STEM4ALL өнөктөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

September 19, 2023, 23:07

Шейшембиде, 2023-жылдын 19-сентябрында STEM4ALL өнөктөрүнүн Билим берүү жана илим министрлиги менен жолугушуусу болуп өттү.

 


Иш-чара STEM коомдоштугуна негизги кызыкдар тараптарды табууга багытталган. Иш-чарага ПРООНдун региондук кеңешчиси катышты, ал өнөктөрдүн демилгелери жана региондук деңгээлде STEM’ди алга илгерилетүүгө алардын таламдаштыгы жөнүндө көбүрөөк биле алды.

 


Жолугушууда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун атынан Фонддун аткаруучу директору Д.Ш.Кендербаева иш алып барды, ал презентация менен сөз сүйлөдү жана Фонд өзү түзүлгөн учурдан тартып СТЕМ идеяларын колдоп жана бул жагындагы долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

 


Эң башкысы, гендердик паритетти STEM’ге алга илгерилетүү бардык негизги кызыкдар тараптар менен кызматташтыкта жүзөгө ашырылууга тийиш. ПРООН кызыкдар тараптардын ортосундагы диалогго көмөктөшүүгө жана STEM жагынан кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө даяр экендиги кубандырбай койбойт.