Роза Отунбаева, экс-президент: «Эс алайын эле дейм, бирок бул жай тыным жок”
June 28, 2012, 06:00Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчылык кызматын Алмазбек Атамбаевгеөткөрүп бергенден кийин дароо эле кайра ишке киришкен. “Роза Отунбаеванын демилгеси” деген фондун ачып, жарым жылдын ичинде көптөгөн жумуштарды жасоого жетишти. Августта мекендештерибиз дүйнөнүн төрт бурчунан Кыргызстанга келип, чоң форум өткөрүлгөнү жатат.
– Алгач “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду алып барган иштерге токтолупөтсөк… – Былтыркы жылдын 1-декабрында президенттик кызматты өткөрүп бергенден кийин аталган фонд катталган эле. Командабыз менен азырынча фонддун иш багытын толук аныктап чыга элекпиз. Ошол үчүн да демилге деп атадык. Ушул күнгө чейин фонд ишке ашыра баштаган идеялардын бири – “Азияны ачуу” деген бизнес үчүн арналган чогулуштар. Анда биздин ишкерлер коомчулугу үчүн улам бир азиялык өлкөнүн эшигин ачып жатабыз.
– Долбоордун идеясы эмнеден турат? – Кыргызстан – азиялык өлкө. Бизге дайыма ”деңизден алыс, туңгуюкта жайгашкан мамлекет” деген ойду таңуулап келишет. Бирок таптакыр андай эмес! Тескерисинче, биз стратегиялык жолдордун кесилишинде турабыз, улуу державалардын жакын коңшуларыбыз. Кытай – дүйнөнүн экинчи экономикасы, аны менен миң чакырымдык чек ара байланышыбыз бар. Жаныбызда Индия турат. Серепчилер бул өлкөнү 2050-жылы дүйнөнүн биринчи экономикасына айланат деп божомолдошууда. Ири экономикалык өнүгүүнүн кожоюндары – Казакстан менен Орусия да бар. Мындайча айтканда, жакшы чөйрөгө кожоюнбуз, андыктан бизге жетишпеген турмушта жашоо жарашпайт, коңшуларга жетүү үчүн колдон келишинче аракет кылышыбыз шарт. Ушундан улам өзүбүзгө тапшырма койдук: биздин ишкерлерге бул өлкөлөрдө иш кандай жүргүзүлөрүн, ал жакта бизнестин кантип өсүп-өнүгөрүн көрсөткүбүз келди.
– Иш кайсы өлкөдөн старт алды? – Бангладешке сапарым менен барып калып, ал долбоордун биринчи өлкөсүнө айланып калды. Байкап көрсөк, Бангладеш жөнүндө эч кандай деле түшүнүгүбүз жок экен. Дүйнөнүн 44-катардагы экономикасы, 142 миллион калкы бар, ал эми жери Кыргызстандыкынан бир аз эле кичине. Аталган мамлекет Америка менен Европага текстилдик продукциясын ташуу боюнча биринчи өндүрүшчүлөрдүн катарында турат. Биз микрокаржылоо тармагындагы Бангладештин уникалдуу тажрыйбасын карап чыктык. Сапарымдын жыйынтыгы боюнча, бул өлкөнүн атынан делегация Кыргызстанга келип кетмей болду.
– Парламенттеги соңку талкуулардан улам суроо жаралат, биздеги микрокаржылоо уюмдары кандай реформалоого муктаж? Эл күткөн аз пайыздуу насыяларды берүү канткенде ишке ашат? – Негизи, мында фонддун тиешеси жок, бирок өзүм микрокаржылоо тармагына көп көңүл бурам. 1992-жылы АКШда элчи болуп турганымда биринчилерден болуп ушул тармакты Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасадым. Азыр бизде микрокаржылоо боюнча 500гө жакын уюм иштейт. Арасында 200-300 пайыз менен насыя бергендер да бар, бул, албетте, туура эмес. Жалпысынан орточо пайыз 38ди түзсө да, карапайым калкыбыз үчүн бул деле оор. Бангладеш микрокаржылоо тармагын жакырчылыкты жоюу үчүн иштетсе, биздикилердин көпчүлүгү мындан көбүрөөк акча табууга ооп кетип жатышпайбы. Пайызды төмөндөтүү үчүн, жогоруда айткандай, өтө көп пайыз менен үстөк акчасын талап кылгандарды жабуу керек. Мындай иштер башталып, 100гө жакыны жабылганын уктум. Катуу көзөмөл жүргүзүп, 50-100 пайыз менен бергендерге лицензияны токтотуу керек. Тимеле аларды муунтпасак болбойт! Күрөөканаларды да карап чыгыша элек. Экинчиден, туруктуу экономиканы куруп, чет жерден инвесторлордун келишине шарт түзүшүбүз кажет. Ошондо гана ортомчулар жоголуп, аз пайыздуу насыялар келмек. Антпесе микрокаржылоо уюмдары биздин эле коммерциялык банктан карыз алганын токтотпойт.
– Кийинки жолугушуулар кайсы өлкөлөргө арналган? – “Азияны ачуунун” экинчи жыйынын өткөрүүгө Кытай тандалган. Мында биздин ишкерлердин тажрыйбасы көп, байланыштары түзүлгөн, бирок кытай бизнесин жакшы билебиз дегенге эрте. Ал жакка барган сапарымда биздин журналисттер үчүн Кытайдын азыркы өнүгүүсүндөгү ийгиликтүү тажрыйбасын көрсөтүп берүү сунушу менен өлкө жетекчилигине кайрылдым. Үчүнчү форумду жакында эле Индияга арнадык. 12-13-июнь күндөрү Индиядан делегация келип кетти. Кезекте Япония, жолугушуу 4-июлга белгиленген. Күзүндө Түштүк Корея, Малайзия, Вьетнам, Казакстан менен да форум өткөрөбүз.
– “Азияны ачуунун” алкагында өтүп жаткан жолугушуулардын жыйынтыгы болдубу? – Барган сайын жандуу уланып, форумдун жүрүшүндө тааныш адамдардын чөйрөсү кеңейүүдө. Бул борбордогу ишкерлердин жолугушуу жайына айланып, оштуктар, нарындыктар да келип жатышат. Бизге “Союзтекстиль” ассоциациясынын башчысы Любовь Ардамина кайрылып, Кытайдын текстилдик тармагындагы заманбап өндүрүш кандай уюштурулганын көрсөтүү боюнча жардам сурады. Жакында эле Кытайга тажрыйба алып келүүгө биздин мээрман айымдарды жөнөттүк. Эми мээрман айымдарыбыз ал жакта калып кетишпесе эле болду… (күлүп жиберди).
– Ишмердүүлүктүн дагы кандай багыттары белгиленди? – Мектепке чейинки билим берүү боюнча чоң долбоорго кириштик. Өлкөдө жаш балдардын 13 пайызга чукулу мектепке чейинки мекемелерге барышат, ал эми айыл жергесинде бул көрсөткүч – 5 пайыз. Эң жакшы мезгил болгон советтик учурда да бала бакчаларга наристелердин үчтөн бири гана барчу. Лондон же Нью-Йорк сыяктуу көп улуттуу мегаполистерде кичинесинен тарбия берүүгө чоң маани беришет. Дал ушул куракта адам терисинин кандай түстө, көзүнүн чоң же жүлжүк экенине карабай бөбөктөрдү бирге чоңойтсо болот, демек, кийин мунун айынан жаңжал да орун албайт. “Сони корпорейшн” компаниясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын “Үчтөн кийин кеч” деген китебин окуп көрүңүздөр. Жаш баланы 3 жашка чейин эле тарбиялоо керектиги тууралуу баяндалат. Андыктан биз да алар үчүн бирдей шартта билим берүүгө жана тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек.
– Бул боюнча иш-чаралар планга киргизилдиби? – Гүлчөдө жашаган бир үй-бүлөгө кезигип калдык, алардын чоң үйү бар экен. Үйүн бала бакчага айлантышып, наристелер ал жакка келип турганын көрдүк. Анан да Чоң Алай менен Алай райондорунун жайлоосунда бир канча жылдардан бери иштеп жаткан бала бакчалардын уникалдуу тажрыйбасына күбө болдук. 5-6 үй бүлө биригип жайлоого чыга турган болсо, алар өзү менен кошо бир мугалимди алып кетишет экен. Ал күн сайын жаш балдарга 3 саат сабак өтүп жатканда, малын жайган ата-энелер өз иши менен убара. Мугалим наристени мектепке даярдай берет, анын ата-энеси өз учурунда акы катары сары май, курут, эт бергенин уктук. Биз бардык райондордун акимдеринин орун басарларын чогултуп, түштүккө алып келип, ошол жакшы тажрыйбаны көрсөттүк. Эми Нарын, Чүй, Таластын ар бир районунда ушул жай ичинде жайлоолордо бала бакчаларды ачууга дилгирленип жатышат. Бала бакчалар боюнча Ага Хан фонду менен ЮНИСЕФтин колдоосун баса белгилеп өтпөсөм болбойт. Биздин фонд ошол тажрыйбаларды таратууну гана каалайт. Жакын арада Суусамырда ушундай бала бакчалардын бири ачылат дешүүдө, аны өз көзүм менен көрүп келейин деп жатам.
– Мекендештердин форумуна келсек, бул иш кандай жүрүп жатат? – Аталган форум улуттук курулуш милдетин чечүүгө багытталган. Таштарды бирден чогултууга убакыт келди. Бир гана нан үчүн акча табууга кеткендерди эмес, бул жашоодо бутуна тургусу келген ар бир мекендешибизди бириктиребиз.
– Форумдун алкагында кандай иш-чаралар пландалууда? – 1-августта чоң концерт болот. Чет жерде иштеп-жашаган жердештерибиз өз чыгармачылыктарын тартуулашмакчы. Форумдун өзү конференция түрүндө өтөт. Анда өкмөттүн мүчөлөрү менен төрт бөлүктө өлкөнүн өнүгүү багыттары талкууланат. Форумга катышуучулардын бири – Тилек Мамутов. Ал азыр “Google” компаниясынын башкы кеңсесинде Борбордук жана Түштүк Азиядагы жаңы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн жооп берет. Чет жерде ийгиликтүү ишин улантып жаткан белгилүү докторлорубуз Бакыт Көбөгөнов менен Талант Батыралиев келишет. Атактуу пианист Азамат Садыков жана скрипкачы Артур Чормонов да катышат.
– Мисалы, Орусияда көчө шыпыруучу болуп иштеген мигрант форумга катыша алабы? – Албетте, бул форумга бардык чет жердеги кыргызстандыктарды чакырып жатабыз. Кайсы жерде иштесе да, биздин мекендешибиз болгондон кийин азыркы улуттук курулуш ишине катышуу туура болот. Каражат жагынан дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп, биз каттоо төлөмүн киргизип жатабыз. Анткени донорлорго жалдырабай, өзүбүз өткөрөлү деген ниет бар, көпчүлүк мындай талапты түшүнүп жатат. Биздин форумда 4 сессия, 2 түштөнүү жана 4 кофе-брейктин баасы 50 долларды түзөт. Дагы бир салтанаттуу кечки тамак бар, атайын маданияттык программасы менен. Ал да 50 доллар турат. Бирок ага барбай деле койсо болот. Бул каттоону 10-июлга чейин гана жүргүзөбүз. Андан кийин баа эки эсе жогорулайт. Бул маалыматтын баары биздин www.forum.roza.kg деген сайтта бар. Калкты өзү үчүн төлөөгө үйрөтүү керек. “Азияны ачуу” жыйынында деле кечки тамак үчүн 500 сом киргизгенде Япониянын элчиси толугу менен оң көз карашта болду.
– Донорлор өзү келген учурлар болуп жатабы? – Азырынча кайрылыша элек. Анткени фонд жаңы түзүлдү жана эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөтүүгө жетише элек. Акырындык менен жыйынтыктар билинип жатат. Башында донорлордон түшкөн каражат жок болгонуна байланыштуу өз чөнтөгүмдөн кызматкерлеримдин эмгеги үчүн төлөп жаттым. Менде экс-президент үчүн берилүүчү төлөм бар эмеспи.
– Жайдын саратаны жакындап барат. Эс алуу пландарыңыз барбы? – 1-декабрдан бери токтобой эле даңгыраган жолдо келе жатам. Көп сапарларга чыгып, жолугушууларды өткөрүп, фонддун иштери менен алек болуп эле жүрөм. 2-3-август күндөрү мекендештерибиздин форуму болот. 4-августта веложүрүшкө чакырышты. Ага катышуу үчүн машыгышым да керек. Сентябрь айында бир канча долбоорлордун үстүнөн иштөө да күтүп турат. Кыскасы, тыным жок. Мен деле эс алайын дейм, өзүмө да жакшы болмок. Бирок алдыда турган иштер басымдуулугун көрсөтүп жатат.
Эльвира Караева
politika@super.kg