Аялдар — тынчтыктын тиреги: Бишкекте өткөн диалогдо лидер айымдар климат жана тынчтык маселелерин талкуулашты

8 апреля 2025 г. в 14:51

2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы аялдар кыймылынын 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында лидер айымдар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт өкүлдөрү катышкан Диалог болуп өттү.


Бул иш-чаранын максаты — климаттын өзгөрүшү, тынчтык жана аялдардын саясий лидерлиги темаларынын кесилишинде инклюзивдүү диалог түзүү жана биргелешкен чечимдерди табуу болду.


Диалог БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 69-сессиясынын артыкчылыктуу темасына шайкеш келип, климаттык маселелер менен тынчтык курууда гендердик теңдиктин маанисин дагы бир ирет баса белгиледи.


Иш-чарага “Аялдар тынчтык тиреги” долбоорунун пилоттук аймактарынан келген лидер айымдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, активисттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Алар өздөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, аялдардын коомдук жана саясий турмушка активдүү катышуусу боюнча сунуштарын билдиришти.


Мисалы, Баткен районундагы Алтын-Бешик айылдык кеңешинин төрайымы Айчүрөк Матраимова аялдардын лидерлигин алдыга жылдыруу жана климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташуу боюнча практикалык сунуштарын айтты.


Диалог учурунда активдүү айымдар — Камалова Райхан (Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаты, Лейлек району) жана долбоордун координатору, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директорунун орун басары Арстанбек Сагынтай уулу — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы менен сыйланышты.


Бул диалог Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик маселелери боюнча Кеңештин, Аял-депутаттар форумунун, климаттын өзгөрүшү шартында туруктуу өнүгүү боюнча Кеңештин, парламенттик өкүлдөрдүн Азия форумунун алдындагы калк жана өнүгүү боюнча улуттук комитеттин жана Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жумушчу топтун колдоосу менен уюштурулду.


Жыйынтыгында, диалог аялдардын тынчтык курууда, климаттык өзгөрүүлөргө каршы аракеттенүүдө жана саясий процесстерге катышуусунда маанилүү ролун дагы бир жолу көрсөтүп, бул багыттагы мыйзамдык жана институционалдык чараларды бекемдөөгө салым кошту.