Фоддун өкүлдөрү «Жол картасы» долбоору боюнча ПРООНдун консультацияларына катышты

November 22, 2023, 22:29
Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Фонддун өкүлдөрү тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын «Жол картасынын» долбоору (2023-2027-жж) боюнча ПРООНдун консультацияларына катышты. Жолугушуу Кыргызстандын мамлекеттикэл аралык жана коомдук уюмдарынын катышуусу менен өттү.

 

«Жол картасы» – бул тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча аракеттердин планы, ошондой эле глобалдык жана региондук деңгээлде тоо күн тартибинин өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргызстандын кызматташтыгы. «Жол картасынын» артыкчылыктары болуп калктын жашоосунун сапатын жакшыртуу, тоо экотутумдарын коргоо, климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптациялоо боюнча чаралар саналат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун өкүлү Чынара Абдраимакунова Фонд Баткен областында ишке ашырып жаткан климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптациялоо боюнча иш жөнүндө маалымат берди жана климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптациялоо боюнча күч-аракеттерди жана чараларды бириктирүүнү сунуш кылды.

 

Иш-чарада айтылган сунуштар Жол картасын ишке ашыруу боюнча иште эске алынат, ал эми иш-чараны жүргүзүү фактысынын өзү күч-аракеттерди координациялоону жакшыртат жана кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн тартылуусун жана келечегин көрсөтөт.