“Ырдагы өмүр” поэзия кечесинде маркум акындар эскерилди

May 31, 2024, 14:03

2024-жылдын 31-майында А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында көзү өтүп кеткен акындарды эскерүү максатында уюштурулган “Ырдагы өмүр” поэзия кечеси болуп өттү. Аталган иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан ишке ашырылды.


Маркум акындар Вячеслав Шаповалов, Манап Алиев, Турсунаалы Бостонкулов, Алик Акималиев, Гулжамила Шакирова, Айгүл Узакова, Барчынбек Бугубаевдердин ырларын жаш акындар  Чолпон Орозалиева, Эсенгул кызы Асел, Руслан Байдылдаев, Атай Айбеков, Кубаныч Жамадилов, Кудайберди кызы Асел окуп беришти. Кечени А. Осмонов атындагы сыйлыктын лауреты, акын Алытнбек Исмаилов жана акын Ырысгүл Изатова алып барышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө КР Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лаурэаты Саламат Садыкова комуз менен обондуу ырларын аткарып берди. Андан сырткары Барчынбек Бугубаевдин жубайы жетектеген Барчынбек Бугубаев атындагы “Топ жылдыз” адабий ийрими хор ырдап, Гулжамал Шакирова негиздеген “Бул ырчылар мурда, кайда эле?” тобунун мүчөлөрү, Маданияттын мыкты кызматкери Раатбү Санатбаева, Раима Исаева, Нуржан Түмөнбаева да акындардын калемине таандык ырларын обон созушту.


Поэзия кечеси көзү өтүп кеткен акындардын тааныштары, чогуу иштешкендери, бирге окуган жолдоштору жана жакындарынын эскерүүлөрү менен коштолду. Филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы Осмонакун Ибраимов Айгүл Узакова, Алик Акималиев, Вячеслав Шаповалов менен жакын санаалаш болгонун эскерди. “Алик Акималиев Сооронбай Жусуев, Омор Султанов сыяктуу алп модернист акындардан кийин эле пост-модернизмди жараткан акын болду. Айгүл Узакованын жүрөгү ооруйт эле, баламды татыктуу чоңойтуум керек деп, ажал менен күрөшүп жүрүп “кое тур, азыр менин көп ишим бар, көп жазышым керек, балам али кичине” дегенсип абдан курч ырларды жаратты. Шаповалов чоң окумуштуу эле, кыргыз эли үчүн көп котормолорду жазып ат көтөргүс эмгек кылып кетти”,-деп замандаштары тууралуу Осмонакун Ибраимов эскерди.


“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, "Алтын калем" адабий сыйлыгынын лауреаты, журналист Бурулкан Сарыгулова акын Гүлжамал Шакирова тууралуу кеп салып, анындын кадыр-баркы калемдештеринин арасында гана эмес эл-журттун урматына ээ болгон адам болгонун айтты. “Анын жүрөгү Манас деп согуп, балдарды аябай жакшы көрчү, бешик ырларын да көп жазчу.”,- деп Бурулкан Сарыгулова акындын калемине таандык “Бешик ырын” окуп берди.


Барчынбек Бугубаевдин кызы Баесжан Бугубаева атасынын ырларын окуп берип, көрүүчүлөр акындын уучу кур эмес экен, таланттуу адамдын тукуму да талантуу болот эмеспи деген пикирлерин калтырышты.


Кеченин соңунда Филология илимдеринин доктору, Профессор Лайли Укубаева, Акын, адабиятчы, Юридика илимдеринин кандидаты Жедигер Саалаев, акындардын жакындары, бир туугандары жана замандаштары эскерүүлөрү менен бөлүшту. Бул акындар рамкага сыйбаган, таланты ташкындаган, ыр деп өмүр сүргөн акындар болгонун айтып “Ырдагы өмүр” Поэзия кечесин уюштурган КР Улуттук Жазуучулар союзуна жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондуна көзү өтүп кеткендерге сый-урмат көрсөтүп эстеп турганы үчун ыраазычылыгын билдиришти.