Фонд ТИКА менен кызматташтыкты улантат

October 24, 2023, 23:13

2023-жылы "24-октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун аткаруучу директору Р.Ж. Кайыкованын Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программаларынын жаңы координатору Мехмет Бодур менен жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Роза Кайыкова Фонддун ишмердүүлүгү менен Түркия тарапты тааныштырып, уюмдун ишке ашырылып жаткан долбоорлору тууралуу айтып берди.


2014-жылдан тартып Фонд түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин Союзу (СЖОД), ТИКА муниципалитеттери менен бала бакчалардын педагогдорунун, тарбиячыларынын жана "Жайлоо өнүгүү борборлорунун"уюштуруучуларынын тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруу боюнча тыгыз кызматташып келет. 9 жылдын ичинде долбоор 18 800дөн ашык баланы, 6500 ата-энени, ошондой эле 1700 педагогду камтыды. Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүү мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу визиттери биздин мугалимдердин жана тарбиячылардын квалификациясын жогорулатууга жана балдарды окутуунун жана өнүктүрүүнүн жаңы алдыңкы ыкмалары жөнүндө билүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болду. 2016-жылдан бери 70ке жакын тарбиячылар педагогикалык тажрыйбасын кеңейтип, байыта алды ошондой эле Түркиянын бай маданияты жана тарыхы менен таанышышты.


Учурда Фонд бул алмашуу программаларына катыша алган Педагогдор, тарбиячылар менен тыгыз байланышта болуп, алган билимдерин жана тажрыйбаларын практикада колдонууга мониторинг жүргүзүүдө. Алардын дээрлик бардыгы жай мезгилинде биздин Жайлоодогу бала бакчаларда тарбиячы жана мугалим болуп иштөөнү улантышууда. Белгилей кетчү нерсе, бул алмашуу сапарларынын катышуучуларынын дээрлик 80 пайызы биринчи жолу чет өлкөдө болуп, Түркияны таанып-билүү туруна чыгышкан.


Мехмет Бодур мырза мындан аркы кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип, өнөктөштүк боюнча өзүнүн көз карашы менен тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу, Фонддун долбоорлору боюнча кошумча материалдарды берүү пландары белгиленди.  Фонд ишке ашырып жаткан долбоорлорду иликтегенден кийин Мехмет Бодур Мырза фонддун биздин кеңседеги ишмердүүлүгү менен таанышуу ниетин билдирди.


Мындан ары жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз.