Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыктары

April 12, 2023, 22:37

2022-жылдын 11-апрелинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыктарынын бет ачарын өткөрдү.


Бет ачарга (Презентацияга) мамлекеттик органдардын, сот органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле  илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү да катышты.


Изилдөө аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнө жана учурдагы абалына, алардын иштерди кароо тажрыйбасына жана өлкөнүн улуттук жана жергиликтүү деңгээлдериндеги негизги кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүсүнө баа берүүгө багытталган. Изилдөө отчётунда аксакалдар сотторунун портретине сыпаттамалар, алардын ишмердүүлүгүнүн айрым мыйзам ченемдүүлүктөрү, институттун актуалдуулугу, натыйжалуулугу, туруктуулугу, башка мамлекеттик органдар жана коомдук институттар менен кызматташуусу, ошондой эле бүгүнкү күндөгү гендердик- зомбулук көйгөйлөрү камтылган.
  
Иликтөө 2022-жылдын июль–ноябрь айларынын аралыгында республиканын 11 аймагында, анын ичинде 7 аймакта, республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн алкагында республиканын 7 аймагындагы 14 аксакалдар соту текшерүүгө алынган. Изилдөөгө 369 респондент катышты, алардын 203ү (55%) эркектер жана 166сы (45%) аялдар.
 
Аксакалдар сотторунун статусунун белгисиздиги, укуктук карама-каршылыктар жана активдүү аксакалдар сотторунун саны жөнүндө так маалыматтын жоктугу, гендердик зомбулук маселелерин чечүүдө аксакалдар сотторунун компетенттүүлүгү жана ролу жөнүндө пикир келишпестиктер, аксакалдар сотторунда аялдардын өкүлчүлүгүнүн аздыгы изилдөөгө себеп болгон.

ЖӨБ органдарынын берген маалыматы боюнча, учурда республикада 541 аксакалдар соту болсо, Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн жалпы саны 3282 адамды түзөт, анын ичинен 2764 (84%) эркектер жана 518 (16%) аялдар) аялдар. АС мүчөлөрүнүн эң көп саны 61 жаштан 70 жашка чейинки курактагылар, бул АС мүчөлөрүнүн жалпы санынын 47%ын түзөт. Бул тенденция эркектерге (47%) жана аялдарга (45%) туура келет. ЖӨБ органдарынын маалыматы боюнча, өлкө боюнча АС мүчөлөрүнүн 35%ы жогорку билимдүү, 23%ы орто кесиптик жана 42%ы орто билимге ээ.