Роза Отунбаева: Аялдар Кыргызстанда – коомдун эң билимдүү бөлүгү

March 8, 2013, 06:00

Роза Отунбаева Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы эң алгач президент – айым болду. Болгондо дагы, бул такты республиканын тарыхындагы эң катаал учурда келди. Ага өз мойнуна тууганчылыкка чырмалган, саясий жана экономикалык көйгөйлөргө батикан мамлекеттин жүгүн алууга туура келди. Аныошол учурда, убактылуу өкмөттүн курамына кирген башка, эркек мүчөлөр да жоопту болгон катаачылыктарга да күнөөлөп келишет. Айымдын улуттук кийимдерге болгон өзгөчө сүйүүсүн жана анын сөз байлыгындагы чет элдик сөздөрдүн көптүгүн сындап келишет. 


Роза Отунбаева өз ишин онлайн түрүндө, твиттер жана фейсбук аркылуу бөлүшкөн Кыргызстандагы жалгыз президен болуп калды – мен биздин мамлекетте башка мындай ачык саясатчыны тааныбайм. Ал дүйнөлүк аренада Кыргызстанды мыкты көрсөтө алды (чынында, бул эл аралык саммиттерде бизди уяткарбаган жалгыз президент). Жошондой эле ал – өз ишин Конституциялык жол менен өткөрүп берген биринчи президент 


Мына бүгүн дагы, Роза Отунбаева “K-News”тун айым окурмандарын Эл аралык айымдар күнү куттуктап, биздин суроолорубузга жооп берди. 


Роза Исаковна, борборазия чөлкөмүндө сиз биринчи президент-айым болдуңуз. Азиянын салтына ылайык, азыркыга чейин аялдарга өз укугун коргоо кыйын. Сизге коллегаларыңыздын – Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчыларынын мамилеси кандай болду? 


Эң алгач (ОДКБ же СНГ – эсимде жок), саммитеринде болгонумда мен коллегаларымдын толук колдоосун кабыл алдым. Алар ар тараптуу мени колдоп турганга аркет кылышты. Бирок ар биринин артында мамлекет турат, андыктан чекте туруу керек эле. Себеби ар бири өз мамлекетинин кызыкчылыгын көздөйт. 2010-жылдын эң оор айларында алардын жарымы сөз менен гана эмес тиш менен да бизге эң керектүү жардамдарын көрсөтүп жатышты. Бул СНГ чөлкөмүндөгү ири саясатчылардын чөйрөсү, алар жогорку билимдүү, кыраакы, көптү көрүп билген, тажырыйбалуу, чындыкты таанып билген, саясатчынын алыстан аныктаган адамдар. Айрымдары менен биз жыйырма жылдан бери таанышпыз. Алар мени өз чөйрөсүнө жылуу кабыл алып, өлкөбүздөгү орчундуу маселелерди эки же андан көп тараптуу форматта талкуулап жатышты. Ошол мөөнөттө ар бири кол сунууга даяр турушту. 


Айрым учурларда, биздин мырза-саясатчыларыбыз, сиздин санаалаштарыңыз десек болот, сизге, сиздин президент болушуңузга жеңил карап, этикетке ылайык сый-урмат көсөтө алышпагандай болуп жатты. 


Мага кандай сый-урмат көрсөтүш керек эле? Ооба, ал мырзалар орой келишет. Биз алардын алардын бардыгын тааныйбыз, аларды оор мезгилде да. Жакшы заманда да көрдүк. Алар чынчыл саясатчылар, алардын ар бири жалпы улуттук лидерликке талпынган. Мезгил дагы оңой болгон эмес. Ар биринин алдында маанилүү жана татаал маселелер турган. Бирине кыска мөөнөттө Конституцияны жазыш керек болсо, экинчиси – коопсуздукту кармап, мамлекеттен акчалардын чыгышын токтотсо, үчүнчүсүнө кыйрап калган экономиканы кармап калуусу керек эле. 


Чынында галанттуу болуу жөнүндө ойлоно турган мезгил эмес эле. Биз үч ай гана иштеген убактылуу өкмөттүн отурумдарында же пресс-конференцияларды гана көрүшчүбүз. 


Бул кризис учуру болчу, уруш-талаштын мезгили эле, эски күчтөр бардык аракеттери менен бийликти кармап калуунун амалдарын көрүп, ылайыгы келген жерден эле чыр-чатак чыгарып жатышты. Бардыгы оор абалда турушту, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калыш керек эле. Жаңжаалдар да болуп жатты, консенсус издеп ынтымакка алып келүүгө туура болуп жатты. Ал эми өз таламымды талашып, үстөлдү ургулап, өзүмө сый-урмат талап кылуунун мезгили эмес болчу. 


Бирок өзүңүзгө карата сиз алардан эркектик оройлугун (снобизм)күткөн жоксуз да? 


Жок андай болгон жок. Биз бардыгыбыз бири-бирибизди мурдатан тааныйбыз, билебиз. Жаш курагы жана саясий, мамлекеттик тажырыйбасы жагынан мен алардын көбүнөн улуумун. Айрымдары мен Кыргызстандын эле эмес СССРдин жетекчи орундарында отурганда студент же жаш саясатчы болушчу. Биздин коомдо жана саясатта улууларга жана аялдарга болгон сый-урамт сакталып келет. Мен ошол кыйын учурда мага карата бири дагы оор сүйлөп, катуу айтпаганын терең баалайм, ал мезгилде менден башка башчы болбогондуктан, далайларына менин столумдун тегерегинде тил табышып, ынтымакка келүүгө туура кболуп жатты. 


Деги сиз кандайча болуп мындай оор жүктү өз жоопкерчилигиңизге алууга макул болдуңуз эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң оор мезгилинде? 


Эсиңизде болсо, Бакиевдин учурунда эле мен оппозициялык парламенттин фракциясынын лидери болчумун. “Ак жолдун” 79 депутатына каршы биз 11 адам болчубуз. Мага биргелешкен оппозициянын башчысы болууга туура келди. Кийин, 2010-жылдын март айындагы курултайда мени оппозициянын торайымы кылып дайындашты. Бул өзүнө бекем ишеннген бийликке каршы турган өтө коркунучтуу позиция болчу. Мамлекет ичинде көп кыдырып, эл алдына чыгып, трибуналардан, гезиттерден ал бийликтиин ыпылас иштерин сынга алып жаттык. 


Кандуу 7-апрельдеги Ак үйдүн алдындагы адамдардын окко учушу ал бийликтин ишине чекит койду, Бакиевтер Бишкектен качышты. Ок атууларды токтотуу керек эле, биз опозициянын бир нече лидерлери Ак үйгө кирип, чоочулаган бийлик өкүлдөрүнө кезигип, кандуу урушту токтотууну талап кылдык. Үсөнов өкмөттүн таркашы жөнүндө кат жазып, мага тапшырды. Ошол түнү биз өз колубузга мамлекетти кризистен чыгаруунун жооп керчилигин алдык. “Курултайдын төрайымы сизсиз, ишңизди уланта бериңиз” – деп коллегаларым кайрылышты. Бул тууралуу башка альтернатива же талаш тартыш болгон жок. Тагдырдын тандаганы болду. 


Роза Исаковна, сиздин иш жолуңуз өжөр профессионалдуу иштин, жараандык жана саясий күрөштүн үлгүсү. Сиз карьералык өсүүнүн эң жогорку баскычына жеттиңиз. Айтыңызчы сиз кандайча жумуш менен үй-бүлөөнү биргеликте алып кеттиңиз? 


Тилекке каршы дал ушуну мен алып кете алган жокмун. Жумуштун айынан ажырашууга туура келди. 90-жылдардын орто ченинде жолдошум менен ажырашып кеттик. Жумушка байланыштуу биз жер которуп, башка мамлекеттерде көп иштеп ошол эле учурда үй-бүлөөну сактаганга аракет кылдык. Ал учурда мен тышкы иштер боюнча министр болчумун. Балдарым чоңоюп калса дагы өздөрүнө көңүл бурууну талап кылышчы, мен аны бере алган жокмун. Жолдошума да жетиштүү көңүл бөлбөгөндүктөн, акыры маселе ажырашууга келди. Жумуш менен үй-бүлөөнүн бактылуу айкалышы болгон жок. Менин үмутүм жана тирегим – менин чоңойуп калаган балдарым, алар мени кубандырып турат, алар менин канатым. 


Сиз ат үстүндө , айрым мырзаларга караганда мыкты карманасыз. Ат үстүндө жүрүүгө сизди ким үйрөттү эле? 


Ой, силерге кайдагы эле жомокту айтып жатышат. Мен атка минем, бирок өтө эле кызыга бербейм. Кантсе да улуу жашка келип калдым. Бирок атка минем, чаптыра да алам – бул факт. Анысы жок биз кыргыз айымдары тарыхый бекитилип калаган лобразыбызга туура келбей калабыз, биз көчмөнбүз да. Минтип, менин чоң энелерим жашап келген. Өз энем ат үстүнө отурган эмес, бирок мен ушундай тарыхый мүнөзү бар элден чыккандыктан, ушундай мамлекетте жашагандан кийин атка отурганды үйрөнүшүм керек деп чечтим. Атайын сабактарды алдым. Өтө коркунучтуу учурлар да кездешип жатты, өткөн жылы аттан катуу куладым, кудай бир чоң сактады. 


түшүнгөнүм боюнча сиз жашоонун активдүү мүнөзүн алып жүрөсүз, бош убактңызды кантип өткөрөсүз? 


Ат, лыжа, коньки – мунун бардыгы мага жагат. Мен неги кышты жакшы көрөм, мен үчун бул өтө активдүү мезгил. Орловкага, Караколго, ЗИЛге лыжа тепкени барам. “кара” трассаларды айтпайм, бирок “кызыл” тебем. Нарында өскөндүктөн, конькиге бала кезимен эле тургам. Азыр Бишкекте кышкысын муздарга барса болот, муз үстүндө коньки тебүүнү көтөрөбүз. Татьяна Анатольевна Тарасова келип жаш фигуристтерибизди колдоп берүүгө убадасын берген. Жайкы спорттун түрлөрүнөн чоң теннисти ойнойм. Ошондой эле ар убак йоганы аткарууга аракет кылам. 


Роза Исаковна, сиз балдарыныз менен эс аласызбы? Учурда убактыңыз көбүрөөк болуп калса керек. 


Мен фонд ачып алгам, ал жакка көп убакыт жумшаганга туура келет. Сөзсүз эле мамлекеттик иште отуруу керек эмес, ансыз деле жакшы иштерди жазаса болот. Учурда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун көптөгөн кызыктуу долбоорлору бар. Бир жыл ичинде биз көптөгөн иштерди кылганга үлгүрдүк, кененирээк биздин сайттан окусаңар болот. Май айына бүкүлшаардык билим фестивалын пландаштырып жатабыз. Фонддо бардыгы азыр анын үстүндө иштеп жатышат. Айтмакчы сиздерге рахмат, өз учурунда фонддун ишин чагылдырып турасыңар. Ошондой эле, көркөм сүрөт музейинде чоңдөр жана болдар үчүн сабактар, классикалык музыка боюнча Консерваторияда концерттерди, И.Арабаев атындагы КМУде педагогтор учүн билим берүүнүн жаңы методикаларын үйрөтүү боюнча семинарларды уюштуруп жатабыз. Жакында Москвадан адисти күтүп жатабыз, ал бизге баланын түйүлдүктө 7 айлык кезинде эле толуккандуу жашоого даярдыгы керек экендигин айтып берет. 


башкача  айтканда, сиз учурда мамлекеттин келечегине кам көрүп жаткан экенсиз да? 


Эки жылга созулуп кеткен «Транзиттик» учурда, биз жашоо турмушту жакшыртуу үчүн, экономика менен биргеликте, демократияны өздөштүрүү үчүн катуулап иштеп жатабыз. Ошол эле учурда тынымсыз өзгөрүүлөр жүрүп жатат, ой-пикирлердин күрөшү, улам жаңы тан калуулар, революциялар. Өлкөбүзгө балдар, келечек муун жана билим берүүдөгү реформалардын үстүндө иштөөгө чындап мүмкүнчүлүк болбой келет: каражаттын жоктугу, билим берүүгө акчанын аз бөлүнүшү. Мектпе билими жогорку билимге өз алына жараша эң төмөнкү даярдыктагы бүтүрүүчүлөрдү камдайт. Бир катар эл аралык уюмдардын жардамы менен, биз учурда Борбордук Азиядагы алгачкы мектепке чейинки даярдоонун жаңы системасы боюнча долбоорду иштетип жатабыз. Ар бир бөбөккө арналган 1 доолар. Кийин адисти даярдоодо 7-8 долларды үнөмдөйт. Биздин көп балалуу мамлекетибизде биз бардык мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчага бере албайбыз. Маселен 100 миң баланы мектепке бышыктап даярдоо. Бул жакшы аракет кылса ишке ашчуу маселе. 


Келечекте кандай пландарыныз бар? Сизге эл аралык уюмда орун сунушталып, чет өлкөгө чыгып кетет деген сөз чынбы? 


Жок, эч жакка кетпейм. БУУнун Генералдык катчысы Пан Ги Мун БУУнун тынчтык университетинин кеңешине мүчө болуп кирүү сунушун берди. Мен ал сунушту кабыл алдым. Университет Коста-Рикеде жайгашкан, жана тынчтык маселелери менен иштейт. Бир жылда бир кеңештин отурумуна ал жакка барып турам. Кеңешке дүйнөгө таанымал 10-15 адам кирет, маал-маалы мененн алар өзгөрүп турат. БУУнун Генералдык катчысы ЮНЕСКОнун Генералдык директору менен Кеңештин мүчөлөрүни бекитет. 


Роза Исаковна, 8-Март күнүнө карата биздин айым окурмандарыбызга каалоо-тилектериңизди айтып өтөсүзбү! 


Мырзалар мыйзамдарды жазышат, ал эми айымдар коомдо мүнөздөрдү, нормаларды бекитет, деп айтылат. Аялдар жөнүндө улуу сөздөр айтылганда, андан таза ой, туура иштерди күтүшөт. Бизде бийликте отурган айымдар аз эмес. Аларга көптөгөн жаш кыздардын көнүлү кадалган. Андыктан алар коомдун көнүлүн калтырбоо керек. 


Шаардагы, айылдагы бардык кыздарыбызга өздүк өсүүгө талыкпай эмгектенип, чындап окуп, изденүүгө жол алууну каалайм. Сиздерге эч ким тоскоолдук жаратпайт, өз тагдырынар өз колуңарда. Башка тилдерди багындырып, машина айдаганды үйрөнүп, бардык техниканы мыкты өздөштүргүлө. Аялдар Кыргызстанда – коомдун эң билимдүү бөлүгү, балдарыбыздын келечеги биздин колубузда. 


Аялдар биздин мамлекетте – коомдун үмүтү, гүлдөр жана жаздын жылуулугу алардын кыялдарын жана кайгыларын жылытсын. Алардын көзүндө от жана кубаныч жанып турсун. Аялдардын эргүүсү жана кубаты ушул жылы жакшы өзгөрүүлөрдүн өзөгү болсун! 


knews.kg