Экс-президент Р.Отунбаева Кыргызстанда абитуриенттер инженердин, геологдун, энергетиктин жана программистин кесибин тандашы керек деп эсептейт

May 8, 2013, 06:00

Экс-президент Р.Отунбаева Кыргызстанда абитуриенттер инженердин, геологдун, энергетиктин жана программистин кесибин тандашы керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу 7-майда Бишкекте өткөн “Көз карандысыз жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын өнүгүшү” конференциясында айтты.

Р.Отунбаеванын сөзү боюнча Кыргызстанда дипломатка окуу мода болуп калды, бирок бардыгы эле дипломат боло бербейт. Экс-президент белгилегендей, бүгүн эң башкысы келечектеги кесипти аныктап алыш. Инженер, геолог, энергетик сыяктуу кесиптерди тандаш керек, анткени өлкөнүн экономикасын мына так ушул тармактар аныктайт.

Андан тышкары ал Кыргызстанда программисттер абдан аз деди, ал эми дүйнөлүк баалоо боюнча акыркы 10 жылда программирование жана информатика тармагында миллиондогон жумуш орундары түзүлөт. Экс-президент мисал катары Индияны келтирди, анын сөзү боюнча ал “маалыматтык технологияларды багындырып алды”.

Бишкек (АКИpress)