Баткен районунда «Конок үйлөрүн ачуу – Баткен облусунда туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө» темасында семинар болуп өттү

November 23, 2023, 22:27

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Баткен облусттук мамлекеттик администрациясында  «Конок үйлөрүн ачуу – Баткен облусунда туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө» темасында семинар уюштурду. Семинарга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова жана фонддун кызматкерлери, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык, инвестициялар жана туризм бөлүмүнүн башчысы Азизбек Адылбеков,  КР Экономика жана соода министрлигине караштуу туризм департаментинин өкүлү Назгүл Акжолова, КРдагы Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти Болот Дыйканбаев, Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын долбоор координаторлору Курманжан Закирова жана Жибек Жумабекова, ЮНИСОН ГРУПП уюмунун өкүлү Нурлан Ирисов, жалпысынан 80 ден ашык конок үйлөрүн ачууга кызыкдар жарандар, активист айымдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.       


Алгач Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова сөз сүйлөп иш-чаранын максаты, долбоордун алкагында жүрүп жаткан иштер, алдыда аткарылчу кадамдар боюнча кеңири маалымат берди. Андан соң  КР Экономика жана соода министрлигине караштуу туризм департаментинин өкүлү Назгүл Акжолова Баткен облусунун туристтик дарамети жана департаменттин региондогу  иш-аракеттери боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын долбоор координаторлору Курманжан Закирова жана Жибек Жумабекова конок үйлөрүн ачуудагы негизги кадамдар жана  ийгиликтүү конок үйлөрүн иштетүүнүн эрежелери тууралуу маалыматтарды беришти.  Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын өкүлдөрү конок үйлөрүн иштетүүдө жана жергиликтүү деңгээлде туризмди өнүктүрүүдө аялдардын ордун Кыргызстандын башка региондорундагы ийгиликтүү мисалдар менен түшүндүрүп беришти. Ал КРдагы Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти Болот Дыйканбаев конок үйлөрүн, туристтик объекттерди ачууну максат кылган жарандар үчүн Туризмди өнүктүрүү Фондунун финансылык, техникалык жана консультациялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кызыктуу маалыттарды берди. ЮНИСОН ГРУПП уюмунун өкүлү Нурлан Ирисов турист тозуучу турак жайларда жана жеке үйлөрдө энергиялык жана ресурстук жактан эффективдүү ченемдерди киргизүү,туруктуу өндүрүш жана керектөө боюнча көрсөтмө материалдар менен практикалык маалыматтарды берди. Иш-чаранын мазмуну катышуучулар тарабынан абдан чоң кызыгууну жаратып, көптөгөн суроолорго жооп ала алышты. Кара-Булак айылынын тургуну Назирова Райла иш-чара үчүн ыраазычылыгын билдирүү менен Айгүл-Тоо коругунун жергиликтүү туризм үчүн  маанилүүлүгү тууралуу сөз сүйлөдү.    


Иш-чарада  Президенттин облустагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков Фондго көп жылдан берки биргелешип ишке ашырылган долбоорлордун жергиликтүү калк үчүн маанүүлүгүн белгилөө  менен региондогу туризмди өнүктүрүүгө багытталган бул демилге үчүн ыраазычылык билдирди. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев  оз кезегинде иш-чаранын райондук бийлик органдарынын иш-пландарына шайкеш келээрин белгилеп, райондук туризм боюнча кийинки кадамдарды дагы долбоор менен биргелешип ишке ашырууну сунуштады.


Тандалып алынган катышуучулар атайын окутуулардан өтөт. Окутуулардын жыйынтыгында конок үй ачууну пландаган катышуучуларды ар тараптуу колдоолор каралаган. Бул иш-чаралар "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алгында өткөрүлмөкчү. Долбоордун негизги максаттарынын бири жигердүү аялдардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу процессине катышуусун жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун алкагында климаттын өзгөрүүсүн эске алган айыл чарба, туризм, билим берүү тармактарындагы жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелер колдоого алынат. Кыргызстандын бир канча региондорунда конок үйлөрү  ийгиликтүү иш алып барып, туризмдин өнүгүүсүнө салып кошууда. Бирок тилекке каршы Баткен облусунун калкы бул багытта кошумча билимге жана тажрыйбага муктаж. Облуста жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкталган туризм багытын өнүктүрүү  жашыл экономикага, климаттын өзгөрүүнө даяр болууга жардам бермекчи.


Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, БУУ Кыргызстандагы Аялдар түзүмү, БУУнун Азык-түлук жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте Тынчтык куруу фондунун колдоосунда "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” аттуу долбоорунун алкагында ишке ашты. Долбоор Баткен жана Лейлек райондорундагы 9 айыл аймакта ишке ашырууда. Баткен районунун Дара,Кыштут, Төрт-Күл, Кара-Булак жана Суу-Башы айыл аймактары долбоорго пилот катары тандалып алынган.