Мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун масштабдоо жана өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну тездетүү боюнча Баткен облусундагы ориентациялык кеңешме

December 21, 2023, 22:21

Мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун масштабдоо жана өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну тездетүү боюнча Баткен облусундагы ориентациялык кеңешме.


21-22-декабрь 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң залында 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну тездетүү маселелерине арналган ориентациялык кеңешме өтөт. Иш-чара ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун масштабдаштырууга жана аймактагы жарандардын саламаттыгын сактоо маселелерин чечүүгө арналат.


Иш - чаранын максаты-катышуучуларды маалымдоо жана аларды бир нече негизги программаларды, анын ичинде КР 2026-жылга чейинки өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, "мектепке чейинки билим берүүдөгү өкмөттүк акселераторлор" программасын, ошондой эле гендердик теңчиликке жетишүү жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча стратегияларды ишке ашырууга активдүү катышууга тартуу.


Иш-чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М. Исаков, КР Президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А. Р. Чыныбаева жана КР Саламаттык сактоо министри А. С. Бейшеналиев, ошондой эле Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана эксперттер катышат. Мындан тышкары иш-чарага 9 пилоттук айыл аймактын башчылары, активдүү аялдар уюмдары жана айылдык кеңештин өкүлдөрү катышууда.