Психологиялык талдоо боюнча өткөрүлгөн «Ата-энелер – балдар: чыр-чатакты кантип башкаруу керек» тренинги жөнүндө отчет

March 7, 2014, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-мартында Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде психологиялык талдоонун негиздери боюнча тренинг өттү. Тренингди Психологиялык талдоо институтунун (Алматы ш., Казакстан) директору педагогикалык илимдердин доктору Анна Кудиярова алып барды. Арабаев атындагы КМУнун, БМУнун педагогдору жана аспиранттары, Кризистик борбордун, «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунун, Кыргыз билим берүү академиясынын, шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери жана башкалар тренингдин катышуучусу болуп калды. Тренинг аяктагандан кийин бардык катышуучулар тренингден өткөндүгү жөнүндө сертификат алды.

 

Соңку бир нече жылдагы статистика мектеп окуучуларынын арасындагы өз жанын өзү кыюу учурлары көбөйгөндүгү жөнүндө айтып турат, мектептеги чыр-чатак жана зомбулук көйгөйү тиешелүү мамлекеттик органдардын арасында, ошондой эле ЖМКларда жана балдарды коргоо чөйрөсүндө иштеген НПОлордо туруктуу талкуунун предмети болуп калды. Ошондуктан Фонд Арабаев атындагы КМУ менен бирдикте ата-энелер-балдар, педагогдор-балдар, балдар-балдар деген ар кандай деңгээлдерде чыр-чатактарды чечүүдө педагогдорго жана ата-энелерге психологиялык талдоонун негиздеринин көмөгү менен кантип жардам берүү керектиги жөнүндө тренинг уюштурду.

 

6-мартта тренинг психологиялык талдоо деген эмне экендиги, психологиялык талдоочу психологдон эмнеси менен айырмалана тургандыгы жөнүндө киришүү лекциясы менен башталды. Лектор психолог пациентке анын айланасындагы чындыкка ыкташууга жардам берет, психологиялык талдоочу муктаж адамга кризистик кырдаалдан чыгуунун вариантын же кала берсе өкүм сүргөн көйгөйдү чечүүнүн бир нече вариантын берүүгө тийиш деп айтып берди. Борбордук Азия регионунда психологиялык талдоо кызматтары өнүккөн эмес. Психологиялык кызмат жана жардам да өнүгүүгө жана кошумча билимге муктаж. Бул Кыргызстандын түштүгүндөгү куралуу жаңжалдын курмандыктарына жардам берүү үчүн психолог адистер, психологиялык талдоочулар керек болгон учурдагы 2010-жылдагы каргашалуу окуялардын мисалында айкын көрүндү.

 

7-мартта тренингде депрессия, өз жанын кыюу тобокелдиги сыяктуу коркунучтуу «зонадагы» балдарды аныктоо жөндөмдөрү машыктырылды. Катышуучулар жардамга муктаж болгон пациенттердин категориясын кантип таануу керектиги менен таанышты. Кырдаалды болжолдоого, татаал жагдайга дуушарланган адамга – балага/өспүрүмгө/аскер кызматчысына жардамдын ченемин аныктоого мүмкүндүк берген суроолор менен иштөө жөндөмдөрү иштелип чыкты. Тобокелдик зонасындагы өспүрүмдөрдү аныктагандан кийин машыктыруучу пациентке кантип жардам берүү керектиги – аны кантип сөзгө тартуу, көйгөйлөр жөнүндө бүткүл чындыкты айтуу керектиги, депрессия абалынан өзүн сактоо жана жашоону сүйүү механизмдери аракетке келген абалга чыгууда балага кантип жардам берүү керектиги жөнүндө айтып берди.