«Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын өнүктүрүү программасын алга илгерилетүүгө көмөктөшүү»

March 30, 2014, 06:00


«Мектеп тамак-ашы билимдин сапатына түздөн-түз көмөктөшөт...
күн сайын берилген тамак балдардын сабакка келишин жана концентрациясын жогорулатат»

КРда мектеп тамак-ашынын улуттук программасынын концепциясы. ВПП Долбоору, Кыргыз Республикасы, Бишкек 2013б 11-б.

 

 

 

Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга ылайык, ар бир бала тиешелүү тамак-ашка укуктуу. Тамак-аштын жетишсиздиги балдар арасында өлүмгө учуроонун 45%ы менен байланышкан.

 

Өлкөбүз, мамлекетибиз, ар бир ата-эне, ар бирибиз баланын ойдогудай тамак-ашы жөнүндө камкордук көрүүгө тийишпиз. Ошондуктан, мектеп тамак-ашы да зор роль ойнойт, анткени балдар күндүн көп бөлүгүн мектепте өткөрөт. Мектеп тамак-ашынын маселелери жагынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду иш алып барууда.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ бул процессте кыйла роль ойноп, КР Өкмөтү, КР Жогорку Кеңеши, ООН ВПП, тармактык министрликтер жана ведомстволор менен, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү, ЖӨБО жана мектеп админитңстрациялары менен тыгыз өз ара аракеттенип, мектеп тамак-ашын жакшыртуу маселелерин жактап, алга илгерилетүүдө.

 

Фонд «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоору боюнча ООН ВППнын аткаруучу өнөктөрүнүн бири болуп саналат.

 

 

Долбоорду турмушка ашыруу орду: Кыргыз Республикасынын ООН ВПП тандаган 5 пилоттук облусу.

 

1. Ысык-Көл облусу: Жети-Өгүз жана Ак-Суу


2. Нарын облусу: Кочкор, Нарын шаары жана Ак-Талаа


3. Ош облусу: Араван, Ош шаары жана Ноокат


4. Жалал-Абад облусу: Сузак жана Базар-Коргон


5. Баткен облусу: Кадамжай, Лейлек и Баткен райондору


 

Долбоордун узактыгы: 6 ай (2014-жылдын январы – 2014-жылдын июну)


 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын иши төмөнкүдөй максаттарга жетишүүдө турат:

 

1. Калкка (балдар, ата-энелер, мектеп администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) маалымдоо жана маалымдар болушун арттыруу. Көпчүлүк адамдар сапаттуу мектеп тамак-ашы жөнүндө, анын принциптери жөнүндө, сапаттуу тамак-ашсыз ыктымалдуу болгон кесепеттер жөнүндө таптакыр маалымдар эмес. Мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 475 миллион сом: кенже класттардын бир окуучусуна бир күнгө 7 сом жана бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зонада жашаган окуучуга 10 сом бөлүнөт. ООН ВПП өз кезегинде бир окуучуга наркы 1сом 80 тыйын турган унду жана мектеп ашканасынын техникалык жабдууларын берет. Балдарга таза тамак-аш бериле турган болсо, ата-энелер күн сайын дагы 2-3 сом кошумча төлөөгө даяр. Бул жакшыртылган тамак-аштын үч түрүнүн бирин берүүгө көмөктөшө алар эле.

 

2. Бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу. Негизги идея мектеп тамак-ашын акырында кантсе да балдар алышында турат. Анткени улуттун келечеги дени сак жана бактылуу балдарда турат.

 

3. Сатып алуулар процессин жөнгө салган ченемдик актыларды кабыл алуу аркылуу мектеп тамак-ашы үчүн жүргүзүлүүчү сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу. Негизги жүйөө: сатып алуу процессин иретке келтирүү, сатып алуунун ачыктык, калыстык жана объективдүүлүк сыяктуу принциптерин сактоо. Таламдаш адамдардын: ата-энелердин, жамааттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сатып алуу процессине байкоочу, баяндамачы катары ж.б. тартылышы.

 

4. Мектеп тамак-ашын уюштуруу боюнча ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу. Институционалдык эске тутуу орнотулууга тийиш. Мамлекет негизги бенефициар катары мектеп тамак-ашын андан ары бардык жерде киргизүү, имплементациялоо жана мониторинги боюнча демилгени алууга тийиш.