«Кытайлык өнөктөштөр менен китеп чыгаруу жаатындагы кызматташтык маселелерин талкууланды
June 12, 2026, 08:50
2026-жылдын 11-июнунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кеңсесинде Кытай Эл Республикасынын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу басмасынын делегациясы менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык өнөктөштөр Фонд менен көп жылдан бери калыптанган достук жана ишенимдүү кызматташтык мамилелерди жогору баалашарын белгилешти. Алар эки тараптын маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын өзгөчө белгилеп, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Тараптар Си Цзиньпиндин китебинин орус тилиндеги 5-томун жана кыргыз тилиндеги 3-томун таанытуу иш-чарасына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле китептерди которуу жана жайылтуу, китеп чыгаруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар алдыдагы китеп таанытуу иш-чарасына даярдык көрүү жана жаңы басма долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантуу тууралуу макулдашышты.





