Бишкекте көп тараптуу өнөктөштүк боюнча тренинг өтүп, аял-лидерлер жаңы билимдерди алышты
8 апреля 2025 г. в 05:53
2025-жылдын апрель айында Бишкек шаарында “Аялдар — тынчтыктын тиреги” долбоорунун алкагында “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн жогорку натыйжалуу көп тараптуу өнөктөштүктү түзүү” темасында эки күндүк тренинг болуп өттү.
Иш-чарага Баткен жана Лейлек райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, пилоттук айыл аймактарынын башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутат аялдары, долбоордун активисттери жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлары — Ош мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети жана Ош технологиялык институтунун окутуучулары катышты.
Тренингдин максаты: Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүүдө климаттын өзгөрүшүнө адаптация, гендердик теңчилик жана социалдык ынтымак боюнча көп тараптуу өнөктөштүктү түзүүнүн принциптерин үйрөтүү, катышуучулардын координация жана кызматташууну башкаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле өнөктөштүктүн негизги принциптерин практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар ТӨМга жетүүдө көп тараптуу өнөктөштүктүн маанисин талкуулашып, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, жарандык коом жана ишкер чөйрө менен эффективдүү кызматташуунун жолдорун иштеп чыгышты. Ошондой эле экосистемалык өнөктөштүк, адаптивдүү лидерлик жана сырткы чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө ыкчам реакция берүү тууралуу билимдер менен таанышты.
Илимий чөйрөнү өнөктөш катары тартуу аркылуу долбоор институционалдаштыруу багытында дагы чоң кадам жасады. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы долбоордун модулун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо программасына киргизүүдө. Бул өз кезегинде долбоордун таасирин кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Катышуучулардын пикирлери:
Иманалиев Д.Б., Баткен районунун акими:
“Бул долбоор аркылуу биз өнөктөштүктүн принциптерин терең үйрөнүп жатабыз. Өзгөчө климаттын өзгөрүшү, гендердик теңчилик жана социалдык биримдик өңдүү маанилүү багыттарда жаңы көз караштар пайда болду. Бул билимдер Баткен районунун гана эмес, бүтүндөй региондун туруктуу өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенем.”
Каримбердиева М.М., Лейлек районунун акиминин орун басары:
“Биз башынан бери бул долбоордун активдүү өнөктөшүбүз. Максаттуу айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына тынчтыкты бекемдөө, климаттык адаптация жана гендердик теңчилик компоненттеринин кошулушу — чоң жетишкендик. Ал эми активдүү топтордун демилгелерин гранттык колдоо аялдардын, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болду.”
Эки күндүк тренингдин жүрүшүндө пилоттук айыл өкмөт башчылары, депутат аялдар жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү бирдиктүү аракет менен ийгиликтүү өнөктөштүктүн негизги принциптерин – ишеним, ачык-айкындык, стратегиялык пландоо жана узак мөөнөттүү туруктуулук багытында бир пикирге келишти. Бул кызматташтык көпүрөлөрү тынчтыкты бекемдөөгө, коомдук биримдикти чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө багытталган маанилүү кадамдардан болуп калды.