Окуучулар үчүн жеке чек аралар жана зомбулуксуз мамиле куруу боюнча лекциялардын сериясы башталды

October 23, 2025, 17:05

2025-жылдын 22-октябрында Сокулук районунун окуучулары үчүн “Зомбулуксуз коммуникацияларды куруу, жеке чек аралар деген эмне жана аларды кантип коргоо керек?” долбоорунун алкагында маалыматтык лекциялардын сериясы баштады. Долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Мамлекеттик социалдык заказынын алкагында ишке ашырылып жатат.


Алгачкы лекциялар Кожомкул айылындагы Т. Касымбеков атындагы орто мектепте 7-8-9-класстардын окуучулары үчүн өткөрүлдү.


Маалыматтык-билим берүү лекциялары Сокулук районундагы бардык 46 мектептин 7-8-9-класстарынын окуучулары үчүн уюштурулат. Лекциялардын жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланат:

“Жеке чек ара деген эмне?”

“Зомбулуксуз байланыш кантип курулат?


Ошондой эле окуучулардын арасында зордук-зомбулукка жана суициддик маанайды байкоо максатында тестирлөө жүргүзүлөт.