролду аткардым: 2010-жылдын апрелинен тартып октябрына чейин президент да, премьер да, спикер да болдум. Бул кызмат оруну кандай аталганы маанилүү эмес, башкысы биз ушул кризис мезгилин башыбыздан өткөрүп жана андан чыга алдык. Карагылачы, падыша-президенттер кулатылган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө эмне болуп жатат.

 

- Эмне үчүн ошол татаал мезгилде сиз экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү менен эмес, көбүнесе саясат жана парламентаризмди куруу менен алпурушууну чечтиңиз?

 

- Өлкө өрттөнүп жана урушуп-талашып жаткан. Бирок биз, Убактылуу жана техникалык өкмөт, коомдун турмушунун ойдогудай тартибин камсыз кылдык: бүткүл ушул мезгилде пенсияны, эмгек акыны, стипендияны берүүнү токтоткон жокпуз. Ошол оор жылда экономика болгону 1,5 пайызга төмөндөдү. Июнь коогалаңы чыкканда бизде Ош, Жалал-Абад облустарында гуманитардык каатчылык учурлары болду. Суу менен нан жетпей жатты! Сиз эмне үчүн биз экономиканы жана өнөр жайды өнүктүрүү менен алпурушпастан, парламентаризмди, саясатты өнүктүрүүгө артыкчылык бердиңер деп сурап жатасыңар. Бишкекте жана айланада бардык ошол учурда кырдаал кескин, бир туруп өйдө, бир туруп ылдый өзгөрдү, жашоо кысталышка айланды, ошол кезде биз экономиканы кантип кайрадан калыбына келтирүү жана өнүктүрүү жөнүндө ойлой ала тургандыгыбызды кала берсе элестете да албайм. Жаңжалдарды басып, тынчтыкты калыбына келтирип, андан ары кандай жашайбыз, өлкө кандай жол менен кетет деп ойлонуу керек эле.

 

Жаңыдан шайланган Жогорку Кеңеш Атамбаевди премьер-министр кылып бекиткенде, ал көйгөйлөрдү тез арада чече баштады. Биз эмгек акыны мугалимдерге дээрлик 2,5 эсе, врачтарга, бардык укук коргоо органдарына 2 эсе жогорулата алдык, пенсия жогорулатылды. Мындай нерсе экономикада өсүш болуп турган Бакиевдин учурунда да жасалган эмес. Биз болсо муну от алоолоп күйүп турган учурда жасадык. Атамбаев ушундай резервдерди, мүмкүнчүлүктөрдү табууга үлгүрдү, бардык ушул катылып жаткан каражаттар казынага кетти, ошол кездеги өкмөттүн ушул эбегейсиз зор жакшы иштерин баалай билгендер аз. Бул учурда биз өлкө үчүн каргашага алып келиши мүмкүн болгон экономикадагы аңгектен татыктуулук менен чыга алдык деп эсептейм.

 

- Сиз бүгүнкү күндө Кыргызстан алып жаткан саясий кайтарымдарга сыймыктана аласызбы? Бүгүнкү күндө парламент, партиялар, өкмөт жана президент көрсөтүп жаткан парламентаризм – сиз жалама аскадан кыл көпүрө аркылуу алып барган парламентаризмдин өзүбү? Сиз бүгүнкү күндө башкаруучу КСДП партиясы бийликти басып алды деп көрүп жаткан жоксузбу – премьер-министр, президент, спикер…

 

- Сатыбалдиев – КСДПнын мүчөсү эмес, аны президент көрсөттү, алар бир пикирдеш деп болжолдоо керек. Так бололу, ал партиянын мүчөсү болуп саналбайт. Жээнбековго келсек, ооба, ал КСДПнын мүчөсү. Ал эми Атамбаевдин өзү президент болуп шайланганда партиядан чыккан.

 

Мисалы, мен дагы президент болгондо КСДПдан чыккам. Көпчүлүгү мени кайрадан саясатка барат деп ойлойт. Жообумду айтып коеюн: менин саясий ишке катышайын деген ниетим жок. Бирок эгерде ушундай зарылчылык келип чыкса, анда кайсынысы болбосун, кайрадан партияга кирүүгө туура келет. Ошондой эле Атамбаев да партияга кириши керек болот. Президент өзүнүн кызмат ордунда, менин ынанымым боюнча, арбитр болууга, партиядан тышкары бойдон калууга тийиш.

 

Биз парламентаризм нугу боюнча биринчи жолу баратабыз жана, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, көптөгөн биригүүлөр жана ажырашуулар, болуп көрбөгөндөй симбиоздор жана альянстар, бийликтин бир партия астына бир сызык боюнча тизилүүсү болот.

 

Бүгүнкү күндө оппозиция бийликти бир партия басып алышынын желегин желбиретип жатат. Бирок Конституция бар, анда оппозицияга бекитилген позиция бар, аларда азыркы учурда да кыйла кадыр-барктуу кишилер бар, 2010-жылдын апрелинде биз барууга аракеттенген ооздуктоонун жана каршы салмактын сапаты жана кудуреттүүлүгү алардын ишине байланыштуу.

 

Парламенттик оппозиция ар кандай маселени матап кое алат, алар аны ушул күнгө чейин жасап келатат. Бизде коопсуздук жана финансы боюнча өтө маанилүү комитеттер оппозициялык азчылыктын колуна берилген. Оппозициялык фракциялардан келген вице-спикерлердин таасири менен бекемделген парламенттик комитеттер өзүнүн мандатын адаттагыдай ашкере пайдаланып, министрлерди чөгөлөткөнгө чейин барып жатат. Биз буларды бардык жерлерден көрүп жатабыз. Биз бир партия бийликти кандай басып алгандыгы жөнүндө айтып жатабыз?! Бул оппозиционерлер Бакиевдин Ак-Жол партиясынын учурунда кайда жүрдү эле? Алар бакиевдик бийликтин кайсы креслолорунда отурду эле? Өлкөнүн саясий турмушундагы оппозициянын ролун күчөтүүгө алар кандай салым кошту? Алар кайда чуркап, өз акчаларын кайсы жактарга катып жүрдү эле? Алар өткөн бийликтин кырманынан чыгып, ээр токулган даяр атка минип алып, өткөн мезгилди эстеп куса болуп, аны элестетип олтурат.

 

- Өлкө бүгүнкү күндө жаңы кризис-менеджерге муктажбы жана, сиздин пикириңиз боюнча, ким андай боло алат?

 

- Мен бизге азыр кризис-менеджер керек деп ойлобойм. Бизде мыйзамдуу шайланган президент бар. Президенттин өзүнүн зор ыйгарым укуктары бар, мөөнөт аяктаганга чейин кыйла убакыт бар. Мезгил-мезгили менен анын иши кризис-менеджердин ишине окшошуп кетет, кыйчалыш кырдаалдар али толгон токой. Алар кайда жок экен, көрсөткүлөчү? Акыр аягында ар кандай өлкөнүн ар кандай президенти, эгерде ал өзүн шайлаган элдин тагдырына, Конституцияда аныкталган мөөнөткө өзүнө жоопкерчиликти алган мамлекеттин тагдырына көңүлкош болбосо, татаал, бурулуш учурларда кризис-менеджер болуп саналат.

 

 

КырТАГ – Кайыргуль Урумканова