Эл артисти Эрнис Асаналиев “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясынын алкагында бөбөктөргө жомок окуп берди

15 апреля 2025 г. в 07:20

2025-жылдын 11-апрелинде Ак-Ордо конушундагы №21 балдар бакчасында “Роза Отунбаеванын Демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” аттуу акция болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрнис Асаналиевдин катышып, бөбөктөргө жомок окуп берди.


Эрнис Асаналиев балдарды бири-бири менен дос болууга, ата-энени жана тарбиячыларды сыйлоого, мүмкүн болушунча көп китеп окууга чакырды. Өзүнүн сөзүндө ал жомоктор адамдын ой жүгүртүүсүн, сөз байлыгын жана боорукерлигин өстүрө турганын белгилеп өттү.


“Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясы бул кичинекей балдарга китеп окуунун кызыктуу жана маанилүү экендигин көрсөтүүнү максат кылган демилге. Ал эми жомокторду белгилүү инсандар окуп бергенде, алар жанданып, балдардын жүрөгүндө узакка сакталат.


“Роза Отунбаеванын Демилгеси” эл аралык коомдук фонду эл артисти Эрнис Асаналиевге ыраазычылык билдирет. Ошондой эле №21 балдар бакчасынын жамаатына — жылуу маанайы, ачык мамилеси жана балдардын китепке болгон кызыгуусун тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.