STEM4All&MentoringHer долбоорунун алкагында STEM тармагындагы менторлор менен ментилердин жолугушуусу болуп өттү

December 21, 2023, 22:18

2023-жылдын 19-декабрында И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде STEM4All&MentoringHer долбоорунун менторлору жана ментилеринин биринчи жолугушуусу өттү.Иш-чарага аймактардан катталган катышуучулар да онлайн катышышты.


STEM4All&MentoringHer БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы тарабынан демилгеленип,Япония Өкмөтү каржылаган  Digital x долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан ишке ашырылууда.


Жолугушуунун максаты Программага катталган устаттар жана шакирттер ортосунда олуттуу байланыш түзүү жана STEM мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо, ошондой эле STEM4ALL x Mentoring насаатчылык программасы тууралуу айтып берүү.


Жолугушууда иш-чаранын модератору, гендердик эксперт Нора Суюналиева эмне үчүн келечек кесиптеринде STEM (Илим-Технология-Инженерия-Математика)  маанилүү экендиги тууралуу жана илим,технология жана инновация тармактарына кыздарды тартуунун зарылчылыгы жөнүндө  презентация жасады.


БУУӨП Кыргызстандын Акселератор лабораториясынын эксперимент жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Женни Жениш кызы STEM келечек кесиптери үчүн санарип жана жашыл трансформацияларга мүмкүнчулүктөрдү ачаарын белгиледи.БУУӨПтүн "Кыргызстандагы аялдардын керектөөлөрүн баалоо" (2023) акыркы отчетуна ылайык, аялдар окуу жана карьералык өсүү процессинде ментордук колдоого муктаж. Бул насаатчылык программасы аялдардын муктаждыктарын эске алуу менен демилгеленген.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова долбоордун катышуучуларына ийгилик каалап, Программа алкагында берилген мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу пайдаланып калууга чакырды.


Долбоордун эксперти Асель Джакыпбекова долбоор алкагында өткөрүлө турган лекциялардын программасы менен тааныштырып, “жумшак”/soft көндүмдөрдүн STEM тармакта өнүгүү үчун зарылдыгы тууралуу айтып берди.


Бул Ментордук жолугушуулардын биринчи тобу эле. Бүгүнкү күндө программада 191 менторлор жана 160 ментилер катталды. Программага катышууну каалаган айымдар менен кыздар үчүн каттоо уланып жатат.


КАТТАЛУУ ҮЧҮН ШИЛТЕМЕЛЕР:

Менторлор/насаатчылар үчүн: https://forms.gle/CnffLkd31izuXhRm6 

Ментилер/насаат алуучулар үчүнhttps://forms.gle/ph26wZ1ckrCRjvan8 

STEM4ALL насаатчылык программасы боюнча суроолоруңуз болсо, долбоордун координатору stem4all@roza.kg менен байланышыңыз.

ЖМК үчүн байланыш - Айнагуль Абдрахманова, ПРООН, ainagul.abdrakhmanova@undp.org 


STEM4ALL x Mentoring Her долбоору Кыргызстандагы БУУӨПтүн демилгеси менен Япония өкмөтү каржылаган Digital x долбоорунун алкагында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан ишке ашырылууда.