Ивановка айыл өкмөтүндө үй-бүлөлөр үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча тренинг старт алды

November 1, 2023, 21:56

1-ноябрда Ивановка айыл өкмөтүндө «Татыктуу Жашоо - Жизнь в Достоинстве» долбоорунун жана ушундай аталыштагы методологиянын алкагында 15 үй-бүлө үчүн финансылык сабаттуулук, үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу жана үй чарбаларынын экономикасын чыңдоо боюнча тренингдер өттү.


«Татыктуу Жашоо» долбоору 2: социалдык жана экономикалык бөлүктөн турат. Сексуалдык жана гендердик зомбулукту четтетүү боюнча тренингдердин биринчи бөлүгү 2023-жылдын август – октябрында өткөн. Экинчи бөлүк экономикалык укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга, ошондой эле балдар үчүн киреше алып келүүчү ишти өнүктүрүүгө багытталган.


International Alert’тин Борбордук Азия боюнча директору Шакират Токтосунова буларды белгиледи: «Бул пилоттук долбоор жана биздин методологиябыз сексуалдык жана гендердик зомбулукту четтетүүдө жаңы ыкманы билдирет. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга карата биздин ыкмабыз үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү: кайын эне, кайын ата, келин жана күйөө менен иштөөдө турат. Биздин методологиябыз өз бизнес-идеяларды андан ары ишке ашыруу үчүн үй-бүлөдө келиндин атына гранттарды берүү аркылуу аялдын социалдык-экономикалык статусун жогорулатууга жардам берет».


«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова буларды кошумчалады: «Биз үй-бүлөдө аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп жана финансылык сабаттуулук жөндөмдөрүн бекемдеп, кыз-келиндер үй чарбаларынын жана бүтүндөй алганда коомдун экономикасында негизги ролду ойной турган келечекке өз салымыбызды кошо алабыз деп эсептейбиз».



2023-жылдын ноябрынан тартып долбоордун экинчи бөлүгү ишке ашырылат, ал үй чарбаларынын экономикасына айымдардын салымын өнүктүрүүгө, үй-бүлөлүк бюджетти жана аманаттарды сабаттуу бөлүштүрүү аркылуу үй чарбаларынын финансысын мыкты башкарууга багытталган.


КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен өз бизнес-идеяларын ишке ашырууга чакан гранттарды алууга 2024-жылдын январындагы конкурска катышуу үчүн Ивановкада жана Ошто үй-бүлөлөр тандап алынды. Министрликтен социалдык камсыз кылууну алуучулардын ичинен бул үй-бүлөлөр долбоордун сессияларына катышат, ал жерде акысыз бизнес-консультацияларды ала алат.


Маалымат үчүн:

Долбоор Улуу Британия өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «ДИА» коомдук фонду менен өнөктөштүктө International Alert эл аралык уюму тарабынан 2022-жылдын июлунан тартып 2025-жылдын мартына чейин ишке ашырылат. Социалдык-экономикалык чөйрөгө кыз-келиндердин катышуусуна көмөктөшүү аркылуу аларга карата үй-бүлөлүк зомбулукту четтетүү максатында долбоор 30: Ивановкада 15 жана Ошто 15 максаттуу үй-бүлөнү колдоого эсептелген.


Бул долбоор эл аралык өнүктүрүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Долбоордун алкагында айтылган пикирлер Улуу Британия өкмөтүнүн расмий көз карашын сөзсүз эле чагылдыра бербейт.