Үй-бүлөлүк гендердик зомбулукту четтетүү боюнча жергиликтүү комитеттердин ролу

January 18, 2024, 22:15

11-январда Үй-бүлөлүк гендердик зомбулукту четтетүү боюнча комитеттин мүчөлөрү үчүн экинчи тренинг өттү. Тренингде гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук жагынан кырдаалдын жана мыйзамдардын баяндамасы сунуш кылынды. Андан соң үй-бүлөлүк зомбулуктан кайтаруу жана коргоо субъекттеринин функциялары менен ыйгарым укуктары жана Үй-бүлөдөгүк зомбулукту четтетүү боюнча комитеттин (ҮЗЧК) ишинин принциптери каралды.

 

Машыктыруучу ҮЗЧКнын максаттарын, милдеттерин жана функцияларын, ошондой эле ҮЗЧКнын субъекттери менен өз ара аракеттенүү маселелерин кең-кесири талдады.

 

Тренингдин экинчи бөлүгүндө ҮЗЧКнын ишин пландаштыруу жана ар бир субъекттин өңүтүндө ҮЗЧКнын ишинин кең-кесири графигин иштеп чыгуу боюнча топтордо практикалык иш жүргүзүлдү. Мисалы, социалдык кызматкерлер, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор, участкалык инспекторлор, мектептердин директорлору жана башкалар кандай иштерди жүргүзө алат.

 

Машыктыруучу тренингдин катышуучуларынын суроолоруна, атап айтканда, кайтаруу ордеринин маанилүүлүгү жөнүндө жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын ар кандай жана ар бир кайрылуусун укук тартип органдарында өз учурунда каттоонун зор мааниси жөнүндө суроолоруна жооп берди. Анткени кайтаруу ордеринин маанилүүлүгүн түшүнбөгөндүк, ошондой эле ИИМ кызматкерлери курмандыктардын кайрылууларын этибарга албагандыгы оор кесепеттерге алып келет.

 

Белгилеп кетүү керек, гендердик зомбулуктун алдын алууда ҮЗЧКнын ишинин маанилүүлүгүн жана ар бир активисттин жана ҮЗЧКнын мүчөсүнүн ролун дал түшүнбөгөндүк көп учурда кайгылуу окуяларга алып келет. Ошондуктан жергиликтүү комитеттердин курамына дал активдүү, көңүлкош эмес жарандар кириши ушунчалык маанилүү.

 

Токмок шаарынын ҮЗЧКсы менен иштөө 2024-жылдын 26-январында улантылат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ҮЗЧКнын мүчөлөрүнүн жана Токмок шаарынын активисттеринин гендердик сезимталдыгын жогорулатуу аркылуу Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүү долбоорун АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен ишке ашырып жатат жана финансылык колдоосу үчүн АКШнын Элчисине жана Мамлекеттик департаментке ыраазычылык билдирет.

 

Мында айтылган пикирлер, тыянактар жана корутундулар же сунуштамалар авторлордун пикирлерин билдирет жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин көз карашын сөзсүз эле чагылдырбайт.